Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:22

Зомбулукка кайдыгер болбоңуз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Айкын багыт» коомдук фонду аялдар үй-бүлөдө зомбулукка кабылган көрүнүштүн негизги белгилерин тизмектеди.

Аталган уюм андай жагдайга кабылган кыз-келиндерге жардам берүү коомчулуктун милдети экенин белгилеп, ушул сыяктуу көрүнүш байкалса ага маани берүү менен көңүл бурууга чакырууда.

Эшиги жабык үйдүн ичинде эмне болуп жатканын билиш кыйын. Бирок дубалдын нары жагындагы кишинин денесине залал келтирилип, эмоционалдык басым-кысымга кабылгандыгынын айрым белгилери бар. Эгер курбуңузда, досуңузда, кесиптешиңизде же тууганыңызда ушундай нерсени байкасаңыз, буга олуттуу көңүл буруңуз!

Зомбулукка кабылган аялдагы белгилер:

Өмүрлүк жолдошуна андан аябай корко турганын көрсөтөт же анын көзүнчө жалтактайт.

Бардык нерсени анын гана көрсөтмөсү менен жасайт.

Күйөөсүнө дайыма телефон чалып, кайда экенин жана эмне менен алектенип жатканын так маалымдап турат.

Күйөөсү ага аябай көп телефон чалат же СМС жазат.

Күйөөсүнүн мыкты сапаттарын, кызганчаак экенин көп сүйлөйт.

Төмөнкү психологиялык белгилерге көңүл буруңуз:

- Мурда өзүнө ишенген курбуңузда же жакыныңызда өзүнө болгон ишеним төмөндөйт жана өзүн урматтоосу азаят.

- Мүнөзүндө өзгөрүү пайда болот. Мисалы, мурда аябай куунак, шатыра-шатман жүргөн айым көп сүйлөбөй калышы ыктымал.

- Депрессияга кабылып, тынчсыздана берет, балким маектешкен учурда жандан кечкиси келгени тууралуу кеп кылышы мүмкүн.

Ур-тепкиге кабылып, күйөөсү токмоктогон аялдар көбүнчө төмөнкүдөй шылтоолорду айтат:

- «Кырсыктан» улам денеси көгөрүп чыкканына ишендиргиси келет.

- Окууга, жумушка жана башка иш-чараларга себепсиз эле көп келбей калат.

- Сезонго ылайык келбесе да, дене-башын жапкан кийимдерди кийип, имараттын ичинде жүргөн учурунда да күндөн тоскон көз айнек тагынат.

Коомдон обочо болууга мажбурланган аялдардагы белгилер:

- Иш-чараларга жолдошу жок, жалгыз келет.

- Туугандары, тааныштары жана достору менен аз жолугушат.

- Көбүнчө акчасы жок болот, автоунаага жана насыя карталарына жолой албайт.

«Зомбулуксуз жашоо» аттуу өнөктүктө көрсөтүлгөн презентация.
«Зомбулуксуз жашоо» аттуу өнөктүктө көрсөтүлгөн презентация.

Эгер жогорудагы белгилерди жакындарыңызда байкасаңыз, кайдыгер болбоңуз.

Сизден төмөнкүдөй кадамдар талап кылынат:

- Таанышыңыздын жагдайына көңүл буруп, жекече сүйлөшүңүз.

- Эмне болуп жатканына кызыгып, тактап сураңыз.

- Кырдаалга тынчсызданып жатканыңызды ачык айтыңыз.

- Тынчсызданууңуздун себептерин айтып, жардам берүүгө даяр экениңизди билдириңиз.

- Анын айткан сөздөрү экөөңөрдүн гана араңарда каларына ишендириңиз.

- Сөздөрүнө маани берүү менен көңүл буруп угуңуз.

- Ага мыйзамдуу жол-жобо көрсөтүңүз жана чечимин кубаттаңыз

Төмөнкү кадамдарды жасагандан өзүңүздү тыйыңыз:

- Зомбулуктун курмандыгы болгон таанышыңыз өзү келип арманын айтмайынча күтүп отурбаңыз.

- Талкуулап, айыптууну издебеңиз.

- Ага басым жасабаңыз.

- Кеп-кеңеш берип, акылдуу көрүнбөңүз.

- Жардам бериш үчүн кандайдыр бир шарттарды койбоңуз.

Адистер зомбулук көрсөткөн адам манипулятор болорун белгилешет. Зомбулукка кабылган адам өз жагдайын айткандан уялат, басмырланган сыяктуу муңайым, азып-тозгон абалда болот. Ага жардам бериш үчүн кол сунуу өтө кыйын маселе, бирок көмөк көрсөтүү сиздин милдетиңиз.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кийинки жылдары Кыргызстанда укук коргоочулар аялдардын ар кандай басымга чыдабай өзүнө кол салып же кылмышка барган учурлары көп кездешип жатканын айтып, коңгуроо кагышууда.

«Зомбулуксуз жашоо» өнөктүгүнүн алкагында чыгарылган маалыматтарга таянсак, 2018-жылы зомбулуктун айынан 62 аял каза таап, 288и ар кандай деңгээлде жаракат алган. Бул сандарды азырынча расмий органдар тастыктай элек.

Үй-бүлөлүк зомбулукка чыдабай аксакалдар сотуна, кризистик борборлорго жана түрдүү укук коргоочу уюмдарга кайрылган аялдардын саны 2018-жылы мурунку жылдарга салыштырмалуу 8% көбөйгөн.

Баян БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосунда "Айкын багыт" коомдук фондунун "Гендердик зомбулук маселелерин чагылдырууда инновациялык медиа форматтар" долбоору менен өнөктөштүктө даярдалды.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG