Ири өлчөмдөгү баңгизаттарды, психотроптук каражаттарды Тажикстан аркылуу башка өлкөлөргө күч түзүмдөрү жана укук коргоо органдары катышмайынча алып өтүү мүмкүн эмес. Өлкөнүн Баңгизаттарга каршы күрөш агенттигинин башчысы Шерхан Алимзода мындай катуу сынды мойнуна алып, ушул жыл ичинде бир топ кызматкерлер кармалганын билдирди:
- Акыркы жылдары Улуттук коопсуздук кызматынын, Чек ара кызматынын, укук коргоо органдарынын жөнөкөй кызматкеринен тартып жетекчилигине чейин бир топ киши мыйзамсыз баңгизат ташууга байланыштуу кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Арасында чек ара тозотторунун командирлери да бар. Бул президент жана Улуттун лидери Эмомали Рахмондун катуу талаптарынын негизинде ишке ашууда.
Статистикалык маалыматка караганда, быйыл жарым жыл ичинде эле баңгизат ташуу менен алектенген 28 кылмыштуу топ чек арадан өткөнү аныкталган. Алардын төртөө эл аралык транзитке чыккан. Былтыркы жылга салыштырмалуу кармалган баңгизаттын өлчөмү 400 килограммга көптүк кылат. Бирок тажик укук коргоо органдарындагы маалыматка карасак, түндүк багыт аркылуу Ооганстандан Тажикстанга жана Борбор Азия менен Европага ташылган баңгизат агымы 8-15 пайызга азайганы байкалат.
- Учурда чек араны кайтарууда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Анткени террордук-экстремисттик топтор ооган чек арасы менен чектеш жерге жакындыгынан улам кооптуу кырдаалга туш болууда, - деди Баңгизаттарга каршы күрөш агенттигинин башчысы Шерхан Алимзода.
Ал Ооганстандын укук коргоо органдары менен байланыш акыркы учурда солгундаганын да бышыктады. Анткени байланыш агенттиктерине каражат берүү токтотулган. Агенттиктердин кызматкерлери чек арадагы баңгизат лабораториясын жок кылууга, кылмыштуу топтордун чек арадан өтүшүнө бөгөт коюуга жигердүү катышып келишкен.
Тажик-ооган чек арасынын узундугу 1400 чакырым. Өлкөнүн түштүк тарабына куралдуу топтор ыктап, расмий Дүйшөмбүнү бир топ кабатыр кылып келет. Тажик президенти Эмомали Рахмон 2017-жылы 30-ноябрда Минскиде өткөн Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун сессиясында өнөктөштөрүн тажик-ооган чек арасын бекемдөөгө жардам берүүгө үндөгөн.
Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдөгү баңгизаттын токсон пайызы Ооганстанда өндүрүлөт. Анын отуз пайыздан ашууну жылына Борбор Азия аркылуу Орусияга жана Европага ташылып турат. Баңгизаттын калган бөлүгү Ирандан, Индиядан жана Пакистандан өтүп, дүйнө жүзүнө тарайт.
Аталган багыттардагы баңгизат агымдарын бууп, токтотуу аракеттеринен улам, Ооганстандын түндүгү аркылуу өтчү баңгизаттардын “түндүк агымы” күчөй баштаган.
Кыргызстанда болсо 300гө чукул адам мыйзамсыз баңгизат соодасына тиешеси бар деген негизде Ички иштер министрлигинин каттоосунда турат. Мындай кылмыштуу иш менен шугулданган 30га жакын топ бар экени аныкталган.