АКШ президенти Дональд Трамп бейшембиде Вашингтондо Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен жолугуп, Орусия жана Украина ортосунда тынчтык келишими боюнча иш алдыга жылып жатканын, АКШ эки тарап менен тең алгылыктуу сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирди.
Трамп 28-февралда Ак үйдө украин президенти Владимир Зеленскийди кабыл аларын, алар Украинадагы кен байлыктарды чогуу иштетүү боюнча макулдашууга кол коюшарын тактады.
“Биз макулдашууга чогуу кол койгону жатабыз”, - деди Трамп.
Стармер менен жолугушуунун алдында журналисттердин “Украинанын президентин диктатор деп эсептейсизби?” деген суроосуна Трамп:
“Мен ушундай деп айттымбы? Ушундай дегениме ишене албай турам”, - деп жооп берди.
Трамп февралдын башында Владимир Зеленскийди эч кандай социалдык сурамжылоого таянбай эле “рейтинги төмөн”, “шайлоосуз турган диктатор” деп атаган.
Ал алдыда Украинанын НАТОго кошулуу ыктымалы тууралуу суроого жооп берип, бул нерсе орундалбай турганын, себеби “согуш ушунун айынан башталганын” билдирди.
“Орусия президенти Владимир Путинге ишенсе болобу?” деген суроого ал “Ишен, бирок текшер” деген сөз менен жооп кайтарды.
Трамп Путин Украина менен жетишилген тынчтык келишимин аткарарына жана дагы бир жолу басып кирбей турганына ишенерин айтты.
Кир Стармер жолугушуу алдында Украинадагы ок атышууну токтотуу боюнча азыр жүрүп жаткан талкуу "Дональд Трамп түзгөн мейкиндик болбосо, мүмкүн эмес эле" деп билдирди. Британиянын премьер-министри ар кандай келишим узак мөөнөттүү чечим болушу керектигин баса белгиледи.
Трамп Стармерди "өзгөчө адам", ал эми Улуу Британияны "сонун өлкө" деп атап, ал жакты жакшы билерин жана бул өлкөгө көп барарын айтты.
Стармер менен жолугушуудан кийинки биргелешкен маалымат жыйында АКШ президенти сүйлөшүү “абдан жемиштүү” болгонун жана британ өкмөт башчысы “Украинадагы кандуу жана үрөй учурган согуш” тууралуу жаңы маалыматтарды бергенин билдирди.
Трамп башка булактар менен тастыкталбаган маалыматтарды кайрадан келтирип, согушта "бир миллионго жакын украин жана орусиялык бекер өлтүрүлдү, чындыгында курмандыктар саны андан да жогору" деп айтты.
Украинадагы согуштун аяктоо мүмкүнчүлүгү тууралуу ал "тынчтык жакында келет же такыр келбейт" деди. АКШ президентинин айтымында, "тынчтыкка карай аракеттер" жума күнү уланат, ошол күнү Ак үйгө Владимир Зеленский барат.
Трамптын айтымында, Киев менен даярдалып жаткан кен байлык боюнча келишим АКШнын Украинага берген аскердик жардамына кенемте катары каралат. Ошол эле учурда ал Украинаны коргоону "татыктуу иш" деп атап, "украиндер кайраттуу күрөшүп жатат" деп кошумчалады.
Украина боюнча тынчтык келишими кандай коопсуздук кепилдиктерин бере аларын айтып жатып ал "көптөгөн маселелерди талкуулоого ачык" экенин, бирок ал биринчи кезекте Орусия менен Украина ортосунда келишим түзүүнү көздөп, андан кийин гана анын аткарылышын камсыздоого багытталган чаралар жөнүндө сүйлөшкүсү келерин айтты.
Трамп НАТО келишиминин альянстын мүчөлөрү агрессияга учураган союздашын коргоого милдеттендирген бешинчи беренесин колдойт турганын айтты.
"Мен бизди абдан ийгиликтүү тынчтык күтүүдө деп ойлойм", - деп баса белгиледи Трамп.
Стармер жолугушууда Украина боюнча тынчтык келишими тууралуу сүйлөшкөнүн, документ "катаал жана адилеттүү" болорун белгиледи, Улуу Британия келишимдерди колдоо үчүн өз күчтөрүн жиберүүгө жана "учактарды абага көтөрүүгө" даяр экенин айтты.
"Британия менен АКШнын мамилеси дүйнөнү коркунуч каптаган маалда мурдагыдан да маанилүү", - деди Стармер. Ал Трамптын Европаны жандандыруу зарылдыгы боюнча пикирине кошулуп, Европа коргонуу үчүн каржы чыгымын арттыруу керектигин айтты. Быйыл Лондон Украинага мурдагыдан дагы көп жардам берерин убада кылды.
28-февралда орусиялык дрон чабуулунан Харьковдун эки жашоочусу жана Запорожье облусунун бир тургуну жараат алды.
Харьков шаарына “Шахед” дрондорунан чабуул коюлуп, кеминде эки киши жараат алды. Бул тууралуу Харьков облусунун губернатору Олег Синегубов Телеграм-каналына жазды. Анын айтымында, турак жай зыян тарткан.
Запорожье облусунда “Шахеддердин” чабуулунан көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер жана гараждар зыян тартты. Үйдүн жогорку кабаттарындагы батирлер өрттөндү. 82 жаштагы жабыркаган жаранга медициналык жардам көрсөтүлгөнүн Запорожье облусунун администрация башчысы Иван Федоров маалымдады.
Орусия тарап да дрон чабуулуна кабылганын билдирди. Коргоо министрлиги украиндер учурган 22 дрон атып түшүрүлгөнүн, Орёл жана Брянск облустарына мындан да көп санда дрон учурулганын маалымдады.
Орусиялык Телеграм-каналдар Москвадагы Шереметьево аэропортунда “Ковер” планы киргизилгенин жазышты, мындай чара адатта абадан коркунуч жаралган учурда көрүлөт. Кийинчерээк учак кабыл алууга жана учууга кирген чектөө алынганы маалым болду.
Украинанын Донецк облусундагы Константиновка шаары шаршемби күнү дагы бир жолу чабуулга туш болду. Орус аскерлеринин аткылоосунан беш киши каза таап, сегиз киши жараат алды.
Облустун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкиндин айтымында, орусиялык күчтөр шаарга кеминде үч башкарылуучу бомба таштаган. Филашкин соңку күндөрү Орусиянын бул шаарга чабуулу күчөгөнүн, тургундар үчүн кооптуу жагдай жаралганын белгилеп, жергиликтүү элди өз убагында эвакуация болууга чакырды.
Константиновка 22-февралда да чабуулга туш болгон. Маалыматка караганда, анда шаарга кеминде жети авиабомба ташталган жана эки адам каза болуп, төрт адам жаракат алган.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалымат боюнча комментарий берген эмес.
DeepState долбоору орусиялык аскерлер Донецк облусунун түштүк-батышындагы эки жеринде алдыга жылганын аныктады.
Ал арада Украинадагы согушту токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер уланууда. Бейшембиде Британиянын премьер-министри Кир Стармер АКШ президенти Дональд Трамп менен Вашингтондо жолукканы турат. Анда Украина маселесине, НАТОнун келечегине көбүрөөк көңүл бурулат деп күтүлүүдө.
"Улуу Британия үчүн коргонуу, коопсуздук, соода, технология, каржы жана башка маанилүү маселелерде АКШ менен алака маанилүү. Биз бири-бирибиздин экономикабызга 1,5 триллион доллар инвестиция сала алдык. Биздин ортобуздагы соода мамиле күчтүү гана эмес, адилеттүү жана тең салмактуу", - Кир Стармер.
Буга чейин эл аралык басылмалар Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Британиянын премьер-министри Кир Стармер Вашингтонго сапарынын алкагында АКШ президенти Дональд Трампты Украинада ок атышууну токтотуу келишими кабыл алынса, ал аймакка бейпилдик күчтөрүн киргизүүгө ынандырууга аракет кыларын жазышкан. Украинага европалык өлкөлөрдөн 30 миңге чейин аскер жөнөтүү планы тууралуу буга дейре бир нече ирет кабарланган. Эммануэл Макрон европалык лидерлердин арасынан биринчи болуп Украинага француз аскерлерин жөнөтүүгө даяр экенин айтып чыккан.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров шаршемби күнү бейпилдик күчтөрүнө байланыштуу Москванын позициясын айтты.
"Биз эч кандай варианттарды карап жаткан жокпуз. Макрон эмне деп айтканын билбейм, бирок президент Трамп пресс-конференцияда тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү чечими эки тараптын макулдугу менен гана ишке ашарын айткан. Кыязы, алар биз жана Украина жөнүндө айтышты. Бул тууралуу бизден эч ким сураган жок. Европалыктар, биринчи кезекте Франция жана Улуу Британия таңуулап жаткан бул ыкма кайрадан чыр-чатактын ырбап кетишине алып келет", - деди Лавров.
Бир күн мурун Вашингтон менен Киев сейрек кездешүүчү металлдар, маанилүү минералдар жана башка табигый ресурстар боюнча мунаса тапканы кабарланган. Бирок Украина кандай коопсуздук кепилдиктерин алары так айтыла элек.
27-февралда Түркиянын Стамбул шаарында АКШ менен Орусиянын элчиликтеринин ишин калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды.
Reuters агенттиги АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнө таянып "күн тартибинде кадр маселелери, виза, дипломатиялык банк операциялары жана башка уюштуруу маселелери бардыгын" жазды. Маалыматка караганда бул жолку жолугушууда Украина боюнча талкуу болбойт, ошондой эле саясат жана коопсуздук маселелери каралбайт.
Түндүк Корея Орусияга дагы миңдеген жоокерлерин жөнөттү жана алардын айрымдарын Украина менен чектеш Курск аймагындагы фронт тилкесине жайгаштырды. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Чалгын агенттиги 27-февралда билдирди.
Түштүк Кореянын YTN телеканалы чалгын булактарына таянып канча аскер жөнөтүлгөнү белгисиз экенин кабарлады. Ал эми JoongAng басылмасы Пхеньян быйыл жыл башынан бери Орусияга үч миңдей жоокерин жибергенин жазды.
Түштүк Кореянын жана Батыштын чалгын кызматтарынын маалыматына ылайык, өткөн жылы Орусияга болжол менен 11 миң түндүк кореялык аскер жөнөтүлгөн жана алар Украина тараптан Курск аймагына жасалган чабуулдарга каршы согушка катышкан.
Москва да, Пхеньян да бул маалыматты расмий түрдө ырастаган эмес.
Эки өлкө өткөн жылы Орусиянын президенти Владимир Путин Түндүк Кореяга барганда өз ара коргонуу чараларын камтыган келишимге кол койгон.
Айрым чалгын булактарынын маалыматы боюнча, өткөн жылы Курскиге жайгаштырылган түндүк кореялык аскерлердин көпчүлүгү украин күчтөрү менен согушта чоң жоготууларга учурагандан кийин фронттон чыгарылган. Сеул ырастагандай, быйылкы январь айына карата 300дөй түндүк кореялык окко учкан, үч миңдейи жараат алган.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 8-февралда Орусияны колдоону улантарын убада кылган.
Ошол эле күнү Украина президенти Владимир Зеленский Москванын "Түндүк Корея менен кызматташуусу мындан ары да кеңейерин" айткан.