Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн "Азаттык" радиосу, анын кабарчысы Али Токтакунов, "Клооп" медиасы жана "24.kg" маалымат радиосуна карата сотко кайрылганы кыргыз бийлигин эл аралык өнөктөштөрү менен кайым айтыштырды.
Тагыраагы, соттук доолорго камтамачылыгын билдирген Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму менен АКШнын Өкүлдөр палатасынын эл аралык иштер боюнча комитетинин билдирүүсүнө Кыргызстандын тышкы иштер министри расмий жооп кайтарды.
Тышкы саясат мекемеси өз билдирүүсүндө ЕККУнун Сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезирдин буга чейинки билдирүүсүн "субъективдүү пикир" деп атап, сотко таасир этүү аракети катары баалаган.
Дезир 14-декабрда маалымат каражаттарына ири суммада доо коюлганы сөз эркиндигине терс таасир этерин айткан.
Мындан соң тышкы иштер министри дал ушул маселе боюнча тынчсыздануу билдирген Кошмо Штаттардын Конгрессинин Өкүлдөр палатасына жооп берди:
“Бул чындыкка дал келбеген билдирүүнү эгемендүү өлкөнүн ички ишине кийлигишүү аракети жана Кыргыз Республикасынын сот бийлигине басым катары баалайбыз. Буга байланыштуу АКШнын Өкүлдөр палатасынын комитетине маалымат булагын алууда кылдат болууга, алынган маалыматтарды жакшылап текшерүүгө кеңеш беребиз, - деп айтылат ТИМдин билдирүүдө.
Мекеме Кыргызстанда маалымат каражатына чектөө жок экенин белгилеп, өлкө демократия, сөз эркиндиги боюнча принциптерди катуу карманып келе жатканын кошумчалаган.
АКШнын Өкүлдөр палатасы 13-декабрда «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматынын айланасындагы жагдайга байланыштуу камтамачылык билдирип, эркин басма сөздү коркутуу жана ооздуктоо - бул негизги эркиндикке чабуул болуп саналарын эскерткен.
Тышкы иштер министрлигинин мындай кескин билдирүүсү коомчулукта дароо талкууга түшүп, эки ача пикир жаратты.
Бир катар саясатчылар менен жарандык коомдун өкүлдөрү башкы дипломатиялык мекеменин реакциясын сөз эркиндигин коргоого каршы келет деп сынга алышууда.
Эмнеге талкуу жаралды?
Бул маселенин айланасында коомдо дароо талкуу жаралганын бир нече жагдай менен түшүндүрүүгө болот.
Алгач быйыл май айында “Азаттык” радиосу өз алдынча, кийинчерээк ноябрь жана декабрь айларында Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору (OCCRP), “Клооп” биргеликте журналисттик иликтөө жарыялаган.
Анда кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммадагы акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн.
Бул схемаларга Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун катышы болушу мүмкүн экени айтылган. Матраимов мындай маалыматтарды четке кагып, "курулай каралоо" деп атаган.
Иликтөөлөр жарыялангандан кийин коомдо резонанс жаралып, андагы маалыматтарды текшерүү талабы коюлган. Мындай талап менен ноябрь айында Бишкекте нааразылык акциясы да уюштурулган.
Расмий бийлик иликтөөдө айтылгандарды текшерүүгө убада берип, атайын иликтөө тобун да түзгөн.
Президент Сооронбай Жээнбеков мыйзамсыз иштер боюнча кимдин фактысы болсо, аны тиешелүү органдарга берүүгө чакырган.
Ушундай шартта бир тууган Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» "Азаттык" радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана "24.kg" маалымат агенттигине каршы өткөн аптада сотко кайрылган. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп бул маалымат каражаттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн.
Арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту 10-декабрда Кыргызстандагы бардык банктарга аталган тараптардын эсептерин камакка коюуга аныктама берген.
Мындай чара коомчулукта чоң талкуу жаратып, бир катар саясий, коомдук күчтөр соттун чечимин айыптап чыккан.
Бул окуядан кийин президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева "бул факт ар дайым сөз эркиндигинин принциптерин карманып келген президенттин гана эмес, биздин демократиялык өлкөнүн да аброюна шек келтире турганын так кесе билдиребиз" деген билдирүү тараткан.
Ошол күнү кайра Матраимовдордун адвокаттарынын арызы менен сот эсептерди камактан чыгарган.
Айрымдар дал ушундай шартта сөз эркиндиги менен демократиялык баалуулуктарга чакырган эл аралык өнөктөштөрдүн тынчсыздануусуна чычалоого негиз бар беле деген суроону көтөрүшүүдө.
Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев ТИМдин жообу коррупциялык көрүнүштөрдү ашкере кылган журналисттик иликтөөгө каршы чыгуу катары кабыл алынып жатканын билдирди:
- Биринчиден, журналисттик иликтөөдө айтылгандарды УКМК баштаган укук коргоо органдары текшерип жатат. "Азаттык" радиосу аларга колундагы маалыматтарын бергени белгилүү болду. Иликтөөнүн жыйынтыгын күтпөй туруп, шашылыш билдирүү таратканы биздин Тышкы иштер министрлигине аброй алып келбейт. Кимдир-бирөө буйрук бергенсип, аны аткарып жаткандай сезилди. Мен юрист катары расмий түрдө УКМК же Башкы прокуратуранын корутундусуна таянбай эле билдирүү таратканы туура эмес болду деп айта алам. ЕККУ, АКШ абдан маанилүү өнөктөштөр, алар менен абдан кылдат мамиле түзүш керек болчу.
Осмоналиев Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү Борбор Азияда демократиялык баалуулуктар, сөз эркиндигине басым жасайт деген Кыргызстандын эл аралык чөйрөдөгү аброюна доо кетирет деп эсептейт.
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев айтымында, эл аралык уюмдардын кайсы бир маселеге реакция билдиргени тажрыйбада кездешет. Аны өлкөнүн “ички ишине кийлигишүү катары саноону” депутат аша чапкандык катары баалады.
- ЕККУ менен АКШнын Өкүлдөр палатасынын билдирүүсүнөн ички ишке кийлигишүүнү көрбөй турам. Бул эки орган тең бейрасмий түрдө эле социалдык баракчаларына билдирүүсүн жайгаштырган. ТИМ аларга жооп кайтаруу менен аша чаап кетти деп айтсак болот.
Тышкы иштер министрлиги ЕККУ менен Өкүлдөр палатасынын билдирүүлөрү Кыргызстанга расмий түрдө келгенин тактай элек.
Ошол эле кезде тышкы саясаттагы өнөктөштөрдүн билдирүүлөрүнө жооп кайтарып, өз позициясын билдирүү мекеменин кадимки иши деп түшүндүргөндөр да чыгууда.
Дипломат Талант Кушчубеков мындан дароо эле саясат издеп, шек саноого негиз жок экенин белгиледи:
- Өлкөнүн атынан комментарий берип, түшүндүрүү Тышкы иштер министрлигинин жумушу. Алар өлкөнүн кызыкчылыгын ушундай жол менен коргоонун ыкмасын тандады көрүнөт. Унчукпай койсо да туура эмес болуп калмак.
Кушчубеков бул билдирүүнү бир эле окуянын айланасында кароо туура эмес деп, жалпы өлкөнүн багыты боюнча талдоо зарыл экенин кошумчалады.
Ал эми парламенттин Эл аралык комитетинин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев министрлик бардык окуяларга калыс позицияда болушу керектигин айтууда:
- Тышкы иштер министрлиги бардык окуяларга бирдей мамиле кылышы керек. Кыргызстандын кызыкчылыгы кайсы жерде корголбой жатса, ошондо билдирүү менен чыкканы туура. Экинчиден, бир топ эл аралык уюмдарга кошулганда биз милдеттенмелерди алганбыз. Алардын арасында негизги принцип катары сөз эркиндигин коргоо да бар. Тышкы иштер министрлиги билдирүү менен чыгардын алдында ушул нерселерди да эске алышы керек деген ойдомун.
Кыргызстан ЕККУнун катышуучусу болуп саналат. Быйыл бул уюм менен кызматташтыктын 20 жылдыгы белгиленген.
АКШ болсо Кыргызстандын көз карандысыздыгын биринчи болуп тааныган мамлекет жана ири донорлордун бири.
Соңку жылдары бул өлкө менен мамиле солгундап кеткенине карабастан расмий бийлик өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип келет.
Расмий Бишкек бул өнөктөштөр менен мамиледе эң алгач демократия жана сөз эркиндигин сактоо боюнча жетишкендиктерди атайт.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.