Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:54

Тажик бийлигин сындаган журналист абакка кесилди


Абдулло Гурбати.
Абдулло Гурбати.

Тажикстанда көз карандысыз журналист жана блогер Абдулло Гурбати бийлик өкүлүнө акаарат келтирген жана экстремисттик уюмга мүчө болгон деген кине менен жети жарым жылга кесилди.

Шейшембиде Дүйшөмбү шаарынын Шохмансур райондук соту 26 жаштагы көз карандысыз журналист жана блогер Абдулло Гурбатини (Авазмада Гурбатов) жети жарым жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кести. Прокуратура журналистке сегиз жыл жаза сураган. Ал соттогу акыркы сөзүндө ак экенин айтып, өзүн актоону өтүндү.

Сот аны бийлик өкүлүнө акараат келтирген, милиция кызматкерине күч колдонгон жана экстремисттик уюмга мүчө болгон деген айыптын негизинде күнөөлүү деп тапты. Адвокат Абдуррахман Шарифов соттун чечимине каршы даттанарын билдирди.

Абдулла Гурбатинин апасы Гүлнора Шарифова уулуна карата адилетсиз жана катаал өкүм чыкканын айтты.

Журналистти Дүйшөмбү шаарынын Шохмансур райондук прокуратурасынын кызматкерлери быйыл 15-июнда кармап кетишкен. Бийлик аны "райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлерин сабаган" деп айыптаган. Кийинчерээк Тажикстандын Ички иштер министрлиги журналист өлкөдө тыюу салынган "Ислам кайра жаралуу партиясы" менен кызматташканын билдирген.

26 жаштагы Гурбати акыркы үч жылдан бери "Азия Плюс" кабар агенттигине видео сюжеттерди даярдап келген. Мындан тышкары ал "Фейсбуктагы" баракчасына коомдогу көйгөйлүү маселелер боюнча курч пикирин жазып турчу.

Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана укук коргоочулар Абдулло Гурбатинин өкүмүн “адилетсиз” деп, журналисттер менен блогерлерди кое берүүгө, куугунтукту, коркутууларды жана басым-кысымды токтотууга чакырышты.

Тажикстандык журналист Мазхаб Жума соттун өкүмүн өч алуу деп сыпаттады:

Мазхаб Жума.
Мазхаб Жума.

"Негизги максат - өч алуу жана башка журналисттерге эскертүү болуп жаткандай. Абдулло Гурбатинин соту СИЗОдо жабык эшик артында өткөнү ансыз деле мыйзам бузуу, адам укугун бузуу болуп саналат. Кошумчалай кетсек, тажик бийлиги Абдуллонун жакындарына, жада калса анын жубайына, апасына өкүм тууралуу маалымат берген эмес. Мунун баары журналисттин ишин сотто кароодо одоно ката кеткенин далилдейт".

Ал эми Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун Борбор Азиядагы өкүлү Сыйнат Султаналиева тажикстандык журналист аткарган иши үчүн бийликтин каарына калганын белгиледи.

Сыйнат Султаналиева
Сыйнат Султаналиева

"Менимче, бул өкүм Тажикстандын аброюна жана адам укуктарынын абалына доо кетирди. Бийликтин ишин сындоо кылмыш эмес, айрыкча журналисттер менен блоггерлердин сыны... Бул - алардын биринчи кезектеги милдети. Абдулло Гурбати кесиптик ишмердүүлүгү үчүн бийликтин куугунтугуна кабылды. Сөз эркиндиги - демократиялык коомдун пайдубалы. Тажик бийлиги Абдулло Гурбатини тез арада бошотуп, журналисттер менен блоггерлерди куугунтуктоону токтотушу керек".

Тажик оппозициясынын бозгундагы лидери, Ислам кайра жаралуу партиясынын лидери Мухиддин Кабири да 4-октябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Варшавада өтүп жаткан жыйынында журналистти коргоп сүйлөдү.

Мухиддин Кабири.
Мухиддин Кабири.

"Бул буюртма өкүм деп ойлойм. Муну менен тажик бийлиги ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алдындагы милдетин толугу менен көрмөксөнгө салып атат. Биз азыр Варшавада Тажикстандагы абалды айта беребиз, бирок тажик бийлиги мындан майнап чыкпай турганын жакшы билет.

Кабири жыйында эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө Тажикстанга барып, абакта бейкүнөө жаткан журналисттердин абалы менен таанышып келүүнү сунуштады.

5-октябрда Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) да Гурбатиге чыккан өкүмдү катуу айыптады.

Эл аралык комитеттин аймактык координатору Гүлноза Саид “өкүм Гурбати кесиптеши Далер Имомали менен иштеген социалдык журналистиканын популярдуулугуна Тажикстан бийлиги канчалык нааразы экенин көргөзгөндөй” деп билдирди. Комитет өлкө бийлигин Гурбати, Имомали жана башка кармалган журналисттер менен блогерлерди дароо бошотууга, көз карандысыз журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Соңку үч айда Тажикстанда жети блогер жана журналист камакка алынды. Эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү тажик өкмөтүн журналисттерди куугунтуктоо, коркутуу жана кысым көрсөтүүнү токтотууга үндөгөн.

Дүйшөмбү жасалма далилдер менен кармоо, күнөөнү кыйнап моюнга алдыруу жана жалган айып тагып, куугунтуктоо сыяктуу дооматтардын бардыгын четке кагып келет.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сөз эркиндиги боюнча баяндамасына таянсак, 2015-жылдан кийин коңшу өлкөдө сөз эркиндигине басым күчөгөн. Уюмдун тизмесинде Тажикстан 139-орунда турат.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG