Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:10

Украина: Днепрге учкучсуз учактар чабуул койду

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

09:57 4.3.2025

АКШ президенти Дональд Трамп Украинага көрсөтүлүп жаткан бардык аскердик жардамды токтото турууну чечкенин 4-мартта бир катар басылмалар жазып чыгышты.

AFP, Reuters маалымат агенттиктери Ак үйдөгү булак "Президент тынчтыкты каалай турганын так билдирди. Өнөктөштөрүбүз да ошондой эле ниетте болушу биз үчүн зарыл. Биздин жардам маселени чечүүгө өбөлгө болуп жатканына ынануубуз үчүн биз жардамыбызды токтото турмай жана кайра карап чыкмай болдук", - деп айтып бергенин кабарлашты.

Сөз жардамды таптакыр токтотуп коюу эмес, убактылуу тыныгуу тууралуу болуп жатканын Bloomberg жана Fox News жазышты.

Fox News Трамптын администрациясынын "Бул таптакыр токтотуу эмес, бул пауза", — деген сөзүн келтирди.

3-мартта Трамп өзүнүн TruthSocial социалдык түйүнүнө Зеленскийдин Орусия менен согуштун аякташы "өтө, өтө алыс" деп айтканы тууралуу Associated Press агенттигинин кабарын жарыялап, "Бул Зеленскийдин жасаган эң жаман билдирүүсү болду, эми Америка мындайга чыдап отурбайт!" деп жазган. Ошону менен катар ал Зеленский "Американын колдоосуна ээ болуп турган чакта тынчтык болушун каалабайт" деп кошумчалаган.

28-февралда Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен коштолгон. Зеленский Киев ок атышууну токтотуу келишимин кабыл алууга даяр эместигин, Вашингтондон коопсуздукка байланыштуу кепилдик керек экенин айтканда лидерлер ортосунда пикир келишпестик жаралган. Ак үйдүн Сүйрү бөлмөсүндөгү курч сүйлөшүүгө америкалык вице-президент Жей Ди Вэнс да аралашкан.

Трамп менен Вэнс украин тарап АКШнын жардамына "ыраазы болбой" жатканын айтышкан.

Зеленский 2-марттагы кечки видео кайрылуусунда "Албетте, биз Америка Кошмо Штаттарынын маанисин түшүнөбүз жана алган бардык колдоо үчүн ыраазыбыз" деп айткан. Ал ошондой эле Лондондо журналисттердин суроолоруна жооп берип, керек болсо Ак үйгө кайра барууга даяр экенин билдирген.

Bloomberg жазгандай, АКШ администрациясынын соңку чечими Украинага жеткириле элек бардык америкалык, анын ичинде Польша аркылуу транзит менен ташылып бараткан курал-жаракка тийиштүү болот. Анын арасында украин армиясына өтө зарыл ок-дары, жүздөгөн Жапыр аткылоочу реактивдүү система (РСЗО), танкка каршы курал жана башка жабдык бар.

Жеткирүү убактылуу токтотулган аскердик жардамдын көлөмү боюнча азырынча маалымат жок.

Украина АКШдан аскердик жардамды үч жол менен алат - же америкалык президент кампадагы курал-жаракты жаңылаганда ага чейинкисин Украинага берет, же Пентагон Украина үчүн атайын буюртма берип курал-жарак жасатат, же Украина АКШ берген акчага АКШнын куралын сатып алат.

New York Times жөнөтүү жана өндүрүү убактылуу токтотулган куралдын жалпы баасы 1 миллиарддан жогору экенин жазды. Украина ошондой эле америкалык ишканалардан курал-жаракты түз сатып алууга мүмкүнчүлүк берүүчү атайын программадагы жүздөгөн миллион доллардан да ажырашы ыктымал экени кабарланууда.

18:42 2.3.2025

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинадагы ок атышууну токтотуу боюнча Евробиримдик менен Орусиянын ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү баштоо чакырыгы менен Европа кеңешинин төрагасы Антониу Коштага кайрылды.

Бул тууралуу dpa жана Reuters агенттиктери кабарлашты.

Журналисттердин колуна тийген кайрылууда Евробиримдик Украинага жардамды көбөйтүү боюнча өзүнө кошумча милдеттенмени алуу планынан баш тартышы керектиги жазылган. Евробиримдик өлкөлөрү бул тууралуу бейшембиде өтө турган саммитте сүйлөшүүнү пландап жатат. Билдирүү долбоорунда Украинадагы тынчтык боюнча сүйлөшүүлөр Киевдин катышуусуз өтүшү мүмкүн эместиги айтылган.

Орбандын сөзүнө караганда, түз сүйлөшүүлөр менен ЕБ пландап жаткан жардам бир мезгилде кабыл алынбашы керек. Ал Евробиримдиктин мындай чечимдери бардык мүчөлөрүнүн бирдиктүү добушу менен кабыл алынышы керектигин белгилеген.

Ушундай эле позицияны Словакия да карманууда. Ишемби күнү өлкөнүн премьер-министри Роберт Фицо Евробиримдиктин күч аркылуу тынчтыкка жетишүү стратегиясын реалдуу эмес деп атаган.

Ал Евробиримдиктин бейшембиге мерчемделген саммити ок атышууну дароо токтотууга жетишүү жөнүндө жыйынтыктоочу резолюцияны камтышы керек деп эсептейт.

“Словакия согуштун улантылышында Украинаны финансылык жактан да, аскердик жактан да колдобойт. Эгерде башкалар ушундай кылууну кааласа, биз алардын тандоосуна сый менен мамиле кылабыз”, - деп жазды Фицо ишемби күнү.

18:42 2.3.2025

Европа Биримдиги бейшемби күнү, 6-мартта өтө турган саммитте Украинага жүздөгөн миллиард евро жардам берүү маселесин карайт.

Мындай маалыматты Франциянын президенти Эммануэл Макрон 1-мартта La Tribune басылмасына курган маегинде билдирди.

“Жолугушуунун максаты – Украинага колдоону күчөтүү жана Еврокомиссияга масштабдуу биргелешкен каржылоо программасын мүмкүн болушунча ылдамыраак ишке киргизүүнү тапшыруу. Анткени, сөз биздин коопсуздугубуз тууралуу болуп жатат. Сөз жүздөгөн миллиард евролук каржылоо жөнүндө жүрүүдө. Евробиримдик өлкөлөрүнүн лидерлери европалык коопсуздуктун архитектурасын түзүүнү да талкуулашат”, - деген Макрон.

Француз президенти мындай долбоорду ишке ашыруу узак жылдарга созуларын моюнга алып, андыктан Европа АКШ тараптан берилүүчү колдоону сактап калууга болгон аракетин жумшоого тийиш экенин айткан.

Евробиримдик өлкөлөрүнүн жана Британиянын лидерлери 6-мартта Украинанын коопсуздугу жана коргонуу боюнча саммитке чогулат.

Владимир Зеленский 28-февралдагы Дональд Трамп менен болгон кайым айтышуудан кийин Лондонго учуп барган. Кир Стармер менен жабык эшик артындагы сүйлөшүүдөн кийин Улуу Британия Киевге 2,84 млрд доллар насыя бере турганы белгилүү болгон. Карыз Орусиянын Европадагы жабылган каражаттарынан түшкөн киреше эсебинен кайтарылары айтылган.

18:41 2.3.2025

1-мартта Лондондо Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жабык эшик артында сүйлөштү.

Бир саатка созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу журналисттерге толук маалымат берилген жок.

Эки өлкөнүн финансы мекемелеринин жетекчилери – Рейчел Ривз менен Сергей Марченко Киевдин коргонуу жөндөмүн чыңдоо үчүн 2,26 млрд фунт стерлинг (2,84 млрд доллар) насыялык келишимге кол коюлганын жарыялашты.

Лондон бул келишимди “украин элин туруктуу колдоонун” белгиси деп билдирип, каражат Орусиянын жабылган активдеринен түшкөн кирешенин эсебинен кайтарыларын белгилеген.

Кийинчерээк Зеленский Х платформасында Стармер менен жолугушуу “мазмундуу жана жылуу” болгонун жазды.

“Сүйлөшүүлөрдө биз Украинанын жана бүткүл Европанын алдында турган чакырыктарды өнөктөштөр менен координациялоону, Украинанын позициясын чыңдоо боюнча конкреттүү кадамдарды, согуштун коопсуздук кепилдиктери менен катар адилеттүү тынчтыкта аякташын талкууладык”, - деген Зеленский.

Ал каражат “Украинадагы курал-жарак өндүрүшүнө жумшаларын, бул чыныгы адилеттик болорун – согушту ким баштаса, каражатты ошол төлөшү керектигин” кошумчалаган.

Владимир Зеленский 2-мартта Лондондо Европа өлкөлөрүнүн лидерлеринин жыйынына катышат. Европанын лидерлери жолугушууда согуш токтогон учурда Киевге көрсөтүлө турган кепилдиктерди талкуулай турганы пландалууда.

Владимир Зеленский мунун алдында Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен кайым айтышып кеткен. Ак үйдөгү сүйлөшүүлөр журналисттердин катышуусунда, түз эфирде чагылдырылган.

Зеленский Вашингтонго америкалык инвестиция үчүн Украинадагы минералдык ресурстарга жол ачкан макулдашууга кол коюу үчүн барган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG