Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:57

АКШ түрк министрлерине санкция салды


АКШ менен Түркиянын туулары.
АКШ менен Түркиянын туулары.

АКШ Түркияда үй камагында отурган америкалык пасторго байланыштуу эки түрк министрине санкция салды. Түркия НАТОдогу өнөктөшүнүн бул кадамын кескин сынга алып, ага жооп кайтараарын билдирип жатат. Террорчулук боюнча айыпталып жаткан пастор Эндрю Брансон жыйырма айдан ашык абакта отуруп, жакында эле үй камагына которулган.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс АКШнын санкциясына кабылган эки түрк министринин аттарын 1-августта жарыялады. Анын айтымында, АКШнын Финансы министрлиги Түркиянын Юстиция министри Абдулхамит Гүлгө жана ички иштер министри Сулейман Сойлуга америкалык пастор Эндрю Брансонду кармоодогу жана анын укугун бузуудагы "башкы ролу" үчүн санкция салды.

Ага ылайык, эгер бул министрлердин АКШда мүлкү болсо, алар камакка алынат. Америкалык жарандарга бул эки түрк жараны менен иш жүргүзүүгө тыюу салынат.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс.

- Президент Трамп Эндрю Брансонго байланыштуу Түркиядагы кырдаалга жакындан көз салып жатат. Биз пастор Брансон мыйзамсыз иш кылганы тууралуу эч бир далилди көргөн жокпуз. Ал түрк өкмөтүнүн камагында адилетсиз жана негизсиз кармалып турат деп ишенебиз, - деп билдирди Сара Сандерс.

Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган христиан пастору Эндрю Брансон 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып, ага "Терроризм" жана "Тыңчылык” беренелери боюнча айып коюлган. Түрк бийлиги аны "Америкада бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине жардам берген жана күрт жикчилдерин коргогон" деп айыптап жатат. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, ал 35 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Өзүнө тагылган айыптарды четке кагып жаткан пастор Брансон 20 айдан ашык тергөө абагында отургандан кийин 25-июлда үй камагына чыгарылган.

26-июлда президент Дональд Трамп эгер Түркия америкалык пасторду бошотпосо, Вашингтон Анкарага "чоң санкцияларды" киргизерин билдирген.

- Ал абдан кыйналды. Динди карманган бул бейкүнөө адам дароо бошотулушу керек, - деп жазган Трамп "Твиттердеги" барагына.

Пастор Брансон 25-июлда үй камагына которулган.
Пастор Брансон 25-июлда үй камагына которулган.

Буга жооп кылып түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Трампты "психологиялык согуш" жүргүзүп жатат деп айыптаган. Ошондой эле АКШ мындай мамилесин токтотпосо, "күчтүү жана чынчыл өнөктөшүнөн" айрылып калаарын эскерткен.

Санкцияга кабылган министр Гүл "АКШда же Түркиянын чегинен тышкаркы бир да өлкөдө бир да тыйыны жок экенин" "Твиттерге" жазды.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтонду "биздин сот системабызга кийлигишип жатат" деп айыптап, "тез арада жооп кайтарууга" убада берди.

Президент Эрдоган 1-августта Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берип, АКШнын кадамын сынга алды:

АКШ президенти Трамп менен түрк лидери Эрдогандын Ак үйдөгү кездешүүсү, 16-май 2017-жыл.
АКШ президенти Трамп менен түрк лидери Эрдогандын Ак үйдөгү кездешүүсү, 16-май 2017-жыл.

- Бизге мындай коркуткан сөздөрдү айтуудан эч ким пайда таппайт. Биз НАТОнун алкагында АКШга тилектештик көрсөтүп келебиз. Канчалаган күрөшкө чогуу катыштык. Түркияны - Америка менен бир катарда согушуп келе жаткан өлкөнү мындай коркутуу аларга жарашпайт. Кечирип коюшсун, бирок мындай коркутууга биз анча деле маани бербейбиз.

Былтыр сентябрда түрк бийлиги эгер АКШ Гүленди Анкарага өткөрүп берсе, Брансон бошотуларын билдирген. Расмий Анкара АКШда жашап жаткан диниятчы Фетхулла Гүленди 2016-жылы 250дөй адамдын өмүрүн алган төңкөрүш аракетинин артында турат деп күнөөлөп жатат. Вашингтон Гүленди экстрадициялоого жетиштүү далил жок деп билдирип келет.

31-июлда Измирдин соту Брансондун адвокатынын америкалык пасторду үй камагынан бошотуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган жок. Сот пастордун үй камагына чыгарылганы ага каршы далилдер өзгөргөнүн билдирбей турганын айтты. Брансондун иши боюнча кийинки соттук териштирүү 12-октябрда болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG