Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42
Украинанын Угледар шаары, 5-октябрь, 2023-жыл
Украинанын Угледар шаары, 5-октябрь, 2023-жыл

Украина Угледар шаарын орус армиясына алдырды

Украинада согуш башталганына эки жарым жыл болду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

17:03 2.10.2024

Украина Угледар шаарындагы аскердик бөлүктөрүн чыгарып кетти. Бул тууралуу бүгүн 2-октябрда «Азаттыктын» украин кызматы ыкчам-стратегиялык «Хортиця» аскерлер тобунун маалыматына таянып билдирди.

Топтун Телеграмга жарыяланган билдирүүсүндө аскерлердин аталган шаардан чыгып кетүүсүнө уруксат берилгени, негизги максат “жеке курамды жана аскердик техниканы сактап калуу, мындан аркы аракеттер үчүн турумдарды ээлөө” болгону айтылды.

Орусия узакка созулган бул кармашта көптөгөн аскерин жоготконуна карабастан Угледарды басып алуу аракетин токтотпой койгону, улам жөнөтүп турган резервдери украин аскерлеринин коргонуу мүмкүнчүлүгүн алсыратканы, натыйжада курчоодо калуу коркунучу жаралганы белгиленди.

Угледар жайгашкан Донецк облусунун аскердик администрациясынын башчысы Вадим Филашкин 1-октябрда шаардын борбордук бөлүгүндө кармаш жүрүп жатканын, калаада 107 жайкын тургун бар экенин айткан. Ошол эле күндүн кечинде DeepState долбоору орус аскерлери шаарды ээлеп алышканын жазган.

АКШнын Согушту изилдөө институтунун (ISW) талдоочулары 2-октябрдагы баяндамасында Угледар Орусиянын көзөмөлүнө өткөнү анык болушу ыктымал экенин жазды, бирок бул жагдай Донецк облусунун батыш тилкесиндеги Орусиянын чабуулунун жүрүшүн түп-тамырынан өзгөртөрү күмөн экендигин белгиледи.

14:57 2.10.2024

Бир катар маалымат булактары Орусиянын аскерлери Украинанын Угледар шаарын ээлеп алганын жазып жатышат. Шаар орус аскерлеринин көзөмөлүнө өткөнүн орусиялык Телеграм-каналдар да кабарлоодо. Украин тарап азырынча расмий маалымат бере элек.

Украиналык DeepState OSINT долбоору Донецк облусундагы, согуш башталгандан бери кармаш жүрүп келген, украин тарап үчүн стратегиялык жактан маанилүү бул чакан шаарды орус аскерлери ээлегенин жазды.

Орусиялык кабарчылар орус аскерлери Угледардын ар кайсы бөлүгүндө жүргөнү тартылган видеолорду жарыялап жатышат.

Украиналык «Суспільне» Угледардын көпчүлүк бөлүгү орусиялыктардын карамагында экенин, бирок айрым жерлери дагы эле украин аскерлеринин козөмөлүндо турганын кабарлады.

АКШнын Согушту изилдөө институтунун (ISW) талдоочулары 2-октябрдагы баяндамасында Угледар Орусиянын көзөмөлүнө өткөнү анык болушу ыктымал экенин жазды, бирок бул жагдай Донецк облусунун батыш тилкесиндеги Орусиянын чабуулунун жүрүшүн түп-тамырынан өзгөртөрү күмөн экендигин белгиледи.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы 2-октябрдагы баяндамасында Угледар боюнча эч нерсе айткан жок, болгону, фронтто абал оор экенин билдирди.

«Фронтто абал оор бойдон калууда. Аскерлери жана техникасы жагынан артыкчылыкка ээ болуп турган душман биздин позицияларга тынымсыз чабуул коюуда. Украиналык коргоочулар баскынчылардын чабуулуна бекем туруштук берүүдө, душманды максималдуу жоготууга учуратууда», - деп айтылды Башкы штабдын маалыматында. (RK)

17:25 1.10.2024

Орусиялык армия Запорожьеге алты кол менен башкарылуучу авиабомба менен сокку урду

17:22 1.10.2024

Украинада 1-октябрда "Коргоочулар күнү" белгиленип жатат. Ал тапта Орусиянын армиясы дрондор менен сокку урууну улантууда. Өлкө чыгышында кырдаал дагы эле курч бойдон калууда.

Жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат тогуздарда мекенин коргоп жатып курман болгон украиналыктарды эскерүү үчүн бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланды.

Телеграмга жазган билдирүүсүндө украин армиясынын башкы командачысы, генерал Александр Сырский украин аскерлерин куттуктап, аларды соңку 2,5 жылда буга чейин "дүйнөнүн экинчи армиясы" катары саналган орус күчтөрүнө туруштук берип, алардын мизин кайтарып келаткан "кебелбес жоокерлер" деп атады.

Коргоо министри Рустем Умеров өз куттуктоосунда ар бир украин аскерине биримдик, эрдик жана кайраттуулугу үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биз эмне үчүн күрөшүп жатканыбызды так билебиз: үйүбүз үчүн, ачык асманды кыялданган жакындарыбыз үчүн, орус аскерлеринен арылууну көздөп жаткан шаар-кыштактар үчүн, өз жеринде коркпостон жашай турган келечек муун үчүн", - деди Умеров өз кайрылуусунда.

Украинада "Коргочуулар күнү" 2014-жылы, Орусия Крым жарым аралын мыйзамсыз оккупациялап, Донецк жана Луганск облустарынын айрым бөлүктөрүн басып алгандан кийин пайда болгон.

1-октябрдын таңында орус армиясы Украинанын аймактарына дрон менен чабуул коюуну улантты. Украин күчтөрү билдиргендей, 32 учкучсуз аппараттын 29у атып түшүрүлдү.

30-сентябрда украин президенти Владимир Зеленский өлкө чыгышында аскерлери "оор кырдаалга" туш болушканын дагы бир ирет ырастады. Ал жакта орус күчтөрү Донецк облусуна караштуу Покровск логистикалык борборун басып алуу аракетин бир нече айдан бери көрүп келишет.

Ал арада Орусиянын Коргоо министрлиги 1-октябрдын таңында Украина менен чек аралаш Белгород облусунун аймагында сегиз дронду атып түшүргөнүн билдирди. Москва бул чабуулдарды Киевден көрөт. Украин бийлиги адаттагыдай үн катпайт.

Ал эми орус бийлиги бир катар фото жана видео далилдерге карабастан Украинанын аймагындагы жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик обьектилерди бутага алганын билдирип келет.

Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG