Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:54

Болтон Эрдоган менен жолуга албай калды


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган парламенттеги АК партиянын жыйынында. Анкара. 25-декабрь, 2018-жыл.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган парламенттеги АК партиянын жыйынында. Анкара. 25-декабрь, 2018-жыл.

Түркиянын мамлекет башчысы Реджеп Тайип Эрдоган АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин сириялык күрттөр тууралуу сөздөрүн «олуттуу ката» деп баалады.

Жон Болтон Сириянын түндүгүндөгү күрт кошуундарынын коопсуздугуна Анкара шек келтирбей турган шартта гана америкалык аскерлер бул өлкөдөн чыгып кетерин билдирген.

- Болтон олуттуу ката кетирди. Биз бул маселеде компромисске бара албайбыз. Сириядагы террордук коридорго тиешеси барлардын баары тийиштүү сабак алышат. Сирия демократиялык күчтөрүбү, "Элдик коргонуу кошуунубу», ДАИШпи («Ислам мамлекети» террордук тобунун дагы бир аталышы) - айырмасы жок, - деди Эрдоган 8-январда Анкарада өзү жетектеген АК партиянын өкүлдөрү менен парламентте жолугуп жатып.

Эрдогандын мындай билдирүүсүнө чейин АКШнын президенти Дональд Трамптын кеңешчиси Жон Болтон Анкарадагы президенттик комлексте түрк президентинин улук кеңешчиси Ибрагим Калин менен жолугушкан. Сириядан америкалык аскерлердин чыгарылышын талкуулаган жолугушуу эки саатка созулду. Андан кийин Калин журналисттерге берген комментарийинде Эрдогандын сөздөрүн кайталап, Анкара Сириянын түндүгүндөгү күрттөрдүн коопсуздугу боюнча эч кандай кепилдик бере албай тургандыгын ишарат кылды. Анткени АКШ өзүнүн өнөктөшү деп эсептеген күрт кошуундарын Түркия өз өлкөсүндөгү күрт согушкерлери менен байланыштары бар террорчулар катары көрөт.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон жана анын түркиялык кызматташы Ибрагим Калин. Анкара. 8-январь, 2019-жыл.
АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон жана анын түркиялык кызматташы Ибрагим Калин. Анкара. 8-январь, 2019-жыл.

Ал эми АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин басма сөз катчысы Гарретт Маркиз тараптар Сириядагы аскерлердин чыгарылышы боюнча кошумча суроолорду талкуулашканын билдирди.

Алгач Болтон Эрдоган менен жолугары күтүлүп жаткан. Бирок ал Түркияга барарда Израилде жасаган билдирүүсү Анкарага жакпай калып, күн тартиби бузулган сыяктанат Өз сөзүндө Жон Болтон АКШ Түркиядан Сириядагы күрт кошуундарынын коопсуздугу боюнча кепилдик алууну көздөп жатканын айткан. Ал ошондой эле эгер ушул шарт аткарылса гана америкалык аскерлер Сириядан чыгарыларын да кошумчалаган.

Өткөн айда Трамп Сириядагы өзүн «Ислам мамлекети» деп атаган топ жеңилгенине байланыштуу америкалык аскерлерди бул өлкөдөн чыгарып кетерин жарыялаган. Анын мындай күтүүсүз чечимин Конгресстеги республикачылар да, демократтар да сынга алышкан. Вашингтондун Европадагы башкы өнөктөштөрү - Британия, Франция, Германия да бул чечимди туура көрүшкөн эмес. Ал эми Орусия менен Түркия Трамптын чечимин кубатташкан. Ошентсе да Режеп Тайып Эрдоган «Нью-Йорк Таймс» басылмасында 7-январда жарык көргөн маегинде АКШ аскерлеринин чыгарылышы абдан кылдат жана өнөктөштөр менен бирге пландалып жүргүзүлүшү зарыл экенин белгилеген. Ал ошондой эле Түркия Сириядагы террорчул топторго каршы күрөштү өз мойнуна алууга даяр жана кубаты жеткен жалгыз мамлекет экенин да кошумчалаган.

Күрт кошуундарынын аскери. Ракка шаары.
Күрт кошуундарынын аскери. Ракка шаары.

Сириянын түндүгү менен түндүк-чыгышында АКШнын эки миңден ашуун аскер кызматчысы жайгаштырылган. Алар "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштө курамы жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган бирикмеге - Сирия демократиялык күчтөрүнө колдоо көрсөтүп келген.

Анткен менен Сирияда куралдуу кагылышуу дагы эле уланып жатат. «Сириядагы адам укуктары боюнча обсерватория» аттуу уюм кабарлагандай, «Ислам мамлекети» радикал тобунун жанкечтилери жекшемби күнү кечинде өлкөнүн чыгышындагы Сирия демократиялык күчтөрүнө чабуул коюп, кеминде 23 киши курман болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG