26-сентябрда Кыргызстандын спортчулары беш алтын, эки күмүш жана төрт коло медалга ээ болушту. Алтын байгелерди бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн Ызатбек Ратбеков, спорттук бийден Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей, грек-рим күрөшүнөн Калы Сулайманов (59 кг.), самбочу Жамалбек Асылбек уулу (82 кг.), күжүрмөн самбодон Жаныбек Аматов (90 кг.) алды. Күмүш байгелерге грек-рим күрөшчүлөрү Атабек Азизбеков (80 кг.) менен Үзүр Жусупбеков (98 кг.) ээ болду. Коло медалдарды спорттук бийчилер Алексей Кибкало жана Татьяна Когадей, самбочу Арсен Камчыбеков (62 кг.) күжүрмөн самбочулар Мухаметали Эргешев (52 кг.) жана Алайбек Үмөтов (68 кг.) тагынышты.
Азырынча Кыргызстандын эсебинде 70 медал бар. Байгелердин 13ү алтын, 20сы күмүш жана 37си коло. Медал алган өлкөлөрдүн катарында учурда Кыргызстан 8-орунга көтөрүлдү.
Бел боо күрөшүнүн классикалык түрүнөн имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында жеңүүчү болгон Бекзат Тынчтыкбек уулу таймаштар күчтүү атаандашыкта өткөнүн, тажрыйбалуу устаттарынын кеңеши менен жеңишке жеткенин айтты.
- Таймаштар аябай күчтүү болду. Өзүм бел боо күрөшүнүн эркин түрүнөн дагы 55 килограмм салмакта күч сынаштым. Анан классикалык түр боюнча 57 килограммда килемге чыктым. Эки түрдөн күч сынашуу оор болду. Машыктыруучуларымдын баалуу кеңештери мага чоң жардамын тийгизди. Алардын айткандарын угуп ыкмаларды жаңылбай аткарып жеңишке жеттим. Аябай кубанычтамын.
Бекзат Тынчтыкбек уулу былтыр Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн II дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз күрөшүнөн чемпион болгон. Бекзатка окшоп бардык эле спортчулар ийгиликке жете алган жок. Алардын бири бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, Алыш күрөшү боюнча көчмөндөр оюндарын эки жолу уткан, 2013-жылдагы Дүйнөлүк универсиаданын жеңүүчүсү Нурбек Кожобеков. Ал финалда түркмөнстандык балбан менен беттеште жеңилип калган. Кожобеков таймаш учурунда жасаган ыкмаларына калыстар упай бербей, мелдеш кожоюну түркмөн балбанына тартып койгонун айтты:
- Финалда түркмөн балбаны менен тең эле күч сынашуу болду. Болгону калыстар түркмөн балбандарына тартып коюшту. Жасаган ыкмаларыма упай берилген жок. Беттештин акыркы секундасында түркмөн балбанын жыгып, таза жеңишке бассам дагы эсептелбей калды. Анткени убакыт бүттү деп коюшту. Убакыт бүткөн эмес болчу. Эсептеш керек эле. Эл мени алтын алып келет деп үмүттөнгөн. Ошол үмүттү актай албай калдым. Буюрса кийинки мелдештерге актаганга аракет кылам. Бул эле күрөш менен бүтүп калбайт. Алдыда дүйнө чемпиондугу, көчмөндөр оюндары бар. Алар ошол жерге келишет. Ошол жерден өзүбүздү көрсөтүшүбүз керек.
Кожобековго окшоп финалга чыгып айрым бир себептерден улам алтын байгеге жетпей калган спортчулардын катарында белгилүү спортчулардан кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси, Азиянын эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова жана кикбокстун WAKO-PRO версиясы боюнча профессионалдар арасында дүйнө чемпиону жана кикбокстун бир нече түрлөрү боюнча Азиянын, Евразиянын чемпиону болгон Алексей Федосеев да бар. Экөө тең күмүш медал тагынышты.
Алтын байгелерге жиу-житсу спортчусу Абдурахманхажи Муртазалиев, бел боо күрөшүнөн Бекзат Тынчтыкбек уулу, алыш күрөшүнөн Мээрим Момунова, Алтынай Мамарасул кызы, Нурзат Бактияр кызы жана Эсенбек Кудайбердиев, самбочу Бекназар Раимкул уулу, Жамалбек Асылбек уулу, күжүрмөн самбодон Жаныбек Аматов, кикбоксчу Авазбек Аманбеков, бильярддын кураштырма пирамида түрүнөн Ызатбек Ратбеков жана спорттук бийден Алексей Кибкало менен Татьяна Когадей, грек-рим күрөшчүсү Калы Сулайманов ээ болушту.
Ошондой эле бильярд, ат спорту, жеңил атлетика, салттык күрөш (түркмөн күрөшү), бел боо күрөшү, алыш күрөшү, пахлавани, тай боксу жана спорттук күрөштөн күмүш жана коло байгелер кыргыз спортчуларынын эсебинде бар. Азырынча жалпы медалдардын саны 70. Анын 13ү алтын, 20сы күмүш, 37си коло.
Негизинен кыргызстандык спортчулар бул оюндардагы мелдештерин жыйынтыктады. Эртең, 27-сентябрда Кыргызстандын командасы шахматтын блиц түрүнөн ойнойт.
Имарат ичиндеги Азия оюндарында байгелердин басымдуу бөлүгүн түркмөнстандыктар алышты. Алар алган байгелердин көбү түркмөн күрөшү, бел боо күрөшү, алыш күрөшү, өзбек күрөшү, кикбоксинг, самбо жана жиу-житсу спортуна таандык. Учурда Түркмөнстандын спортчуларында 241 медал бар. Анын 88и алтын, 69си күмүш жана 84ү коло.
Имарат ичиндеги Азия оюндары алгач 2005-жылы Азиянын Олимпиадалык кеңеши тарабынан олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча эки жылда бир өткөрүлө баштаган. 2013-жылы ага жоокердик өнөр (Maritall Arts) боюнча Азия оюндары дагы кошулуп, мелдештер төрт жылда бир өткөрүлө турган болгон. Быйыл спорттун олимпиадалык айрым түрлөрү дагы мелдеш кожоюндары тараптан сунушталып, жалпысынан спорттун 21 түрүнөн байгелер ойнотулуп жатат. Алардын ичинен велоспорт, спорттук күрөш, тхэквондо, сууда сүзүү, оор атлетика, конкур (ат менен тоскоолдуктардан секирүү), теннис жана жеңил атлетика спортун олимпиадалык түрлөрү катары саналса, калган 13 спорт спорттун Олимпиадалык эмес түрүнө кирет. Алар кураш (өзбек күрөшү), бел боо күрөшү (бул спорттун түрүнөн алыш, казак күрөшү, пахлавани боюнча таймаштар да өткөрүлдү), салттык күрөш (түркмөн күрөшү), кикбоксинг, бильярд, самбо, киберспорт, тай боксу, шахмат, баскетбол 3х3, боулинг, спорттук бий, жиу-житсу жана футзал боюнча спорттун түрлөрү.
Кыргызстандын спорттук делегациясын Түркмөнстанга жетектеп барган жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Канат Арпачиев мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулганын, ошол эле учурда айрым мүчүлүштүктөр да орун алганын кошумчалады:
- Мурдагы Азия оюндарына салыштырмалуу уюштуруу иштери жакшы. Бардык шарттар түзүлүптүр. Жатаканадан баштап олимпиадалык кыштак, мелдештер өтүп жаткан жерлердеги тейлөө жакшы экен. Чынын айтсак Азия оюндары болот деп келгенбиз. Бирок чындыгын айтканда аябай жогорку деңгээлге өтүп кетиптир. Ошол себептен күчтүү спортчуларыбыз утулуп калган учурлар болду. Тескерисинче жаш спортчуларыбыз байгеге жетип жатышат. Ким даяр болсо ошолор жогорку жетишкендикти камсыздашты. Деңгээли жогору экенин ошондон улам дагы айтсак болот. Чоң мелдеш өтүп жаткан жерде кемчиликтер да болот экен. Кээ бир учурда мелдеш калыстары тарабынан калпыс чечимдер чыгарылган учурлар болду. Имарат ичиндеги Азия оюндарына 153 спортчу спорттун 17 түрүнөн катышып жатат. Буга чейин мынчалык көп санда спортчуларыбыз бул оюндарга катышкан эмес. Буга чейин Кореяда болгон мелдеште сегиз медал алганбыз. Бул жолу мелдеш өтүп жаткан өлкө жакын жана атайын спортчулар үчүн атайын чартердик рейс уюштурулгандыктан каражат дагы аз сарпталып, көбүрөөк спортчуну алып келе алдык. Ошого жараша көп медал алууга мүмкүнчүлүк болду. Жалпысынан коюлган планыбыз аткарылды. Болжогондон көп байге утуп бара жатабыз.
Кыргызстандын спортчулары имарат ичиндеги жана таймаш өнөрлөрү боюнча V Азия оюндарында отуздай медал алып келүү максаты менен жөнөп кеткен.
Бул жылкы мелдештердин программасына алгачкы жолу Кыргызстан тарабынан сунушталган Алыш күрөшү киргизилген. Алыш боюнча таймаштар классикалык жана эркин түрүнөн эркектер жана кыз-келиндер арасында алты салмактан ойнотулду. Жалпысынан балбандар 24 топтом медал үчүн күч сынашты. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Токсонбай Асанов Алыш бел боо күрөшүнүн имарат ичиндеги Азия оюндарынын программасына киргизилгени кыргыз спорту үчүн чоң жетишкендик болгонун белгиледи.
- Бул мелдештерде Алыш күрөшү үчүн Олимп оюндарына биринчи кадамдар жасалды десек жаңылышпайбыз. Негизи Олимп оюндарына бул күрөштү киргизүү маселеси каралып жатат. 2018-жылы Индонезияда боло турган жайкы Азия оюндарынын программасына киргизүү сунушталган. Эгер Азия оюндарынын программасына кирип, мелдештер ийгиликтүү өтүп калса, Олимпиадага киргизүү маселеси оң жагына чечилип калышы мүмкүн.
Имарат ичиндеги Азия оюндарында таймаштар 16-сентябрда башталган. Расмий ачылышы 17-сентябрда болду. Мелдештер 27-сентябрда аяктайт. Бул күнү шахмат, теннис жана боулингден жеңүүчүлөр аныкталат. Андан соң мелдештин расмий түрдө жабылыш аземи болот. Мелдешке Азия жана Океания аймактарынан 64 мамлекеттин жана качкындар командасынан 5500 чамалуу спортчу катышты.
Газ ресурсуна бай Түркмөнстан буга узак даярданды. 2,2 млрд долларга Ашхабадда жаңы аэропорт курулду. Ал эми ордо калаанын четиндеги 150 гектар жерге салынган олимпиадалык комплексти президенти Гурбангулы Бердымухамедов 5 млрд долларга бүттү деди. Мындан тышкары көптөгөн спорттук жайлар, 45 миң кишилик олимпиадалык стадион салынган.
Түрдүү эсеп боюнча бул иш-чарага жалпысы 10-15 млрд доллар коротулган делет.
Кыргызстан Азия оюндарына спорттун 17 түрү боюнча 153 спортчуну жөнөткөн. Делегациянын Ашхабадга барып келишине мамлекеттен 6 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Ошондой эле айрым спортчулар федерациялардын каржылоосунда Азия оюндарына барышты.