Кыргыз өкмөтү иштетилбеген же одоно майдаланган, таарып кесилген же башка ыкма менен тик бурчтуу, чарчы формадагы блокторго же такталарга бөлүнгөн акиташты (ракушечник) Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салды. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Документке ылайык, тыюнун мөөнөтү алты ай. Буга байланыштуу иштерди Экономика жана коммерция, Тышкы иштер министрликтери, Мамлекеттик бажы кызматы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы алып барат.
Ушул эле күнү Министрлер кабинети кара металлды Кыргызстандан ташып чыгууга убактылуу тыюу салган токтом кабыл алган. (КЕ)
Шерине