Азербайжан президенти Илхам Алиев 2025-жылы май айында атайын аземде жашыл тасманы кесип, Лачин аэропортун ачкан. Бул 2021-жылы Баку этникалык армяндар менен согушта кайтарып алган аймактагы үчүнчү аба майданы.
Бири-биринен бир канча чакырым алыс жайгашкан үч аэропорт дээрлик колдонулбайт. Тоолуу Карабакта жана анын чет жакасында курулуш иштери жүрүп жатат.
100 миңдеген этникалык армян Бакунун аскердик чабуулунан кийин Карабактан толук чыгып кеткен. Куралдуу кагылышуулар 2023-жылы сентябрда, Азербайжан аймакка толук көзөмөл орноткондон кийин токтогон.
Тарыхый жактан алганда Тоолуу Карабакта этникалык армяндар байырлап келген. Советтер Союзу урагандан кийин аймак Азербайжандын карамагында калган.
Баку 1980-жылдардын аягында тутанган Карабактагы биринчи согушта качкан азербайжандар өз аймагына кайра кайтканын жарыялаган.
Алиевдин администрациясы тараткан сүрөттөрдө Тоолуу Карабакта жаңы ачылган объекттердин жанында жооп топ адамдар жүргөнү тартылган. Бирок аймактан алынган аэрофотосүрөттөрдө алар бош турганын көрүүгө болот.
Азербайжандык экономист Тогрул Велиев "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна айткандай, Баку аймакка 30дан 40 миңге чейин азерилер кайтканына ишендирип келет. Бирок райондо ары-бери каттоого чектөө коюлгандыктан "так маалыматты табуу кыйын".
Маттео Чивиллини - бул аймакка барган италиялык журналист. 2024-жылы апрелде өткөн Климаттык саммит алдында ал Тоолуу Карабакка барып, репортаж даярдаган.
Чивиллини пресс-тур алкагында документтерди тыкыр текшерген бир канча көзөмөл өткөрмө пункттан өткөнүн айтат. "Ал жакта адамдардын аз жашаганы таң калтырды", - дейт ал.
Анын айтымында, аймакта "сюрреалистик, жеңил антиутопиялык маанай" өкүм сүрүп турат.
Чивиллини жолдо бир канча машинени көргөнүн айтууда. "Курулуш масштабы менен аны пайдалануу коошпойт", - деп кошумчалады ал.
Карабактагы биринчи согушта качкан адамдарга аймакка кайра көчүп барса, мамлекет эсебинен турак жай сунушталган. Мурдагы жашоочулардын көбү кайткан күндө да аймакта жумуш жоктугун айтышууда.
Лачиндин мурдагы жашоочуларынын бири маегинде "Мен кайтпайм, анткени Бакуда менин ишим бар" дейт. Ал эми аймакка кайткан азерилер туулган айылы курулуштардан улам таанылгыс болуп өзгөрүп, Дубайга окшошуп калганын айтышат.
Хожалы айылынан 1990-жылы качып чыккан мурдагы жашоочу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азери кызматына "Бийлик кооз объекттерди салып, бирок ал жакка тоок багууга да уруксат бербей жатат. Биз мурда Москвада эмес, айылда жашаганбыз да", - деп айткан.
Болжол менен Тоолуу Карабакты жана анын чет жакасын кайра калыбына келтирүү үчүн 19,5 миллиард доллар керек.
Экономист Велиев курулуш мунайдан түшкөн доллар эсебинен жүрүп жатканын, бул "ресурстарды бөлүштүрүү" экенин айтты. "Мурда акчанын баары Бакуга жамалчу, азыр Карабакка кетүүдө", - дейт ал.