Кыргызстанда тоо-кен тармагына берилген лицензиялардын жүздөн ашыгы кайра мамлекетке кайтарылды.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-июлда билдирди.
Былтыр октябрдан тартып күчүнө кирген өкмөттүн токтомуна ылайык, кен иштетүүгө лицензия алгандар үчүн жыйымдын наркы бир канча эсеге өскөн. Бул тармакта иштеген айрым компаниялардын өкүлдөрү анын кесепетин да айта баштады.
Чаткалда алтын казган "Архар-Лачын" компаниясы лицензиясын өкмөт токтом жаңы кабыл алганда эле кайтарып берген.
Фирманын башчысы Муса Мавляновдун билдиришинче, учурда бул жааттагы мамлекеттин саясаты түшүнүксүз болуп жатат. Мындан улам лицензияны кармап турганы үчүн төлөнгөн каражаттар түшпөй калгандыктан жана инвесторлорго байланыштуу айрым маселелер жаралды.
"Лицензия алгандардын көбү аны кайтарып берген. Убагында укпай калып, кайтарып бербей калгандар да болду. Азыр айрым айыл өкмөттөр деле Геология агенттигине кайрылып жатат. Анткени лицензияны кармап турганы үчүн ПУЛ (лицензияны кармап турганы үчүн төлөм - ред.) төлөнбөй калды да. ПУЛдун баасын бир канча эсе көбөйтүп салды. Аны уккан инвесторлор да акча салбайт. Мисалы, менде бир эмес, эки инвестор бар болчу. Бирөө такыр эле баш тартып койду, экинчиси мындан ары эмне болот деп күтүп жатат. Геология агенттигине барсак "өкмөт карап жатат" дейт. Кээ бир компаниялар иш баштайын десе жергиликтүү эл чырылдап чыгып, алардын иштешине уруксат бербейт. Ошол эле учурда "ПУЛду төлөгүлө" деп чыгышат. Биз деле эмне кыларыбызды билбей калдык. Азыр эми айыл өкмөттөргө акча түшпөй, иштер токтоп калды. Фирмалар иштеп турганда аларга "социалдык пакет" деп жардам берилчү. Бул нерсе мыйзамда жок болсо деле "жигиттик келишимдин" негизинде социалдык пакетти бекитип, мисалы биз жолун оңдоп берчүбүз, трактор берчүбүз, көпүрөлөрүн оңдоп, жолдорго шагыл төкчүбүз. Ошону менен эле майда-чүйдө иштер бүтүп калчу. Кыскасы өкмөт жасай турган иштердин теңин фирмалар жасап койчу. Азыр эми ПУЛду көтөргөндөн бери мурда 50 миң сом төлөгөндөр 5 млн. сом төлөп калды. Азыр эми ошол 5 миллион төлөнбөйт же фирмалардын иши башталбайт, же элдин соцпакети чечилбейт. Ушундай жагдай түзүлүп калды".
Былтыр сентябрда өкмөт "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо, жыйымды эсептөө, төлөө, чогултуу жана карызды өндүрүү тартибин бекитүү" токтомун кабыл алган жана ал октябрдан тарта күчүнө кирген.
Документке ылайык, кен чалгындоого жана өндүрүшкө деп сатылган лицензия ээлери ишти баштабаса, кармап турган ар бир жылы үчүн ири суммадагы акча төлөп турууга милдеттендирилген.
Өкмөттүн эсебинде кендин баалуулугуна жараша 10 эседен 5 миң эсептик көрсөткүчкө чейин көбөйгөн.
Чаткалдын акими Алтынбек Сеңирбаевдин "Азаттыкка" билдиришинче, былтыр октябрдан бери 40ка чукул фирма лицензиясын кайра мамлекетке кайтарып берди. Деген менен райондун башчысы төлөмдүн көбөйгөнүнүн жакшы жактары болгонун белгиледи.
"Чаткалда болжол менен 150дөй лицензия берилген экен. Ошонун ичинен бизге кайра 30-40тай лицензия кайтарылды. Бул жакшы эле болду. Анткени бул бирөөлөрдүн бизнеси болуп калган. Лицензияларды кармап тура беришет, жылына ПУЛга болбогон акча төлөйт. Азыр эми эки эсе, он эсе, беш эсе деген жок да, лицензияны канча жыл кармаса, ошончо көп төлөйт. Ошол эле учурда лицензияны өткөрбөй кармап тургандар көп төлөй баштады. Ошонун негизинде дагы бир айыл өкмөтүн дотациядан чыгарып жатабыз. Мисал катары айтсам, мурда 5 миллион сом төлөп келсе, азыр он эсеге көбөйгөндө 20 миллион сом төлөп жатпайбы. Бул нерсе Чаткал үчүн жакшы болду. Лицензияларды алып, аны кайра сатып бизнес кылуу токтоду".
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-июлда өткөн өкмөттүн жыйынында ушул күнгө карата 100дөн ашык лицензия мамлекетке кайтарылганын жана анын теңинен көбү алтын казуу үчүн берилгенин маалымдаган.
"Лицензияларды тартипке келтирдик. Лицензияларды бекер кармап отургандар, тапшыра баштады, бүгүнкү күнгө 100 лицензия мамлекетке тапшырылды, анын 65и алтын кендер үчүн берилген. Лицензияны кармоо (ПУЛ) боюнча төлөмдүн суммасын көбөйттүк эле, азыр жарым жылдын жыйынтыгы боюнча 87% төлөндү. Жергиликтүү бюджеттерге 213 миллион сомдон ашык каражат түштү.
Ушул эле жыйында президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев бул аймакта тоо-кен тармагындагы лицензияларга байланыштуу маселе бар экенин айтып, мамлекет башчыга кайрылды.
"Биздин облуста кен байлыктарды иштетүүгө 300дөн ашуун лицензия берилиптир. Бул көп жылдан бери берилип келген лицензия. Бүгүнкү күндө кошумча түйшүк жаратып жатат. Ошондуктан урматтуу президент, сизден суранып кетет элем, тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырма берип, бардык лицензияларга инвентаризация жүргүзүп, ирээттеп, тартипке келтирип койсок".
Былтыр жыл башында Садыр Жапаров президенттик кызматка киришкенден кийинки алгачкы беш жарлыгынын бири кен казуу тармагына тиешелүү болгон.
Документте пайдалуу кен чыккан жерлерди мыйзамсыз казууга көзөмөлдү күчөтүүнү, анын ичинде лицензиялык тескөөнү, жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну, өнөр жай багытында жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу өңдүү жоболор камтылган.
Ошондой эле 2021-жылдын июль айына чейин Тоо-кен кодекси иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке жөнөтүлүшү керек болчу. Президент аткаруу бийлигинин башчысы катары өткөргөн өкмөттүн экинчи жыйынында буга байланыштуу маалымат берген жок.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, жыл башынан бери тоо-кен тармагында салыктык киреше 25,8 миллиард сомду түздү. Ал эми былтыр бул көрсөткүч 22,9 миллиард сом болгон.
Акылбек Жапаров быйылкы өсүштү ириде Кумтөр менен байланыштырды жана ага ылайык аталган кен кирешенин 70% берген.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда кен иштетүүгө жана чалгындоого баш-аягы 2500дөй лицензия берилген. Анын 500гө жакыны алтынга, 300дөн ашыгы көмүр казууга байланыштуу.