Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:59

Украина Запорожьедеги айыл орус күчтөрүнөн тазаланганын жарыялады


Украин аскери Алексей Довбуша орус армиясынан жакында эле бошотулган Благодатное айылындагы Маданият үйүндө илинип турган украин желегин оңдоп жатат. 17-июнь, 2023-жыл. Донецк облусу, Украина. "Эркин Европа/Азаттык радиосу"/Сергей Нужненко.
Украин аскери Алексей Довбуша орус армиясынан жакында эле бошотулган Благодатное айылындагы Маданият үйүндө илинип турган украин желегин оңдоп жатат. 17-июнь, 2023-жыл. Донецк облусу, Украина. "Эркин Европа/Азаттык радиосу"/Сергей Нужненко.

Украин бийлиги билдиргендей, Запорожье облусундагы алгачкы айыл орус күчтөрүнөн тазаланды. Буга чейин өлкө чыгышындагы Донецк облусунда жети калктуу конуш бошотулган. Запорожье облусунун Москва дайындаган губернатору Владимир Рогов жана кремлчил журналисттер Пятихатки айылын алдырганын ырастаганы менен Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке какты.

19-июндун таңында Украинанын коргоо министринин орун басары Анна Маляр куралдуу күчтөр Пятихатки айылын орус армиясынан тазалаганын билдирди. Бул тууралуу ал Телеграмга жазды.

Пятихатки украин армиясы орус күчтөрүнөн бошоткон Запорожье облусундагы алгачкы айыл. Дүйшөмбүгө караган түнү жасаган видео кайрылуусунда Украинанын президенти Владимир Зеленский Кремль орус коомуна басып алган аймактарды кантип жоготконун түшүндүрүүгө даяр болушу керек деп айтты.

"Орусия басып алган аймактарынын баарынан кол жууйт. Биздин деоккупация боюнча кадамдарыбызга альтернатива жок жана болбойт. Аскерлерибиз кадам артынан кадам жасап, позиция артынан позиция ээлеп, алдыга жылып баратабыз", - деди Зеленский.

Европадагы ири атомдук электр станция жайгашкан Запорожье облусунун айрым бөлүктөрүн Москва Украинага кол салгандан бир нече күндөн кийин, марттын башында өз карамагына алган. Октябрь айында мыйзамсыз аннексиялап алган. Аймактын Москва дайындаган губернатору Владимир Рогов жана кремлчил журналисттер Пятихатки айылын алдырганын ырастаганы менен Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты четке какты.

"Душмандын бардык чабуулдары "Восток" аскер бөлүгүнүн чечкиндүү жана ойлонулган аракеттери, авиациялык жана артиллериялык соккулары менен кайтарылды", - деди Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков.

Пятихатки украин армиясы контрчабуулун баштагандан кийин бошотулган сегизинчи айыл болуп калат. Буга чейин Донецк облусундагы жети калктуу конуш орус күчтөрүнөн тазаланган. Алардын бири Благодатное айылында орус түрмөлөрүндө жаткан жеринен согушка азгырылган ондогон жоочулар колго түшкөнү кабарланууда. Бул маалымат канчалык чын экенин ырастоо мүмкүн эмес. Айылды өз карамагына алган украин аскерлери өз жерин бошотуу үчүн баарына даяр экенин айтышууда.

"Моралдык дух чындыгында күчтүү. Анткени балдар өз жерин бошотуп алуу үчүн алдыга баратканын билет. Бизге артка чегинбей, алдыга гана умтулуу буйругу берилген. Ошондуктан аракет кылып жатабыз".

Благодатное айылын орус күчтөрүнөн бошотуу маалында жок кылынган орус аскердик техникасы. Украин аскери. 17-июнь, 2023-жыл. Донецк облусу, Украина.
Благодатное айылын орус күчтөрүнөн бошотуу маалында жок кылынган орус аскердик техникасы. Украин аскери. 17-июнь, 2023-жыл. Донецк облусу, Украина.

Ал арада Орусиянын Украинага чектеш жайгашкан Белгород облусунун губернатору Вячеслав Гладков 19-июнда Телеграмга жазгандай, түнү Валуйки шаарын аткылоодон жети тургун жабыркады. Ал бул үчүн украин күчтөрүн айыптаган. Расмий Киев Орусиянын аймагындагы чабуулдар үчүн эч качан жоопкерчилик алган эмес.

Согуш маалында жасалган билдирүүлөрдү көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Батыштагы аскердик талдоочулар украин аймактарын орус күчтөрүнөн бошотуу оңойго турбастыгын жана бул үчүн айлар, ал тургай жылдар керек болорун эскертип жатышат.

Буга чейин The New York Times басылмасы украин аскерлерине жана батыш аткаминерлерине таянып, орус күчтөрү контрчабуулга даярдануу менен коргонуусун кыйла бекемдегенин жазды.

Макалада Орусиянын армиясы координациясын жакшыртып, тобокелчил кадамдарга баруудан карманып турушканы белгиленет. Ал эми ачык булактардын негизинде эки тараптын техникасынын жоготууларын анализдеген Oryx долбоорунун маалыматына караганда, контрчабуул башталганы Орусия 130 техникасын, анын ичинде 32 танкын жоготкон болушу мүмкүн. Ал эми Украинанын 155 аскердик техникасы, анын ичинде 24 танкы жок кылынган. Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин украин күчтөрүнүн жоготуулары орустардыкына караганда он эсе көп экенин айткан эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG