Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:55

Сузакта мал уурулук күч алды


Ысык-Көл облусу. Архивдик сүрөт.
Ысык-Көл облусу. Архивдик сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мал уурулук быйыл күчөдү деген арыз-даттануулар көбөйдү.

Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагындагы Гүлистан айылынын тургуну Рано Кундузбаева 14-ноябрда таңкы саат 4төр чамасында короосундагы төрт уюн уурдатып жиберген. Ал милиция издеп жатканы менен уурдалган мал табылбай жатканын айтууда.

Рано Кундузбаева
Рано Кундузбаева

"Түнү эшикке чыкканда уйлар байланып турган. Кайра таңкы 4төр чамасында эшикке чыксам жок. Байланып турган жиптерин кыркып, төртөөнү тен алып кетиптир. Милиция келип окуя боюнча маалымат алып издеп жатышат. Уйдун сүтүн сатып, жарыктын акчасын төлөчүмүн, балдарымдын күнүмдүк керектөөсүнө иштетчү элем. Дыйканчылык кылып акча топтоп сатып алганбыз. Эми минтип короодо эч бир мал калбай калды".

Гүлистан айылынын дагы бир тургуну Бекташ Нышановдун да короосуна ууру кирген. Өткөн аптада түнкүсүн эшикке мал караганы чыккан учурда сарайга кирип келген үч адамды көрүп калып, кыйкырганда алар качып кетишкен. Ошондон бери үй ээси мал-жандыгын түндө да кайтарып отурат.

"Артынан кубалап барып таппай калдык. Акыркы күндөрү ушинтип малкананы кайтармай болуп калдык. Азыр кымбатчылык болуп жатканда, уурулук араң жан баккан элге чоң чыгаша болуп жатат".

Гүлистан айылында эле 15 күндүн ичинде алты уй уурдалган. Таш-Булак айыл аймагынын имамы Ражап Турдиевдин айтымында, айылда мал уурулук күчөгөнү элди бушайманга салууда.

Ражап Турдиев
Ражап Турдиев

“Акыркы күндөрү эле бир үйдөн төрт уй, дагы бир үйдөн эки уй уурдап кетишти. Милиция болсо уурдалган малды талаадан издеп жүрөт. Уурулар жибин кыркып, короодон уурдап кетиптир. Мен айыл элине мечитке баргандар менен сүйлөшүп жатам. Малдарынарга сак болгула, уурулар көбөйүп жатат деп. Эч айла болбой жаткандыктан мен ”Азаттыкка” кайрылдым эле жардам болуп калабы деген ойдо”.

Милициянын маалыматында өткөн жылга салыштырмалуу 2021-жылы мал уурулук көп катталууда. Быйыл сентябрда ушул эле Таш-Булак айыл өкмөтүнөн бир тургуну 31 баш кой жоготсо, коңшу Багыш айылынын дагы бир жашоочусу талаада жайылып жүргөн 51 коюн уурдатып жиберген.

Жабыркагандар милицияга кайрылгандан бир ай өтүп, 82 койду уурдоого шектүү жаран кармалып, эки айга камакка алынды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Шеркул Турганбаев быйылкы жылы мал уурулук көп болгонуна жарандардын да кайдыгерлиги себеп болууда дейт.

Шеркул Турганбаев
Шеркул Турганбаев

“Малын жоготкондордун көпчүлүгү талаага кое берип, карабай койгондор көп болуп жатат. Уурдаганга оңой. Биз уурулуктун бетин ачыш үчүн ыкчам иш аракеттерди жүргүзүп келүүдөбүз”.

Жалал-Абад облусунда 2021-жылдын 10 айында эле 164 мал уурулук фактысы катталган. Анын 134үнүн бети ачылган.

XS
SM
MD
LG