Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Чехия Украинаны калыбына келтирүүгө жылына 40 млн евро бөлөт


Ян Липавский
Ян Липавский

Чехиянын өкмөтү 2026-2030-жылдардын аралыгында Украинаны калыбына келтирүү программасын жактырды. Анда Украинага төрт жыл бою жылына 1 млрд крондон (40,8 млн еврого жакын) акча бөлүү каралганын чех Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Европа чындыгы" басылмасынын маалыматына караганда, 2023-жылдан 2025-жылга чейин бул программанын алкагында Прага 500 млн крондон бөлүп турду.

"Украинаны колдоо Чехия үчүн негизги мааниге ээ. Бул Украинага жардам болот, ошол эле учурда биздин коопсуздугубузду чыңдайт. Чехия Украинага аскердик гана эмес, гуманитардык жардам жана калыбына келтирүү үчүн да жардам бериши маанилүү. Бул биздин жеке кызыкчылыгыбызга да шайкеш келет", - деди чех тышкы иштер министри Ян Липавский.

Анын айтымында, Украинаны калыбына келтирүү программасынын алкагында Чехия Евробиримдиктин фондунан да 4 млрд крон (163 млн евро) алат. Каражат Украинанын маанилүү инфраструктурасын калыбына келтирүүгө жана ооруканаларды жаңылоого жумшалат.

1 млрд крондун 500 млну (20,4 млн евро) Улуттук өнүгүү банкына берилет, калганы ИИМ, Билим берүү жана Өнөр жай министрликтерине бөлүнөт.

Улуттук банкка бериле турган 500 млн крон Украинаны калыбына келтирүүгө, мындан тышкары Молдовадагы украин качкындарын колдоого сарпталмакчы.

Шерине

XS
SM
MD
LG