Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Тажикстан мектептерин ачты


Тажикстан, Дүйшөмбүдөгү мектеп. 31-март, 2020-жыл.
Тажикстан, Дүйшөмбүдөгү мектеп. 31-март, 2020-жыл.

1-апрелден тартып тажикстандык окуучулардын каникулу бүттү. Мектептер жана бала бакчалар ачылып, кайрадан иштей баштады. Анткени өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккан бир да киши катталган эмес.

Кимдир-бирөө баласын мектепке же бала бакчага жиберүүдөн баш тартса, андай ата-энелер айыпка жыгылат же балдары окуу жайынан чыгарылат.

Тажикстандык окуучулар 21-марттан 31-мартка чейин жазгы каникулда жүрүп, 1-апрелде кайрадан окуй баштады. Өлкөдөгү бардык бала бакчалар менен мектептер санэпидемстанция тарабынан дарыланганы кабарланды. Эл болсо эки анжы маанайда турат. Айрымдары ашыкча дүрбөлөң кылбай окууну улантууну туура деп эсептешсе, айрымдары сактыкка кордук жок деген пикирде.

- Балдарымды мектепке жиберерде мен аларды «этият болгула, колду тез-тез жууп тургула» деп эскертем. Үйдөн чыгарда беткап тагып берем. Балдар мектепке барып окусун, сабаттуу болсун, - деди маектештерибиздин бири.

- Менин оюмча каникулду бир аз, жок дегенде дагы он күнгө узарта турушса туура болмок. Илдет жок болгону менен коркунуч бар да, - деди башкасы.

- Мен биздин өлкөдө вирус жок деп билем. Илдет башка өлкөлөрдө кандай жайылып жатканын телевизордон көрүп, бизге жетип келбесе экен деп тилеп атабыз, - деди дагы бирөө.

Тажикстанда 3 900 орто мектеп бар. Анда 2 миллионго жакын окуучу билим алат. Орто мектептердин мугалимдери 10 күндүк каникул ичинде өзү сабак өткөн мекемени кантип зыянсыздандыруу боюнча атайын окуудан өткөрүлгөн. Мектеп директорлорунун бири Фозим Касымов имараттар, коридор жана даратканалар тазаланганын айтты:

«Жергиликтүү бийлик бизди коргонуу каражаттары менен камсыз кылды. Хлорду камдап берди. Ар бир мектептин директору ашкана менен дааратканада дайыма самын болушун көзөмөлдөйт. Окуучуларды болсо дайыма жанына ным сүлгү алып жүрүүгө чакырып жатабыз. Ар бир мугалим сабактан кийин эшиктин туткаларын атайын каражат менен зыянсыздандырып турат».

Учурда Тажикстан менен Түркмөнстан коронавирус катталбаган саналуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Бирок бул мамлекеттерде бийликтин расмий маалыматына ишенбегендер четтен табылат. Тажикстандык блогер Рустам Гулов карантин киргизүүнүн мөөнөтү жасалма жол менен созулуп жатат деп эсептейт.

«Сөз жалаң эле экономикалык кесепеттер тууралуу эмес, социалдык кесепеттер тууралуу да болуп жатат, - деп түшүндүрдү ал. - Мекеме-ишканалар токтосо эл кыйналып калат. Анткени биздин элдин көпчүлүгү бүгүнкү гана күнү менен жашайт. Көбүндө топтоп койгон акчасы, камдап койгон азыгы жок».

Коронавируска каршы күрөшкө тажик экономикасы даяр эмес экендиги өлкөнүн бюджетинен деле көрүнүп турат. Антсе да акыркы жылдары өкмөт бюджеттеги тартыштыкты кирешени, акциз жана кошумча нарк салыктарын көбөйтүү жолу менен толуктап келет. Тажикстандын 2020-жылдагы бюджети тууралуу мыйзамда 1,7 миллиард доллар түшүшүн камсыз кылуу каралган.

1-февралдан бери Тажикстан башка өлкөлөрдөн келген 6159 адамды карантин борборлоруна киргизген. Анын ичинен 2146 адам үйлөрүнө коё берилген. Ушул учурда дагы 4013 адам карантиндик байкоодо жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG