Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

Сын ээрчиген мамлекеттик сыйлыктар


Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учуру. 2-сентябрь, 2022-жыл.
Мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учуру. 2-сентябрь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда бир катар коомдук жана саясий ишмерлерге сыйлык тапшырды.

Ал өз сөзүндө сыйлыкка татыктуу болгон кишилердин эмгегин санап берди. “Өсөөр эл өзүн сыйларын, Ата Мекен, эл алдындагы ыйык парзын, өз милдеттерин татыктуу аткарып келе жаткан замандаштарыбыздын эмгегин баалай, барктай билүү керектигин айтып өттү.

Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) жетекчиси, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевге "Кыргызстандын баатыры" наамы ыйгарылган себебин түшүндүрдү. Атайын кызматтын башчысы бул жогорку наамды негизинен улут аралык жаңжалды токтотуудагы ишине байланыштуу алганын билдирди.

"Караниет чагымчыл адамдар бир тууган эки элдин ортосуна жик салууга аракет кылышты. Өлкө башына караан күн түшүп турган маалда кара башын канжыгага байлаган, жанын тобокелге салып чыр-чатакты токтотуп, эки элди жараштырган эр-азаматтарыбыз болду. Кээ бир өзүн "баатыр" сезгендер ал жака бармак түгүл, караандары дагы көрүнгөн эмес. Жаңжалды токтотуп, эки элдештирүүнүн сап башында Камчыбек Ташиев турганын эч ким тана албайт. Мен муну өз көзүм менен көрүп, ошол окуяларга катышкан адам катары айта алам. Анын буга чейинки "эл уулу" атанткан иштери дагы татыктуу бааланып жатканын эл дагы көрүп жүрөт. Бүгүнкү күндө улуттук коопсуздукту чыңдоо, чек араны бекемдөө, күч органдарын реформалоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерин көз жаздымда калтырууга болбойт. Мындан сырткары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чейрек кылымдан бери утпөй келген зор иштерди бүтүрдү. Азырынча бул иштер сыр болуп турат, убагы келет, кийинчерек ачыктайм",-деди Жапаров.

Жапаров оппозицияда жүргөндө социалдык тармактарда наам, орден-медалдардын берилишин сындап келгенин, ошол маалда сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей, тааныш-билиштер гана алганын айтып, азыр андай көрүнүш жоюлду деп ишендиргенге аракет кылды.

"Мындан бир нече жылдар мурда мен дагы ушундай сыйлык тапшырууларды карап отуруп, Фейсбук баракчама "Бийлик качарда эле сыйлыктарды тапшырып калат" деп, "дүжүрлөргө берилет" дегендей пост жаздым эле. Азыр ушул сыйлыктарды тапшырып жатканда ошол сөзүмдү алып чыгып "өзү дагы сыйлыктарды жапырт тапшырып жатат" дегендей сын пикирлер болду. Мурда өзүңөр жакшы билгендей сыйлыктардын баары сатылчу, тааныш-билиштер алчу. Акчаң болбосо бир да сыйлык алалган эмессиңер. Мен бийликке келгенден баштап сыйлыкка сунуштар келгенде комиссия чогултуп "мындан ары татыксыздарга, акчага эч кандай сыйлык берилбеши керек" деп айттым. Наамды, сыйлыкты сатып алганда мамлекет эч качан өнүкпөйт", - деди Жапаров.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев ага президент Садыр Жапаров "Кыргызстандын баатыры" наамын ыйгарганы күтүүсүз болгонун сыйлыктарды тапшыруу аземи аяктагандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

"Мамлекетибиздин башчысы Садыр Нуркожоевичке ыраазычылык билдирем. Көптөгөн жылдар өтсө дагы биздин эмгегибизди баалап берди", - деди Ташиев.

Буга чейин Кыргызстанда беш адам жогорку мамлекеттик наамга татыганы кабарланган. Ага ылайык "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамы менен экс-спикер Медеткан Шеримкулов, экс-премьер-министр Апас Жумагулов, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, маркум мамлекеттик ишмер Арстанбек Дүйшеев жана кинорежиссер Болот Шамшиев сыйланды.

Көзү өткөн ишмерлерден сырткары жогорку наам алган инсандар тууралуу коомчулукта эки ача пикирлер айтылууда. Бул жогорку наамдар тарыхый баа менен эмес, саясий ыңгайга жана маанайга жараша берилген учурда алардын баркы болбой турганын белгилегендер болууда. Ошол эле кезде бул наамга татыктуу иш-аракеттер жасалганын айткан дагы көз караштар бар.

Коомдогу кайчы пикирлер

Бул жогорку сыйлыкка мурдагы легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов жана өкмөттү эки ирет жетектеген экс-премьер-министр Апас Жумагулов татыктуу болду. Экөө тең Кыргызстандын эгемендик жылдары мамлекеттин башында туруп, өлкөнүн жалпы өнүгүүсүн, анын ичинде мамлекеттин коопсуздук тутумун калыптандырып, улуттук экономиканы өстүрүүгө жооптуу болгон. "Кумтөр" алтын кени сыяктуу ири долбоорлор даярдалып, ага байланыштуу келишимдерге мына ошол эки жетекчинин учурунда кол коюлган.

Аларга мекен алдында жасаган эмгектери үчүн жогорку наам ыйгарылганы айтылып, бирок мамлекеттүүлүктү чыңдоодогу ал кандай бараандуу эмгектер экени көрсөтүлгөн эмес.

Медиа эксперт Төлөгөн Сулайманов Шеримкулов менен Жумагуловду "Эл баатыры" наамы менен сыйлап, ишмердигине баа берүүгө азыр эрте эле деген пикирде.

"Эгемендиктин декларациясына Шеримкулов кол койгон. Эгерде ал киши өзү жалгыз демилге көтөрүп, күрөшүп, мына ошону өзү жалгыз алып чыкса, бир жөн эле. Бирок тарыхта эгемендиктин декларациясын демилге кылып, көтөрүп чыккандар башка адамдар да. Бул жерде талаштуу маселе бар. Ал эми аткаруу бийлигинде көп жыл жүргөн Апаз Жумагулов эки жолу өкмөттү башкарып турганда кандай жетишкендиктер болгон? Анан бул аксакалардардын кандай сый-ургаалга татыктуу экенин талдап чыгып, баа берүүгө дагы 20-30 жылдан кийин гана тарых өзү баа берет. Ага чейин шашуунун кереги жок эле".

Мурдагы маданият министри Түгөлбай Казаков мамлекеттик наамдарга байланыштуу төмөнкүдөй пикирин билдирди:

“Азыр жүз кишиден ушул адамдар мамлекеттик наамга татыктуу беле деп сурасаңар жүз башка жооп угасыңар. Себеби, эч ким алардын эмгеги эмне экенин анализдеп олтурган жок. Бул наам алгандардын чындап эле бирөөсүнүн эмгеги сиңгендир, балким, айрымдары саясий боёк менен наамга жетип жаткандыр. Эми бул багытта ар кандай ойлор баары бир айтыла берет. Сыйлык тапшырган комиссия эмненин негизинде дал ушул адамдарга берүү чечимин чыгарды, талкуулар кандай өттү, атайын жобого ылайык келген адамдарга наам берилип жатабы деген суроолор баары бир жоопсуз калууда. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген наам кандай учурда, кайсы эрдиктери үчүн берилиши керек экенин элдин көбү билбейт да. Ал эми комиссия мурда жазылган жобонун негизинде карап жатпайбы. Эл ал жобону окубайт, наам алган адамдын өзүн карап туруп, кылган ишмердигине жараша баа берет. "Кыргыз Эл Баатыры" деген наам эгемендикти коргоого, өлкөнүн көз карандысыздыгын сактап калууда чоң эрдик жасаса берилет”.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бул чечимди жаңычыл көрүнгүсү келген бийликтин өз идеясына өзү каршы турган кадамы катары баалады.

Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

"Бүгүн берилип жаткан мамлекеттик сыйлык деген бул - мамлекеттик сыйлык эмес, жөн эле жеке мамиле. Ал азыркы бийликти колдоочуларга гана берилет. Бирок азыркы бийлик "30 жылдан бери болбогон иштер болуп жатат" деп шардана кылган. Ал эми 30 жылдын ичинде мамлекетти башкарып, иштеп кеткендерди жогорку мамлекеттик наамдар менен сыйлоо анын өзүнүн айткан сөзүнө өзү каршы чыкканы. Анда бул бийлик моюнуна алууга туура келет. "Мына ушул азамат адамдарыбыз иштеп жаткан мезгилде Кыргызстан дүркүрөп өсүп, алар өлкөгө баа жеткис салымын кошушкан" деп айтып мурдагы "30 жылда мындай болбогон" деген сөзүн артына алууга туура келет. Логикалык жактан ушундай болуп калат".

Жогорку наамга татыган Ташиев

Бул жогорку мамлекеттик наамга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев татыды. Бирок ошол эле кезде бул жогорку сыйлыктын президенттин жан досу жана саясий санаалашы атыккан Ташиевге ыйгарылышы боюнча коомчулукта эки ача пикир бар.

Оппозициялык саясатчы Адахан Мадумаров президент Садыр Жапаровдун өзүнө жакын дос, үзөңгүлөш саясатчыны сыйлаганын мамлекеттик кызматкердин этикасына сыйбаган көрүнүш катары сындады.

"Өзүнүн досуна мамлекеттик сыйлыкты бергени мамлекеттүүлүктү жоготууга алып бара турган нерсе. Мына ошол адилетсиз, мыйзамсыз ыйгарылган сыйлыктар болобу же башка бир белек-бечкектери болобу, бүтүндөй баары жокко чыгарылып, кайтарып алына турган күндөр алыс эмес. Мындай нерсе тарыхта болуп келген".

Анткен менен генерал Камчыбек Ташиевдин тарапташтары ага берилген жогорку мамлекеттик наамга карата сынды ашкере көрө албастык катары кабыл алышууда. Анткени алар азыркысын айтпаганда дагы, Ташиевдин 2010-жылы Июнь окуясында чатакты басаңдатууга кошкон салымын унутууга болбойт деген жүйө келтиришти.

"Регион" телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов аталган наам, тескерисинче, Камчыбек Ташиевге кечигип берилгенин айтып, анын бул сыйлыкка татыктуу экенин минтип чечмеледи.

"Камчыбек Ташиевдин кандай эмгек жасаганын чынында эле билбеген адамдар барбы? Же болбосо, калп эле билмексен болуп, атайын көрө албастык кылып жатышабы? Биринчи эле анын 2010-жылдагы Ошко, андан соң Жалал-Абадга барып, кагылыштын андан ары өөрчүп кетишине жол бербей, эки тарапты токтотууга опол тоодой салым кошконун ким унутат? Анын мына ошол эрдиги үчүн эле мына ошол кезде аталган наамды бериш керек болчу. Бирок ошондогу бийлик ага наам бермек турсун, анын ысымын атагандан аянган. Азыр Ташиев УКМКга келгенден бери деле канча иштерди жасады. Анын уурдалган, таланган мүлктү мамлекетке кайтаруу аракеттери, ошондой эле ага чейин эч кимдин тиши өтпөгөн кишилерди кармап, келтирген зыянын төлөтүп, жазасын берип жатканы, мына ошонун бардыгы анын мамлекеттин алдында жасаган эмгеги эмей, эмне?"

Ошол эле кезде 53 жаштагы Камчыбек Ташиев буга чейин күч түзүмдөрүнүн арасынан бул жогорку наамга татыган бирден-бир аскер жетекчиси. Аскер адамдарына, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө жана мекенге эмгеги сиңген башка кызмат адамдарына мындай жогорку наамга көрсөтүүнүн жобосу болгон.

Кезинде орусиялык космонавттар менен биргеликте космоско учкан түбү кыргызстандык Салижан Шариповго дагы "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамы ыйгарылган. Ал Орусиянын жараны.

Отставкадагы полковник Болотбек Шамырканов жогорку наам берүүдө мурда атайын талаптар болгонун, бирок азыр кандай шарттар бар экенин билбей турганын айтты:

"Аскер адамдары баатыр деген наамга татыш үчүн согушта өзгөчө эрдик көрсөтүшү керек. Болбосо, элине-жерине аябай эмгеги сиңген адам болушу шарт. Тарыхта кала тургандай жасаган эмгеги үчүн гана мына ушундай жогорку мамлекеттик наамдар берилип келген. Адамдын ишине баа берилип,канча жылдардан кийин гана мына ошондой наамдар берилип келген".

Ал эми медиа-эксперт Төлөгөн Сулайманов дүйнөдө мамлекеттик жогорку наамдарды жакындарына ыйгарган өнөкөт бар экенин, бирок ал анын баркына көлөкө түшүрө турганын айтты.

"Бул киши боюнча коомчулукта эки ача пикир пайда болду. Бирок адамдын эмгегин тарых өзү эле өз ордуна коюп койот. Алыс барбай эле мындан 3-4 жыл мурунку тарыхты карасак, президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевге эң жогорку мамлекеттик сыйлыкты берип, бирок анысы тапшырылбай калган. Ал жарлык кийин өзүнөн өзү жокко чыгарылып кеткен. Анткени саясий конъюктуранын эң жаман жери мына ушунда. Ошондуктан биз жеке мамилени, жеке аласа-бересени жана жеке милдеттерди мамлекеттик саясатка аралаштырбашыбыз абзел".

Анткен менен саясатчы Жылдызкан Жолдошева жогорку сыйлыкка көрсөтүп, ыйгарууда кандайдыр бир бекитилген алкак жоктугун, бирок аны бардыгына бирдей жана адилет берүү маанилүү дейт.

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

"Мына ошол Ош окуясындагы жасаган эмгектери үчүн берилген болсо, анда бул наам Камчыбек Ташиевге туура эле берилди. Бирок адилеттүүлүк үчүн аны менен кошо ошол кездеги Оштун мэри Мелис Мырзакматовго, Курсан Асановго, Ахматбек Келдибековго берилсе, туура болот эле. Ошол окуяларды жөнгө салууда Соооронбай Жээнбековдун дагы эмгеги бар. Мына ошолордун бардыгы эске алынган болсо, анда бул наам акыйкаттык менен берилген болот эле".

Тарых баасын берген инсандар

Бул жогорку мамлекеттик наам көзү өтүп кеткен ишмерлер белгилүү кинорежиссер маркум Болот Шамшиев менен совет доорунда Кыргыз ССРинин Министрлер кабинетин жетектеген маркум Арстанбек Дүйшеевге берилди.

Белгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер Арстанбек Дүйшеев (1932-2003) Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кичи-Кемин айылында төрөлгөн.

Ал 1954-1960-жылдары Жумгал, Тоң районун чарбаларында ветеринар врач, директор болуп эмгектенген. Андан кийин Өзгөн райкомунда, Ысык-Көл обкомунда биринчи катчы болгон. 1981-86-жылдары Кыргыз ССР Министирлер Советинин төрагасы болуп турган. 1986-жылдан Кыргызстан Ветеринария илим изилдөө институнун жетектеген.

Атактуу режиссер Болот Шамшиев кыргыз-совет кинорежиссеру, СССРдин Эл артисти. Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да иштеп, 1985 - 1995-жылдары Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон, 1998-жылы туризм жана спорт министри, кийин элчилик кызматты аркалаган.

Ал "Караш-Караш окуясы", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Ак кеме", "Сүйүү жаңырыгы", "Эрте келген турналар", "Бөрү зындан" жана башка көркөм тасмаларды тарткан. 1960-1970-жылдары тартылган тасмалар “Кыргыз керемети” деген атка татыган.

Шамшиев 2019-жылы 21-декабрда 79 жашында дүйнөдөн кайткан.

"Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку наамы "Ак Шумкар" өзгөчөлөнгөн белгиси менен буга чейин Кыргызстанда 28 адам сыйланган. Алардын арасында И. Разаков, Т. Усубалиев, А. Масалиев сыяктуу көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер болгон.

Кыргыздын алгачкы мамлекеттик ишмерлеринин бири Жусуп Абдрахмановго бул наам өткөн жылы берилген.

XS
SM
MD
LG