Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Мигранттын айлыгынын берекеси кетти


Стамбул шаарындагы акча алмаштыруу жайларынын бири. 10-август, 2018-жыл.
Стамбул шаарындагы акча алмаштыруу жайларынын бири. 10-август, 2018-жыл.

10-августта Түркияда бир доллар алты лирага көтөрүлүп, бир айда 32 пайызга кымбаттады. Өлкөнүн Борбордук банкы 6-августта лиранын күчүн сактап калыш үчүн 2,2 млрд. доллар интервенция жасаганы кабарланды. Лиранын кунун жоготуп жатканы Түркияда иштеген мигранттарга кандай таасирин тийгизди?

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкектеги агенттиктер аркылуу Анталия шаарына иштегени келген Азамат учурда Кыргызстанга кайтуунун жолун издеп жүрөт.

20 жаштагы мигрант эмгек келишимине “айлык акыны түрк лирасы менен алууга макулмун” деп кол коюп келген. Бирок Азамат Түркияда лиранын куну мынчалык түшүп кетерин элестете алган эмес.

- Биз келерде 1600 лира алабыз деп кол койгонбуз. Бизге иш таап берген агенттиктегилер 1600 лира 430 доллар болот деп ынандырып жиберишкен. Бирок азыр 1600 лира 260 доллар эле болуп калды. Эми бул жакта иштегенден майнап чыкпайт. Бир доллар алты лирага чыгып кетти. Билеттин акчасын тапсак эле Кыргызстанга же Орусияга кетсекпи деп жатабыз.

Түркиянын Эмгек жана коомдук коопсуздук министрлиги 2018-жылы минималдуу эмгек акыны 1603 лира деп бекиткен.

Бул сумма август айындагы доллардын курсу менен 260 долларга айланып калды. Түркияга иштегени келген кыргызстандык мигранттардын көбүн кыз-келиндер түзөт. Негизинен алар бала багып, кары жана оорулуу кишилерди карашат. Мигранттар түрк лирасы менен алган маянасын долларга которуп, Кыргызстанга жиберишет.

Түркиянын Бурса шаарында түрк үй-бүлөнүн эгиз балдарын баккан Салтанат доллар кымбаттаганы менен, айлык акы көтөрүлбөй жатканын айтып кейиди.

- Доллардын курсунун кымбатташы Түркияда иштеп жүргөн кыргыздарга кыйын эле болуп жатат. Буга чейин сом менен алганда 30 миңдин тегерегинде маянага иштесем, азыр ошол акча 20 миң сомго да жетпей калды. Айлыгыбыз көтөрүлбөйт. Баарыбыздын Кыргызстанда насыябыз, карызыбыз бар. Азыр алып жаткан айлык акыбыз өзүн актабайт.

Кесиби боюнча экономист Салтанат кышка чейин иштеп, “Кыргызстанга кайтсамбы” деп эки анжы жүрөт. Акыркы бир айда доллардын кескин кымбатташы жана өлкөдөгү экономикалык кризис Түркиядагы чет өлкөлүк мигранттардын жашоосуна өтө чоң таасирин тийгизип жатат.

Анталия шаарында "Золотая корона" системасы аркылуу акча которуу фирмасынын жетекчиси Осман Айтачтын кардарларынын 90 пайызы кыргызстандыктар. Ал учурда мигранттарга акча которбой тургула деген кеңешин берет.

- Азыр акча которгону келген мигранттарга которбой тургула деп жатам. Доллар абдан кымбаттады. Мигранттардын айлык акысы актабай калат деп ойлойм. Бир ай мурда 500 доллар жиберген кыз-келиндер азыр 300 долларга жетпеген акча салып жатышат. Бул акчаны Кыргызстанда деле тапса болот го деп ойлойм. Түркияда доллардын кымбатташынын бир канча себептери бар. Бирок мен эмгек мигранттары менен түздөн түз иштешкендиктен алардын жагдайларына боорум ооруйт. Шартка чыдабай "кетебиз, иштебейбиз" дегендер көп болуп жатат.

2017-жылы 700 миңге жакын чет өлкөлүк жаран Түркиянын Миграция департаментинде каттоодон өткөн. Алардын 20 миңге жакынын кыргызстандыктар түзөт. Арасында эки миңге жакыны гана эмгек визасы менен иштесе, дээрлик көпчүлүгү бир жылдык туристтик виза менен келип, Анкара, Стамбул, Анталия сыяктуу шаарларда иштеп калышкан. Бул мигранттардын көбү маянаны доллар менен алабыз деп келишим түзгөнү менен, иш жүзүндө эмгек акы лира менен төлөнөрүн айтып келишет.

Дональд Трамп жана Режеп Тайып Эрдоган, 11-июль, 2018-жыл.
Дональд Трамп жана Режеп Тайып Эрдоган, 11-июль, 2018-жыл.

Ошентип, 10-августта Түркияда бир доллар 6 лирага көтөрүлүп, бир жумада 32 пайызга кымбатташы өзгөчө мигранттарды түйшөлттү. Өлкөнүн борбордук банкы 6-августта лиранын күчүн сакташ үчүн 2 миллиард 2 миллион доллар интервенция кылганы кабарланды.

Серепчилер өлкөдө лиранын нарксызданышын Түркия менен АКШнын ортосундагы "саясий келишпестикке" байланыштырууда. 2-августта АКШ Түркияда үй камагында отурган америкалык пасторго байланыштуу эки түрк министрине санкция салган.

Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган христиан пастору Эндрю Брансон 2016-жылдын октябрь айында Измир шаарында камакка алынып, ага "Терроризм" жана "Тыңчылык” беренелери боюнча айып коюлган.

Өзүнө тагылган айыптарды четке каккан пастор 25-июлда үй камагына чыгарылган. Эки түрк министрдин АКШдагы мүлктөрүнө чектөө коюлушу да эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилени курчуткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG