Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

АКШ-Түркия алакасы лираны алсыратты


Иллюстрация
Иллюстрация

Анкара менен Вашинтондун ортосундагы чыңалган мамиле түрк лирасынын кунун качырды. АКШ Түркиядан ташылган алюминийге бажы төлөмүн 20%, болоттукун 50 пайызга чейин көбөйткөн чечимди 10-августта кабыл алды. Ага чейин Вашингтон Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүлгө жана ички иштер министри Сулейман Сойлуга америкалык пастор Эндрю Брансонду кармоодогу жана анын укугун бузуудагы "башкы ролу" үчүн санкция салган.

Вашингтон киргизген санкциялардан кийин түрк лирасы АКШ долларына карата 18 пайызга арзандады. Бул 2001-жылдан берки эң ылдыйкы арзандоо. Ал эми жыл башынан бери лира кунун 40 пайыздай жоготту.

Учурда бир АКШ доллары 6,8 лирага бааланууда. 2-июлда бир АКШ доллары 4,6 лира, ал эми 1-январда 3,7 лира болуп жаткан.

Стамбулдун тургуну Сердар Бенли түрк экономикасынын абалы оор деп эсептейт:

Стамбулдагы акчанын курсу жазылган тактаны карап турган адам. 13-август, 2018-жыл
Стамбулдагы акчанын курсу жазылган тактаны карап турган адам. 13-август, 2018-жыл

- Доллар көтөрүлгөндө мен бул чындыгында эле иштин бүткөнү деп ойлодум. Менимче, түрк экономикасы кыйрап жатат. Чындыгында доллар өскөн жок, түрк лирасы кунун жоготууда. Муну биз моюнга алышыбыз керек.

Түркия АКШга жооп чара даярдап жатканын билдирди. Ошондой эле Анкара акча базарын турукташтыруу жолдорун иштеп чыкканын маалымдап, жергиликтүү банктарды колдоого аларын убада кылууда.

Өлкөнүн Борбордук банкы 6-августта лиранын күчүн сактап калыш үчүн 2,2 млрд. доллар интервенция жасаганы кабарланган.

Ал эми президент Режеп Тайип Эрдоган элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. “Долларга камтама болбогула. Эгер алардын доллары болсо, биздин кудайыбыз бар. Кабатыр болбоңуздар”,- деди Эрдоган Уне шаарындагы тарапташтары менен жолугушуу учурунда:

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

- Эгер жаздыгыңардын алдында доллар бар болсо, чыгаргыла. Евро болсо, аны да чыгаргыла.Тезинен банктарга берип, түрк лирасына алмаштыргыла. Биз ушинтип эгемендик жана келечек үчүн күрөш жүргүзөбүз.

АКШ Түркиядан ташылган алюминийге бажы төлөмүн 20%, болоттукун 50 пайызга чейин көбөйткөн чечимди 10-августта кабыл алды.

Президент Дональд Трамптын айтканына караганда, Анкара менен Вашингтондун мамилеси “ансыз деле жакшы эмес” болуп жаткан. НАТОнун негизги эки мүчөсү болгон Түркия менен Вашингтондун ортосунда Сириядагы абал, Анкаранын орусиялык курал-жаракты сатып алуу ниетине байланыштуу карама-каршылыктар мурдатан бери эле болуп келген.

Буга акыркы кезде Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган америкалык христиан пастору Эндрю Брансондун "терроризм жана тыңчылык” беренелери боюнча айыпталып, кармалганы кошулду. Эрдоган “АКШ НАТОдогу өнөгү катары пасторду тандаганы өкүнүчтүү” деп, “биз коркутуунун эмес, укуктун тилин гана түшүнөбүз” деди:

- Бүткүл дүйнөгө, анын ичинде биздин өлкөгө каршы соода согушун жүргүзүп жаткандарга биздин жооп белен: биз жаңы базарды жана жаңы өнөктөштөрдү издейбиз. Алар темирге жана болотко тарифтерди көтөрүп жатканын караңыздар. Биз Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчөбүз. Бул иштер уюмдун эрежесине туура келбейт.

Сүрөттө Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган.
Сүрөттө Дональд Трамп менен Режеп Тайып Эрдоган.

Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган христиан пастору 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып, ага "терроризм жана тыңчылык” беренеси боюнча айып тагылган.

Түрк бийлиги аны Америкада бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине жардам берген жана күрт жикчилдерин коргогон деп айыптап жатат. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, 35 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Өзүнө тагылган айыптарды четке кагып жаткан пастор Брансон 25-июлда тергөө абагынан үй камагына чыгарылган.

1-августта АКШнын Финансы министрлиги Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүлгө жана ички иштер министри Сулейман Сойлуга америкалык пастор Эндрю Брансонду кармоодогу жана анын укугун бузуудагы "башкы ролу" үчүн санкция салган. Анын алдында АКШнын вице-президенти Майк Пенс Анкарадан Брансонду тезинен бошотууну талап кылган:

Майк Пенс.
Майк Пенс.

- АКШ президентинин атынан президент Эрдоганга жана түрк өкмөтүнө билдирүүм бар. Пастор Эндрю Брансонду азыр бошоткула же кесепеттерге даяр тургула. Эгер Түркия диниятчыны тезинен бошотуп, Америкадагы үйүнө жөнөтпөсө, Кошмо Штаттары Түркияга ири санкцияларды салат. Булар пастор Эндрю Брансон бошогонго чейин сакталат.

Режеп Тайып Эрдоган Түркияны 2003-жылдан бери алгач премьер-министр, 2013-жылдан кийин президент катары башкарып келет. Ал экинчи президенттик мөөнөтүнө бир ай мурда, 9-июлда ант берип, расмий киришкен.

Түркиянын Конституциясына былтыркы референдумда киргизилген өзгөртүүгө ылайык, Эрдогандын экинчи мөөнөткө киришүүсү менен аткаруу бийлиги да президенттин колуна өттү. Парламенттин ыйгарым укуктары мурдагыдан азайды. Эрдоган бул жаңы система өлкөнү өнүктүрөт деп эсептесе, анын оппоненттери “бир адамдын бийлиги” мурдагыдан да күчөй турганын айтып, сындап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG