Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Түркия Сириянын күрт аймагын мээлеп турат


Сирия Демократиялык күчтөрүнүн согушкерлери Евфрат дарыясында. 2017-жылы тартылган сүрөт.
Сирия Демократиялык күчтөрүнүн согушкерлери Евфрат дарыясында. 2017-жылы тартылган сүрөт.

АКШ Сириядан аскерлерин чыгаруу чечимин жарыялагандан бери Түркия бул коңшу өлкө менен чек арасын аскерий жактан чыңдай баштады. Анкара Евфрат дарыясынын чыгыш тарабына кирүүгө даяр экенин да билдирди.

Түркиянын күчтөрү Сириянын аймагына кирүү менен катар андан ары Евфрат дарыясынын чыгыш ыптасына да өтүүгө "чечкиндүү" аракет көрө турганын 25-декабрда өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу айтып чыкты.

“Эгер Түркия Сирияга кирем десе бул ишке ашат. Биз Евфраттын чыгышындагы аймактарга мүмкүн болушунча ыкчам кирүүнү пландап жатабыз", - деди түрк тышкы саясий мекемесинин башчысы.

"Евфрат дарыясынын чыгышы" дегенде Анкара коңшу Сириянын түндүк-чыгышы менен түндүк аймактарын айтып жатат.

Бул аймакты курамы жергиликтүү күрт жана араб кошуундарынан турган бирикме - Сирия Демократиялык күчтөрү көзөмөлдөйт. Алар Сирияда “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөштө АКШнын башкы өнөктөшү болгон.

Бирок АКШ президенти Дональд Трамп Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобу жеңилгенин жүйө келтирип, америкалык эки миңден ашуун аскер кызматчы бул өлкөдөн чыгарыла турганын бир апта мурда жарыялаган.

Сирия Демократиялык күчтөрүнүн согушкерлери Евфрат дарыясынын жээгинде. 2017-жылкы сүрөт.
Сирия Демократиялык күчтөрүнүн согушкерлери Евфрат дарыясынын жээгинде. 2017-жылкы сүрөт.

АКШ жана Түркия президенттери Дональд Трамп менен Режеп Тайип Эрдоган 23-декабрда телефон аркылуу сүйлөшүп, америкалык аскерлердин Сириядан кетишине байланыштуу аймакта бийлик вакууму жаралбашы үчүн аскерий жана дипломатиялык иштерин координациялоону макулдашканы айтылган:

- Бул аптада Түркияга АКШнын аскерий делегациясы түркиялык кесиптештери менен координация маселесин талкуулоо үчүн келет. Акыркы эки сүйлөшүүсүндө биздин президент жана Трамп мырза координация жараянын ыкчам баштоону макулдашкан, - деген эле түрк президентинин басма сөз катчысы Ибрагим Калын.

АКШ президенти Сириядан америкалык аскерлер чыгарыларын жарыялагандан кийин Түркия бул коңшу өлкө менен чек арасын аскерий жактан чыңдап, күчтөндүрүп, ал эми Сириянын ичинде Түркия колдогон оппозициячыл согушкерлер күрттөр көзөмөлдөгөн Манбиж шаарчасынын айланасына жыйналганы да кабарланды.

Анкара Сириядагы күрт кошуундарын Түркиянын ичиндеги күрт согушкерлерине байланышы бар “террорчулар” деп санайт.

Сириянын аймагында буга чейин да аскерий операцияларды өткөргөн Түркия күрттөрдү Сириянын түндүгү менен түндүк-чыгышында аскерлери бар Франция да коргобошу керектигин эскертүүдө.

Франция күрттөргө колдоо көргөзүүнү улантарын апта башында президент Эммануэл Макрон айткан:

- Франция бул аймакта кала берет. Мен тактай кетейин, биз жеринде террорчулар менен күрөшкөндөргө, Парижде жана башка жерлерде кол салган террорчуларга каршы курал көтөрүп чыккандарга милдеткербиз. Алар - Сирия демократиялык күчтөрү, күрттөр болду. Андыктан мен баарын бул иште өз жоопкерчилигин сезүүгө жана биз аларга карыз экенибизди унутпоого чакырам.

Талдоочулар АКШнын аскерлерин алып кетүү чечиминен кийин Сириядагы күрт кошуундары үч тараптын: Түркия, Сирия өкмөтү, “Ислам мамлекети” тобунун коркунучу алдында калганына көңүл бурушууда.

АКШнын Сириядагы аскерлери. Манбиж, 1-ноябрь, 2018-жыл.
АКШнын Сириядагы аскерлери. Манбиж, 1-ноябрь, 2018-жыл.

Президент Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлерди чыгаруу чечимин 19-декабрда жарыялагандан кийин аны Конгрессте республикачылар да, демократтар да сынга алышкан.

АКШнын Европадагы башкы өнөктөштөрү - Британия, Франция, Германия да бул чечимди туура көргөн эмес. Бирок Орусия жана Түркия кубаттаган.

Трамптын Сирия боюнча чечими жарыялангандан кийин коргоо министри Жим Мэттис президент менен “көз караштар шайкеш келбей калганын” жүйө келтирип, кызматтан кете турганын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG