Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Сулайман-Тоо: министрлик менен мэриянын талашы


 Ош шаары, Сулайман-Тоодон тартылган сүрөт. 22-март, 2022-жыл.
Ош шаары, Сулайман-Тоодон тартылган сүрөт. 22-март, 2022-жыл.

Ош шаарынын чок ортосунда жайгашкан Сулайман-Тоо комплексин мэрия өз башкаруусуна алууга аракеттенүүдө. Шаар бийлиги улуттук, археологиялык музей комплекси жакшы каралбай калганын жүйө келтирип жатат.

Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргенден бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруусунда. Уюмдун талаптарына ылайык, тоонун жака белинде курулуш ишин жүргүзүүгө болбойт.

Мэриянын максаты эмне?

Музей комплекстин мэрияга өтүшүнө министрлик дагы, Кыргызстандагы ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссия дагы каршы болгон. Ал эми Ош мэриясы Сулайман-Тоонун жака-бели оңоп-түзөөгө, музейди жакшыртууга каражат бөлүнбөй, туристтерди тартуу аракеттери жакшы эмес деп эсептейт. Тоого келген туристтерден жылына 8-10 млн. сом чогуларын, ал каражат аз экенин жана майнапсыз коротуларын жүйө келтирүүдө. Оштун биринчи-вице мэри Марс Исаев ​шаар бийлигинин сунушун төмөнкүчө түшүндүрдү:

"Сулайман-Тоону биз турист келсе, уялбай турган абалга алып келели деп жатабыз. Жай келгенде өрт чыгып, чөптөрү куурап, эски мүрзө эбак жабылса дагы, аны кайра иштеткен учурлар болуп жатат. Бак-дарактар куурап жатат. Ал тургай ал жерде даараткана жок экен. Заманбап даараткана куруш керек. Бул заман талабы. Муну баары колдошот. ЮНЕСКОго кат жазып, алар менен дагы чогуу иш алып барабыз".

Азыркы учурда шаардык мэрия тоонун аймагында эч кандай иш-аракеттерди жүргүзө албайт. Сулайман-Тоону мэриянын балансына өткөрүү аракети мурунку мэрлер Мелис Мырзакматов, Айтмамат Кадырбаевдин учурунда да болгон дейт "Сулайман-Тоо" музей комплексинин директорунун орун басары Хайрулла Убайдуллаев.

"Бул маселе юридикалык жактан такталып, кайра жабылат деп ойлойм. Буга чейин иштеп кеткен мэрлер тарабынан дагы ушундай көп аракеттер болгон. Эң катуу аракеттер Мелис Мырзакматов мэр болуп турган учурда болду. Атайын "Сулайман-Тоо-Ак-Буура" деген муниципалдык ишкана түзүп, биздин кассаларга өздөрүнүн адамдарын коюшуп, ушундай аракеттер болду. Сулайман-Тоо музей комплексинин жамаатынын позициясы - Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин кармагында турушу керек. Себеби, мунун улуттук деген макамы бар, ЮНЕСКОнун тизмесинде. Мэрияга өтүп кете турган болсо, азыркы мэриянын курмы жакшы ниетте болушу мүмкүн. Кийин мэр, депутат болуп башкалар келет да. Ошондо бул маселе жергиликтүү деңгээлде чечилип, Сулайман-Тоо өзүнүн табигый сыпатын жоготуп коюшу мүмкүн. Ар түрдүү тараптарга ижарага берилип, соода түйүнүнө, оюн-зооктун борборуна айланып калышы мүмкүн. Сулайман-Тоодогу инфраструктуралык көйгөйлөр жөнөкөй жолдор менен ишке ашпайт. Бул археологдордун, реставратор сыяктуу топтордун долбоорлору аркылуу реконструкция иштери жүрүш керек. Ошондо да табийгый турпатын сактаган абалда".

Сулайман-Тоо. 2018-жыл, март.
Сулайман-Тоо. 2018-жыл, март.

Сулайман-Тоо ЮНЕСКОго катталгандан кийин дүйнөнүн туш тарабынан туристтер көп келет деген пикирлер болгон. Бирок туристтердин агымында чоң өзгөрүүлөр жок. Жыл сайын Сулайман-Тоого келген чет элдик туристтердин саны беш миңдин тегерегинде деп айтылып жүрөт. Ош мэринин туризм боюнча кеңешчиси Максат Чакиев бул маселенин эки тарабы бар дейт.

"Таяктын эки учу бар дегендей, бир жагынан ЮНЕСКОго киргени жакшы. Корголуп калганы жакшы. Сулайман-Тоо бул кыргыздардын мурасы да. Тилекке каршы, буга чейинки бийлик, министрлер ойлонбой иш жасашкан. ЮНЕСКОго киргизет десе эле киргизе беришкен. Башкысы аларга пиар, жарнама керек болгон. Калганын ойлогон эмес. Кесепети эмне болду? Ош шаары жабыркап жатат. Экинчиден, Сулайман-Тоонун Ош шаарына, элине эч кандай деле пайдасы болгон жок. Мисалы, кол өнөрчүлөр көчөсүн өнүктүрөлү деп, Дүйнөлүк банктан канча деген каражат барууда. Баш аягы 30 млн. доллар каражат барып жатат. Анын баары Ош шаарынын элинин кызычылыгы эске алынбай кирип калган. Бишкектеги чоңдор эмне десе, ошол бойдон кирип калган. Ошол кездеги мэр макул деп киргизип салган".

​Сулайман-Тоонун корук жана буфердик аймагы

​Сулайман-Тоо музей комплекси дүйнөлүк мурастар тизмесине кирерде анын тарыхый эстеликтерин ЮНЕСКО тарабынан түзүлгөн көз карандысыз комиссия аныктап берген. Ага Борбор Азиянын археологдору кирип, комиссия "Тоонун корук жана буфердик аймагы" деп экиге бөлүп караган.

Корук аймактын аянты 134, 7 гектар болуп, ал "өзгөртүлбөйт, эч кандай курулуш курулбайт, анын аянты кеңейбейт жана кичирейбейт" деп корутунду чыккан. Анын чек арасы тоонун айланасындагы Курманжан-Датка, Навои жана Гапар Айтиев көчөлөрү менен шарттуу белгиленген. Ал эми буфердик аймак Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн бир чети, ошондой эле Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн бир бөлүгү кошулган. Жалпысынан 4 миң гектарга чамалуу.

Бул кабыл алынган документтер 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Ош шаарынын башкы планына да киргизилген. Бирок, Оштун биринчи-вице мэри Марс Исаев 15-мартта Фейсбуктагы баракчасына “Ош шаарынын мэриясынын алдында Сулайман -Тоонун буфердик аймагынын чек арасын кайрадан карап чыгуу иштери боюнча комиссиянын биринчи отуруму болуп өткөнүн” жазган.

“Жыйынтыгында Сулайман-Тоонун буфердик аймагын кыскартуу, деталдык пландоо долбоорун аягына чыгарууга акча каражат бөлүү жана Сулайман-Тоону Ош шаарынын оперативдүү башкаруусуна алуу боюнча атайын тапшырмалар берилди”,-деп белгилеген.

"Буфердик аймакка эки кабаттан бийик имарат курулбасын деген чектөө кирип калган. Шаарда жер тартыш болуп жатат. Ош туурасына эмес, бийикке карап өсүшү керек. Ошондон улам биз бул маселени көтөрүп жатабыз. Көп инвесторлор, курулуш тармагындагы ишкерлер шаарды өнүктүрүү үчүн каражат салганга кызыгып жатышат. Бирок, аларга Сулайман-Тоодогу буфердик аймак тосколдук жаратып жатат. Бул аймактын эски бойдон калып жатышы шаардын көркүн бузуп, экономикасына зыян келтирүүдө",-деди "Азатыкка" Марс Исаев.

"Башкы план бул мыйзам да. Ал мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылы кабыл алган. Ал өзү 2010-жылы эле бүткөн. Ош мэриясы планды толук аткара албай жатат. Пландык деталдоо долбоорун иштеп бүтө элек. Андан бери алты жыл өтүп, биз аткара албай жатасыңар деп ызылдап жатабыз. Эми булар алты жыл бою мыйзамсыз жасаган курулуштарды мыйзамдаштырууга аракет кылып жатышат. Экинчиден, Сулайман-Тоо мэрияга өтө турган болсо, анда Дүйнөлүк банк Ош мэриясы менен келишим кылат. Сулайман-Тоо заманбап, сонун эстеликке айланса, мэр Алмаз Мамбетовдун имиджи көтөрүлөт. Биздин мэрлер көнүп калган. Бирөөсү көпүрөнү калтырган, бирөөсү Ак-Буураны, дагы бирөөсү жашылдандырууну калтырышкан. Ошол сыяктуу эле бул Мамбетовдун имиджи үчүн болуп жатат",-дейт жарандык активист Гүлгаакы Мамасалиева.

ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын өкүлү Сабира Солтонгелдиева тоонун буфердик аймагы сакталышы керек деген пикирде.

“Буфердик, корук аймактарды өзгөртүү үчүн ЮНЕСКО менен макулдашуу болушу керек. Бирок, бул ЮНЕСКОнун тизмесинен чыгуу дегенди билдирет. Себеби, корук жана буфердик аймагы ал жерде так жазылган. Өзгөртүүгө болбойт. Бүт баардык өзгөрүүлөр ЮНЕСКО менен макулдашуу аркылуу жүрөт. Бул обьектке Маданият министрлиги жооптуу. Документтер иштелип чыгып, анан ЮНЕСКОго жөнөтүлөт. Ал жакта каралып, бул жакка эксперттер жөнөтүлөт. Эксперттер келип сунуш берет. Мунун жобосу, талаптары бар да. Ошон үчүн биз ошолорду сактоого чакырып жатабыз”.

Чечим кабыл алына элек

Апта башында Ош шаарында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексин реконструкциялоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеге маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жамангулов, Кыргызстандагы ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссия, "Кыргыз реставрация" ишканасынын жетекчилери катышты. Анын алдында алар Сулайман-Тоонунун азыркы абалын, көрүп келишкен.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Сулайман-Тоодо. 22-март, 2022-жыл.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Сулайман-Тоодо. 22-март, 2022-жыл.

Жыйында Ош мэриясы улуттук, археологиялык музей комплексин өз башкаруусуна алуу тууралуу позициясын айтты. Ал эми министр Жаманкулов башкаруу боюнча биргелешкен фонд түзүүнү сунуштаган. Кеңешмеде тараптар бири биринин гана сунуштарын угуп, азырынча чечим кабыл алына элек.

Оштогу Сулайман-Тоо музей комплекси 1979-жылы өзгөчө корук макамы берилип, өкмөттүн карамагындагы мекемеге айланган. 2009-жылдын июнь айында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастарына кирген Кыргызстандагы биринчи тарыхый жана маданий эстелик. Акыркы жылдары Сулайман-Тоонун абалы тууралуу коомчулукта ар кандай сын пикирлер айтылып келет.

  • 16x9 Image

    Арген Нуров

    "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG