Сириянын өкмөттүк күчтөрү алавит азчылыгына кирген жүздөгөн карапайым тургунду жок кылды. Бул тууралуу байкоочулар тобу маалымдады. Бул былтыр жыл соңунда Башар Асаддын бийлиги кулатылгандан берки эң кандуу окуя болуп калды.
Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына көз салган обсерватория 8-мартта билдиргендей, Латакия провинциясында Асаддын жактоочулары менен коопсуздук күчтөрүнүн эки күндүк кагылышуусунан улам алавиттердин 745 мүчөсү өлтүрүлгөн.
Бул маалыматты башка дагы көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн боло элек.
Уюмдун маалыматына караганда, 6-мартта башталган кагылышуулардан набыт болгондордун жалпы саны миңден ашты. Алардын ичинен коопсуздук кызматтарынын 125 өкүлү жана бийликтен кулатылган режимди жактаган 148 аскер бар.
Сириядагы адам укуктарына көз салган обсерватория өлкөдөгү өз булактарына таянып, маркумдардын көбүн "коопсуздук күчтөрүнүн же аларга ыктаган топтордун өкүлдөрү" атып өлтүргөнүн билдирди.
Reuters жана Al Jazeera агенттиктеринин маалыматына ылайык, жүздөгөн адам, негизинен аялдар, балдар жана карылар Латакиянын чет жакасында жайгашкан Орусиянын "Хмеймим" аскер базасында баш калкалап турушат.
Орусиянын бийлиги азырынча бул боюнча комментарий бере элек.
Обсерватория ошондой эле Латакия шаарынын айланасындагы бир катар аймактарда электр энергиясы жана таза суу тартыш экенин кабарлады.
Асаддын кичи мекени Латакияда алавиттер отурукташкан.
Шараанын өлкөнү көзөмөлдөө аракети
Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа 9-мартта калкты ынтымакка чакырып, өлкө "улуттук биримдикти жана ички тынчтыкты сактап калышы зарыл" экенин билдирди.
"Биз бул өлкөдө чогуу жашай алабыз", - деди Шараа Дамаск шаарындагы мечитте сүйлөп жатып.
Ал мурдараак зордук-зомбулуктун тутанышын Асаддын жактоочуларынан көрүп, аларды мурунку өкмөттүн "калдыктары" деп атаган. Бирок коопсуздук күчтөрүнүн жай тургундарды өлтүргөнү боюнча айыптоолорго комментарий берген жок.
Reuters агенттиги 9-мартта Сириядагы булагына таянып, Латакиянын жээгиндеги негизги шаарларга бараткан жолдордо кагылышуулар түнү бою уланганын жазды.
Маалыматка караганда, куралдуу топтор жолдо бараткан машинелерди аткылап, аларды тузакка түшүрүү аракетин көрүшкөн.
Хомс, Латакия жана Тартус шаарларында салгылаштар токтобой жаткандыктан коменданттык саат киргизилди.
Аналитиктердин эсебинде, бул кагылышуулар Шараанын Асаддан кийинки Сирияда көзөмөлдү сактап калууга болгон аракетин көрсөтүүдө.
Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Soufan Group аналитикалык консультативдик тобунун саясий изилдөөлөр боюнча директору Колин Кларк белгилегендей, Латакиядагы окуялар бийлик алмашкандан кийинки "күтүлгөн жыйынтык" болчу.
Тополоңду Иран баштадыбы?
Туура бир апта мурда Шараанын бийлигин колдоп келген Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Иранды Сириядагы өкмөткө каршы күчтөрдү колдоодон оолак болууга чакырган.
Анын мындай эскертүүсүнөн бир жума өтпөй өлкөдө кагылышуулар башталды.
Фидан мындай кадам "туура эмес болуп каларын" айтып, эгер Тегеран ага бара турган болсо "башка мамлекеттер дагы так ушундай жооп кайтарышы мүмкүндүгүн"эскерткен.
Асадга каршы декабрдагы чабуулдарда "Хайат Тахрир аш-Шам" (АКШ террордук деп тааныган) уюмуна Анкара колдогон күчтөр да кошулган.
Мындан улам Шараа бийликке келгени Түркия, Сауд Арабиясы, Батыш өлкөлөрү менен кызматташууга артыкчылык берип, Тегерандын делегациясын кабыл албай койгон.
Иранга таянган күчтөр жана шийи жоочулары боюнча адис Филипп Смиттин пикиринде, Ирандын жаңы баш аламандыкты козгоого тиешеси бардыгын көрсөткөн "бир топ далилдер" бар.
Асад мекенинен качып кеткенден кийин, Ирандын жогорку лидерлери, анын ичинде аятолла Али Хаменеи сириялыктар Шараанын бийлигине каршы көтөрүлөт деп күтүшкөн.
Смит кошумчалагандай, Тегеран Латакиядагы операциялардын башталганына "кубанып турат".
"Тегеран үчүн мындан да жакшысы – HTS согушкерлери адам укуктарын одоно бузууга даяр экенин көрсөттү. Иран ашыкча реакция болушун каалаган," – деп кошумчалады ал.
Кээ бир байкоочулар Тегеран Шараага гана эмес, Түркиянын күндөн-күнгө жогорулап бараткан таасирине каршы күчтөргө да колдоо көрсөтүшү мүмкүн деген пикирде. Маселен, күрддөр жетектеген Сирия демократиялык күчтөрүн (SDF) колдоого алышы ыктымал.
Баш аламандык дагы кимге кызык?
Башар Асаддын чейрек кылымдык бийлигин кулатып, өлкө башына келген козголоңчулар бир катар коопсуздук маселелерине туш болушту.
Асаддын бийлигине берилген алавиттердин өкүлдөрү жаңы өкмөттүн күчтөрүнө мезгил-мезгили менен чабуул жасап келишет. Ошол эле учурда "Ислам мамлекети" террордук тобу өлкөнүн ар кайсы аймактарында активдүү бойдон калууда.
Андан тышкары Израилдин күчтөрү Сириянын түштүгүндө өз көзөмөлүндөгү аймакты кеңейтип алды. Маалыматтарга караганда, учурда алар баш калаа Дамасктан 20 чакырым эле жерде турат. Израил армиясы аскердик объектилерди бутага алып, Сириянын түштүгү толугу менен демилитаризация болсун деген талап коюуда.
"Ислам мамлекети" террордук тобу өтө опурталдуу болгондуктан, өз убактысын күтүп, сокку урууга даяр турат. Ошондой эле Израил бул кырдаалдан пайдаланып, Сириянын түштүгүндө дагы көбүрөөк чабуул жасайт. Шараа чындыгында көзөмөлдү сактап калуу үчүн күрөшүп жатат, бирок мунун көбү күтүлгөн нерсе эле" – деп кошумчалады Кларк.
Макаланын автору: Kian Sharifi
Которгон: Элиза Кененбаева