Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:49

Түркияда кыргыз аял полициядан токмок жеди


Полициянын зомбулугу видеого түшүп калган
Полициянын зомбулугу видеого түшүп калган

Сабалган аял учурда ооруканада жана ага психологиялык колдоо көрсөтүлүп жатат.

Түркиянын массалык маалымат каражаттары 4-октябрда Анталиянын Алания аймагында жалгыз аялды эки полиция кызматкери сабап жатканын көрсөттү. Анда полиция аялды чачынан сүйрөп, союл менен ур-токмокко алып жатканын көрүүгө болот.

Муну ошол аймакта жашагандар телефонго тартып алып, видеону телеканалдарга жиберишкен. Бул окуя жаңылыктарга чыккандан кийин шектүү полиция кызматкерлери жумуштан бошотулуп, прокуратура тергөө ишин баштады. Сабалган аял кыргызстандык мигрант экени белгилүү болду.

Кыргызстандын Түркиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Ибрагим Жунусов учурда изилдөө иштери жүрүп жатканын айтты.

- Маалыматты аларым менен Аланиянын полиция кызматынын жетекчиси менен сүйлөштүм. Сабаган эки полиция иштен бошотулду. Тергөө жүрүп жатат. Азыр полиция таяк жеген кызды күнөөлөп жатат, бирок муну сот чечет. Биз бул ишти өз көзөмөлүбүзгө алдык. Мен Түркиянын Тышкы иштер министрлигине бүгүн нота жибердим.

"Азаттык" Алания ички иштер бөлүмүнө байланышканда, кызматкерлердин иштен бошотулганын ырасташты.

Алания ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Сулейман Дөнмез буларды айтты:

- Кечээги окуя боюнча эки кызматкерибиз иштен бошотулду. Ал эми сабалган аял тууралуу эч кандай маалымат бере албайбыз.

Запкы көргөн кыргызстандык аял жана анын тааныш-билиштери менен байланышуу азырынча мүмкүн болбой жатат. Элчи Ибрагим Жунусов кыргызстандык аял менен көзмө-көз жолугуша элек. Бирок бул аял ооруканада экени жана ага психологиялык колдоо көрсөтүлүп жатканы белгилүү болду.

- Анталияда иштеп жүргөн аял экен. Полиция "аял мас абалында аларды укпай чыр салган" деп айтып жатат. Бирок мунун баарын сотко өткөрүп, анын чечимин карайбыз.

Анталияда чет өлкөлүк эмгек мигранттары менен иш алып барган адвокат Энис Зияли жабыркагандардын укугу сотто катуу корголо турганын ырастады:

- Жаза укугу чет өлкөлүк же жергиликтүү жаран деп бөлбөйт. Түркияда түрк жаранынын укугу кандай корголсо, башка жарандардын укуктары да ошондой корголот. Ал эми эки полиция кызматкерин иштен бошотуу менен чектелип калбайт. Бул окуяны прокуратура изилдеп, керектүү жазаларын берет деген ойдомун. Видеодо көргөнүбүздөй, эки полиция формачан болгондуктан жазалары эки эсе оор болот, анткени күндүз кызмат абалынан колдонуп, карапайым адамга күч көрсөтүп жатат. Эгер аялдын психологиялык жактан ооруганы бышыкталса, анда эки кызматкердин жазасы оор болот.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Окуя түрк каналдарынан чагылдырылгандан кийин бир канча бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана ыктыярчы адвокаттар кыргызстандык аялга колдоо көрсөтөрүн айтып чыгышты.

Түркия калкынын 49,8% аялдар түзөт. Өлкөнүн Үй-бүлө жана социалдык саясат министрлигинин 2016-жылкы статистикасына ылайык Түркиядагы он аялдын төртөө зордук-зомбулукка кабылган.

Ал эми Түркияда, расмий маалыматтар боюнча, 14 миңден ашуун кыргызстандык эмгектенет. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашайт. Анталия аймагында бейрасмий 6000ден ашык кыргызстандык жашап, эмгектенет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG