Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Сентябрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

ИИМ Камчы Көлбаевдин жакын кишиси Москвадан кармалганын билдирди


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги криминалдык чөйрөдө “Узун Улан” каймана аты менен белгилүү 1972-жылы туулган Б.У.К. аттуу Кыргызстандын жараны Москвада кармалып, алып келингенин 4-сентбярда билдирди. Маалыматка караганда, шектүү оор кылмыштарды жасаган үчүн мурда бир нече жолу соттолгон жана мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган.

Министрликтин билидиришинче, Б.У.К. аттуу жаран кримтөбөл, маркум Камчы Көлбаевдин жакын, ишенимдүү адамы болгон жана анын жеке коопсуздугуна жооп берген.

"Ал бир нече жолу криминалдык чыр-чактактарга катышкан, андан сырткары, “общак” кылмыш казынасын толтуруу максатында ишкерлерден коммерциялык фирмаларды жана кыймылсыз мүлктөрдү опузалоо менен тартып алчу. Б.У.К., 2019-жылы Бишкек шаарынын аймагында башка бирөөнүн өзгөчө ири өлчөмдөгү мүлкүн ээлеп алууга жана каракчылык менен кол салууга айыпталууда. Жабырлануучу чет өлкөнүн жараны болгон ишкер", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Шектүүнүн жакындары жана жактоочусу комментарий бере элек.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) 2023-жылы 4-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) атайын операциясында өлтүрүлгөн. Мүлкү мамлекеттин карамагына өткөн. Ошондон бери аны менен байланышы бар делген бир катар адамдар камалып, айрымдары абактан чыккан.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев ошондон бери уюшкан кылмыштуу топ менен аёосуз күрөшүп жатканын, мындан ары Кыргызстанда “мыйзамдагы ууру” деген түшүнүк болбой турганын кайталап келет.

ИИМ ушул жылдын июнь айында Ысык-Көл облусунда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү, иниси кармалганын билдирген. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG