Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери И.С.К. пара талап кылуу фактысы боюнча шектелип жатканын кабарлады. Атайын кызматтын 4-сентябрда тараткан маалыматына караганда, шектүүлөрдүн үстүнөн Кыргызстандын жарыны арызданып, судья жазык иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 4 миң доллар акча каражатын опузалап талап кылганын билдирген. Бул иште прокурор ортомчу катары катышканы айтылат.
"2025-жылдын 29-июлунда прокуратура кызматкери И.С.К. арыз ээсинен пара катары акча алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле күнү Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. батирине жашынып, дааратканада мурда пара катары алган акчасынын бир бөлүгүн өрттөп жиберген. Бул фактынын негизинде соттук-химиялык жана соттук-техникалык-криминалисттик экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында АКШ доллары түрүндөгү чет элдик банкноттор бар экендиги тастыкталган", - деп жазылат УКМКнын маалыматында.
Судьялар кеңеши С.Р.Ш. аттуу судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген. Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы менен кылмышка шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары (опузалап пара талап кылуу) менен айыпталып, тергөө аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 23-августа Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айыл аймагында эл менен жолуккан учурда соттордун ишине токтолуп, Бишкек шаардык сотунун үч судьясы “уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жазадан бошоткон” деген негизде кызматтан кеткенин билдирген. Ушул эле күнү ал ири суммадагы жемкорлукка аралашкан Оштогу судьянын окуясын айтып берген.
Шектүү тарап жана адвокаттар комментарий бере элек.(КЕ)
Шерине