Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

Түркия Күртстанды чыккынчылыкка айыптады


Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган
Түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган

Түркия Ирактын Күрт авноном аймагынын көз карандысыздык боюнча референдумун "чыккынчылык" деп атады. Ирактын бийлиги болсо күрттөр менен эгемендик тууралуу сүйлөшүү болбой турганын эскертти.

Ирактын түндүгүндөгү Күрт автоном аймагында дүйшөмбү күнү өткөн референдумга тизмедеги 5 миллионго чукул адамдын 70 пайыздан көбү катышканы белгилүү болду. Күрттөрдүн "Рудав" телеканалы алардын басымдуу бөлүгү же 90 пайызга чукулу көз карандысыздыкты колдоп добуш беришкенин кабарлады.

Акыркы жыйынтыгы 27-сентябрда жарыялана турган бул референдумдан кийин чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөр кескин билдирүүлөр менен чыгышты.

Ирактык күрттөрдүн лидери Масуд Барзани жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анкара. 23-август, 2016-жыл
Ирактык күрттөрдүн лидери Масуд Барзани жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган. Анкара. 23-август, 2016-жыл

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган 26-сентябрда Анкарадагы сарайында бул маселеге токтолуп, Түркия чек араларды жапканда ирактык күрттөр ачкачылыкка туш болоорун, аларга экономикалык жана аскердик чаралар да көрүлүшү мүмкүндүгүн эскертти:

- Чынын айтсам, акыркы көз ирмемдерге чейин ирактык күрттөрдүн лидери Масуд Барзани мындай ката кетирет деп күткөн эмеспиз. Бирок биз жаңылыппыз. Референдум өткөрүү чечими биздин мамилебиз бекем болуп турганда кеңешүүсүз кабыл алынган. Бул - чыккынчылык.

Күрт автоном аймагынын президенти Масуд Барзани добуш берүү учурунда.
Күрт автоном аймагынын президенти Масуд Барзани добуш берүү учурунда.

Түркия ирактык күрттөрдүн референдумун баштан бери эле өз коопсуздугуна коркунуч катары эсептеп келген. Себеби бул өлкөдө Ирактагыдан бир нече эсе көп күрт азчылыгы жашайт. Референдум өтүп жаткан күнү да Түркия Күртстандан чыккан мунай куурларын бууп салабыз деп коркуткан.

Ирактын өкмөтү болсо өлкөнүн түндүгүн байырлаган күрттөрдүн ыктымал бөлүнүүсү тууралуу сүйлөшүү болбой турганын эскертти.

- Биз референдумдун жыйынтыктары тууралуу талкууга же диалогго даяр эмеспиз. Себеби ал Конституцияга каршы келет,-деп билдирди дүйшөмбүдө Ирактын өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади.

Ирактын Жогорку Соту референдумдун мыйзамдуулугу тууралуу маселе чечилмейинче добуш берүүнү токтото турууну талап кылган эле. Бирок бул чечимге карабай өткөрүлгөн референдумдун максатын Ирактын Күрт автоном аймагынын өкмөт башчысы Нечирван Барзани добуш берүү күнү мындайча түшүндүрдү:

- Албетте, көз карандысыздык боюнча референдум Күртстан эртеси күнү эле эгемендик жарыялайт дегенди билдирбейт. Ошондой эле Күртстандын чек араларын аныктайт дегенди да түшүндүрбөйт. Бул эки маселе абдан маанилүү. Биздин коңшулар жана Багдад муну түшүнүшү керек. Биз болгону биздин эл демократиялык жол менен жана Багдад менен диалог аркылуу көз карандысыздыкка багыт алгысы келерин дүйнөгө көрсөткүбүз келет.

25-сентябрдагы референдумдан кийин Ирактын Коргоо министрлиги Түркия менен машыгуу өткөрө баштаганын жарыялады. Ирандын парламенти бул маселе боюнча 27-сентябрда жабык жыйын өткөргөнү турат. ​

Талаштуу референдумду колдогондор, Киркук шаары.
Талаштуу референдумду колдогондор, Киркук шаары.

Бириккен Улуттар Уюму жана АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү талаштуу референдумдун айынан "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна каршы күрөш көз жаздымда калбайбы деп кабатырланды.

- АКШнын Ирактын Күртстан аймагынын эли менен тарыхый мамилеси мыйзамдык күчү жок референдумдан улам өзгөрүп кетпейт. Бирок биз бул кадам туруксуздукту күчөтүп, Күртстан аймагы менен анын элин кыйынчылыкка кептейт деп ишенебиз,-деди 25-сентябрда АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Нойерт.

Талаштуу референдум Күрт автоном аймагын түзгөн үч провинцияда - Дахук, Эрбил жана Сулейманияда өттү. Ошондой эле күрттөрдүн Пешмерга күчтөрү "Ислам мамлекети" экстремисттик тобун сүрүп чыгарган талаштуу шаарларда да добуш берүү болду. Алардын арасында мунайга бай Киркук, Махмур, Ханакин жана Синжар шаарлары бар.

Ирак бийлиги референдум Күрт автоном аймагынан чегинен тышкары аймактарда да өткөнүн кескин сынга алып жатат. Бирок бул үчүн расмий Багдад Күртстанга кандай чара көрө алары белгисиз бойдон турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG