Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:20

Сузактагы окуя: мектеп жана ата-эне жоопкерчилиги


Мугалим сабаган окуучунун окуясын милиция териштирет
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:36 0:00

Сузакта орто мектепте мугалим окуучу кызды сабаганын милиция териштире баштады. Сабак учурунда мугалимдин окуучуну сабаган видеосу 25-майда интернетке тараган.

"Кызым кайра ооруп калганда, арыз жаздым"

Окуя 23-майда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте болгон. Окуучу кыз учурда Октябрь аймактык ооруканасында жатат. Ал 7-класстын окуучусу болгон.

“Менин калем сабымы бир классташ балам алып алды. Аны барып алайын десем, эжекенин кызы бул жакка келбе деп тилденди. Эжеке кызыңызды тыйып коюнуз дедим. Анан урушуп кирди, "сволочь" дегенинен мен дагы айтышып кеттим. Ошол учурда мени сабап кирди. Кийин завучка барганда да оозума уруп жиберген",-деп айтып берди сабалган окуучу кыз.

Анын апасы Шайыргүл Хусанова кызына мугалим кол көтөргөн видеону толук көрө албай койгонун айтып берди. Ал мектеп жетекчилиги жана кызын урган мугалим менен жолугушуп сүйлөшкөн соң, милицияга арыз жазбайм деп чечкен. Бирок 25-майда кызы кусуп, абалы начарлап ооруканага түшүп калганда милицияга кайрылган.

Шайыргүл Хусанова.
Шайыргүл Хусанова.

"Мен видеону толук көрө албадым. Кызымдын эжекеси окуя болгондон кийин үйгө келип кечирим сурап кеткен. Беш баласы бар экен, чуу кылбайын, милицияга арыз жазбайын дедим. Бирок кызым кайра ооруп калганда, баары мыйзамдуу болсун деп, арыз жаздым. Эжекеси кызымды токмоктогондон мурда мага тартиби жаман болуп жатат десе, өзүм сүйлөшөт элем го".

Окуучуга кол көтөргөн мугалим Мээримгүл Эргешбаева эки жылдан бери информатика жана көркөм сүрөт сабагын окутат. Ал окуучусу менен болгон окуя чоң жаңжалга айланып кеткенине өкүнүп, анын себебин түшүндүрдү.

Мээримгүл Эргешбаева.
Мээримгүл Эргешбаева.

"Окуучулар, анын ичинде ошол кыз дагы телефон чукулап отурду. Мен сабак карагыла деп айтсам, уруша кетти. Сиз кызыңызды карап алыңыз деп кыйкырып кетти. Ошентип жаңжал болуп, мен уруп салдым. Ал эми видеого тартып алганын кийин угуп калып артынан барып өчүргүлө деп айттым. Интернетке тарап кеткенин кийин билдик. Мен кызыма болушкан жокмун".

Интернетке тараган тасманы окуучулар тартып алган. Бирок алар видеону соцтармактарга кантип тарап кеткенин билбейбиз дейт.

Мектеп директору Даткайым Нуралиева информатика мугалими 2020-жылы жумушка алынганын, буга чейин мындай маселе жаралбаганын айтууда.

Даткайым Нуралиева.
Даткайым Нуралиева.

" Мектепте бул окуя болгон учурда район борборунда жумуштарым менен жүргөн элем. Кийин мага эжекеси келип айтканда, кыздын ата-энесине барып кечирим сура дедим. Видеону көрдүм, чындап катуу уруп коюптур. Мектепке 2020-жылы ишке алган элем. Ал башталгыч класска мугалим болом дегенинен сертификаты бар экен жогорку класстарга информатика жана көркөм сүрөт сабагынан мугалим кылып алганбыз. Буга чейин окуучулар менен мугалимдин ортосунда чыр чыккан учурлар болгон эмес".

Ал ортодо информатика мугалими жумуштан кетүү боюнча арызы каралып, канааттандырылган жок.

Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов “Азаттык” радиосуна кабарлады.

“Мугалимге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, дарылануудан кийин жумушун улантат”, - деди райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тынычбек Усенов 27-майда.

"Тарбия үй-бүлөдөн, чөйрөдөн башталат"

Кыргызстанда буга чейин да мугалим окуучуга кол көтөрүп, иштен кеткен бир нече окуя катталган. Жыл башында эле Кара-Суу районунда дене тарбия мугалими 15 жаштагы баланын бутун сындыра тепкен окуя ачыкка чыккан.

Cузактагы окуядан кийин коомдо кызуу талаш-талкуу жүрүп, социалдык тармактарда бири мугалимди, экинчиси окуучуну колдогон пикирлерди жазууда.

Мындай көрүнүш күчөп баратканын айтып, муну билим берүү тармагы эле эмес, үй-бүлөдөгү тарбиянын, жоопкерчиликтин жоктугу, кесипкөй мугалимдер жетишсиздиги менен түшүндүргөндөр болууда. Ошол эле кезде миграциянын кесепети катары карагандар дагы бар.


Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев дагы кайрылуу жасады:

"Бул - туура эмес көрүнүш. Канткен күндө дагы мугалим окуучуга кол көтөрбөөгө тийиш, баланын психикасына залал келтирбөөсү кажет. Бирок коомдо мугалимди ошондой деңгээлге жеткирген көрүнүштөр көп болуп жатат. Бул тарбиянын баш оту менен берилбегендигинен келип чыгып жатат. Тарбияга биринчи жоопту болгон — бул билим берүү уюму эмес. Тарбия үй-бүлөдөн, чөйрөдөн башталат. Экинчиден, тарбияны калыптандырган формага салган — бул билим берүү тармагы: мектептер, бала бакчалар, окуу жайлар. Ошондуктан биз жаңы мыйзам иштеп чыктык. Мыйзамда тарбиядагы ата-эненин жоопкерчилиги жана билим берүү тармагынын жоопкерчилиги каралган. Ошол мыйзамды буюрса, кароого киргизебиз”,-деди министр.

Ошондой эле министр мугалимдерге кайрылып, “кандай болгон күндө да окуучуларга кол көтөрбөөгө” чакырды.

“Эгерде биз үй-бүлөдөн баштап жакшы тарбия бергенибизде, мындай маселелер болбоосу керек эле. Ал жерде конкреттүү факт болуп жатпайбы — мугалимге ат коюп, мазактап жатат. Бул өтө ашынгандык. Окуучу мугалимге ат коюусу — тарбиянын жаман чеги. Бирок кандай болгон учурда да, мугалим ата-энеси менен сүйлөшүп, мектеп администрациясы менен сүйлөшүп, жакшы жол менен чечүүсү керек болчу. Канчалык туура эмес болгон күндө да мугалимдерден суранарым: окуучуларга кол көтөрбөңүздөр!”.

Укук коргоочу Нурислам Райимжанов эми бул окуя тыкыр иликтенип, бардык тараптын жоопкерчилигине бирдей баа берилиши керек деген пикирде.

"Эми бул видеодо эжекеси сабап жатканы одоно болгон. Бирок окуучунун да кыйкырып урушуп жатканы туура эмес. Көпчүлүк учурда мугалимдер иштен кетип калат. Окуучунун да, ата-энесинин дагы жоопкерчилиги каралышы керек".

Акыркы жылдары интернетте мугалимдер окуучуларга катуу кыйкырып, кол көтөргөн видеолор көбөйдү. Бул көйгөйдө жоопкерчилик кимде? Эмне себептен мындай тирештер чыгып жатат? "Эже-сиңдилер" берүүсү:
Мугалим жана окуучу: кол көтөрүү тарбия эмес
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:52 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG