Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш, Чолпон-Ата аймактарындагы тарыхый баалуу петроглифтер жайгашкан жерлерге калктуу конуштар түшүп, сарайлар курулуп жатканын маалымдады.
Жакында эле бул аймакка маданият министри Азамат Жаманкулов барып, абал менен таанышып келди. Кыргызстанда соңку жылдары петроглифтер талкаланып жатканы тууралуу бир нече билдирүүлөр болгон. Адистер мындай мамиле менен ачык асман алдындагы тарыхый эстеликтерди жоготуп алабыз деп коңгуроо кагууда.
"Миңдеген эстеликтер түздөлүп кетти"
Белгилүү археолог окумуштуу Кубат Табалдыев Кыргызстандын аймагында миңдеген эстеликтер бузулуп кеткенин, буга өтө кайдыгер мамиле болуп келе жатканын айтууда.
“Дүйнөдө бир гана Кыргызстанда археологиялык эстеликтердин паспортун түзүп, жылына жеринде каттап туруучу орган жок. Совет бийлигинин маалында ушундай чечим болгон. Мен дагы катышып калдым, 1987-жылдарга чейин жүргүзүлүп, аягына чыкпай калды. Ошол бойдон уланган жок. Мурас коргоо боюнча тарбия, билим азыраак болгондуктан бардык инстанцияларда ушул маселеге кайдыгер мамиле. Эгемендик жылдардан кийин бир чоң ката кетти, ушундай археологиялык эстеликтер турган жерлер эске алынбай жеке менчикке берилип кетип, жүз миңдеген эстеликтер түздөлүп кетти. Анан ошол кемчиликти жоюш үчүн Маданият министрлиги жакшы ишти колго алып, азыркы мезгилде жаңы өздөштүрүлө турган жерлерди археологиялык экспертизадан өткөрүү боюнча мыйзамдык өзгөртүүлөр кирген”.
Белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун айтымында, Кыргызстанда 10 миңден 30 миңге чейин саймалуу таш болсо, алардын айрымдары аянычтуу абалда.
“Тогуз-Тородогу таш бетине түшүрүлгөн байыркы сүрөттөрдүн үстүнө ар кандай жазуулар жазылып, сүрөт тартылганын көрүүгө болот. Мындай вандализм башка жерлерде да болгон. Чолпон-Атадагы петроглифтердин да айрымдары булганып, бузулса, Мурдаш жергесинде да жол салабыз, кен казабыз деп жырткычтык менен мамиле жасалган учурлар болду. Баткен шаарынын жанындагы саймалуу таштарды да ташып кетишип, кыйроого учураткандары эсибизде. Тарыхчылар коңгуроо каккандан кийин гана ал жер курчоого алынып, корголгон. Биз тарыхый баалуу таштарды коргоп калбасак, тарыхыбыздын бир бөлүгү кыйроого учураганга барабар. Ал үчүн бардык жарандарыбыз жоопкерчиликтүү мамиле жасашы зарыл”.
Тарыхчылардын эсебинде, Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейиндеги жана Ысык-Көл районунун Сары-Камыш айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки тоо этегиндеги петроглифтер б.з.ч. II миң жылдыктан б.з. ч. I жылдыктарына таандык.
Петроглифтерди сактап калуу далалаты
Ысык-Көлдүн аймагындагы саймалуу таштар менен жакында эле таанышып келген маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов аймакта курулуш иштери жүргөнүн ырастады.
Жаманкулов буга байланыштуу тарыхый эстеликтерди коргоо тууралуу мыйзамдын негизинде алдыда чечим кабыл алынарын кеп кылды.
“Чолпон-Атадагы саймалуу таштар турган аймакка барганыбызда бир канча аянттары бузулуп, кээ бир жерлерине үй, сарайлар салына баштаганын көрдүк. Бизде тарыхый эстеликтерди коргоо боюнча мыйзам бар. Анда жергиликтүү бийликтин, мамлекеттик органдардын жоопкерчиликтери так жазылган. Ошондуктан бул мыйзамды аткаруу максатында өкмөттө дагы бир канча жыйындарды өткөрөбүз. Чолпон-Атадагы эле петроглифтер эле эмес, өлкөдөгү кайсы саймалуу таштар бузулуп жатса, аларды калыбына жана бузгандарга чара көрүү боюнча иш-чараларды жүргүзөбүз. Бул кадамдар жакын арада башталат”.
Министрлик буга чейин жергиликтүү бийлик органдарына эстеликтерди сактоо, андагы жер тилкелерин мамлекеттик музейлерге өткөрүү боюнча бир нече жолу кайрылганы менен жыйынтык чыга электигин да маалымдаган.
Жогорку Кеңештин 2020-жылдын 10-июнун “Ысык-Көл мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан ачык асман алдындагы саймалуу таштар/петроглифтердин абалы жөнүндө” № 3823-VI токтому чыккан.
Маданият министрлиги бул эстеликтерди ачык асман алдындагы музей катары пайдалануу менен туризмдин жаңы объектиси катары толук колдонууга шарт түзсө боло тургандыгын белгилешүүдө.
Бирок Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов петроглифтер турган аймакта курулуш иштери жүрүп жаткандыгын четке кагууда. Ал аталган жай маданий мурастар бар деген каттын негизинде 2016-жылы айылдык кеңештин токтому менен коргоого алынгандыгын, кимдир бирөөгө берилиши жана курулуш салынышы мүмкүн эмес дейт.
“Курулуш жүрүп жатат деген маалымат фейк болушу мүмкүн. Ал жерде эч кандай курулуш иштери жүргөн жок. Инвесторлорго же өндүрүш үчүн жайыт жерлерди трансформациялап берүүгө райондук бийликке ыйгарым укук берилген. Бирок биз райондук комиссиядан жерди транформациялап берерде сөзсүз түрдө маданият министрлигинин корутундусун алабыз. Корутундуну алар жөн эле берип койбойт, өздөрүнүн кызматкерлерин, археологдорду жөнөтүп, ар бир метрин изилдеп, бул жерде эч кандай маданий баалуу мурастар жок деп анан корутунду бергенде гана жер бере алабыз”.
Жумадылов өзү да буга чейин тарыхый эстеликтер турган жайларды коргоп калуу максатында Маданият министрлигине петроглифтер жайгашкан жайларды аныктап берүүсүн өтүнүп, кат жолдогонун айтты.
“Мен буга чейин министрликтин статс-катчысы Бакыт Секимовго да кайрылып келгем. Бизге кайсы жерде баалуу таштар, коргондор, күмбөздөр бар экенин аныктаган картаңарды бергиле, ал жерлерди алдын ала инвесторлорго бербей эле коёлу деп. Тилекке каршы, министрликте андай карта жок экен. Өткөндө коллегияда маселе көтөрүлгөндө министр Жаманкулов да бизде болгону төрт археолог бар экенин билдирген”.
"Уникалдуу петроглифтер корукка айланышы керек"
Саймалуу таштарга байланыштуу 2020-жылы да эл ичинде нааразычылык жаралган. Тактап айтканда, Алайдагы петроглифтер жаткан аймакта жол салынып, көмүр казуу иштери башталып, көпчүлүктүн сынына кабылган.
Бул окуя тууралуу Ош шаарында жашаган түркиялык мугалим, фотограф Зафер Динчер "Фейсбук" баракчасына жазып, сүрөттөрдү жүктөгөндөн кийин гана Маданият министрлигинин көңүлүн бурган.
Ушундан кийин маданият министри Азамат Жаманкулов баш болуп жеринен таанышып, тиешелүү комиссия иш алып барып, археологдордун “маданий мурастар талкаланып жатат” деген жыйынтыгы менен көмүр казууга уруксат алган компаниялардын лицензиялары кайтарылып алынган.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин тарых бөлүмүнүн студенти Исламидин Нурдинов 2020-жылы Алай району менен Кара-Суу районунун чектешкен аймагындагы Мурдаш айылына тиешелүү Ак-Бай жайлоосунда петроглифтер бар экени жөнүндө маалымат алып, саймалуу таштарды изилдеп жүргөн. Кийин бул маселелер унутта калып, кен кайра казыла баштаганын айтты.
“Негизинен Ак-Байдагы казуу иштерин токтотуп, ал жерди корукка алуу боюнча пландар болгон. Бирок ал кезде азыркы маданият министри Жаманкулов кызматтан алынып, иштер токтоп калган. Андан кийинки министрлер бул маселеге көңүл бурулган жок. Менин билишимче азыркы кезде ал жерде казуу иштери уланып жаткан экен. Кийин дагы жергиликтүү тургундарынын өтүнүчү менен Илимдер академиясынан атайын археологдор барып, изилдөөлөрүн жүргүзүптүр. Бирок алар кандай жыйынтыкка келгени боюнча маалымат жок. Эми кызматка кайра Азамат Жаманкулов дайындалды, жогорудагы сактап калуу иштери улантылат деген ойдомун. Ал жер уникалдуу петроглифтер болгондуктан сөзсүз корукка айландырылышы керек”.
Карайлаткан каражат
Саясатчы Равшан Жээнбеков 2010-2015-жылдар аралыгында депутат болуп турган кезинде археологиялык баалуу, тарыхый буюмдардын көпчүлүгү казылып алынып, сыртка кетип жатканын билдирип чыккан. Анын айтымында, мамлекеттин бул тармакка каражат бөлүү жагынан чама-чаркы келбегендиктен маселе учурунда чечилбей калган.
“Археологдорду окутуу жокко эсе болуп калды. Аларга жакшы айлык төлөө да чоң маселе. Ошондуктан Кыргызстанда археолог болуу баалуу болбой турат. Алардын саны аздыгынын себеби ушунда. Экономика бардык адистикке байланыштуу болгондуктан, изилдөөчүлөргө да көңүл бөлүнбөй калды. Мен учурунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги археологдор менен кеңешип анан жогорудагы маселени көтөргөм”.
Кыргызстанда ташка чегилген жазуулар Чолпон-Атанын Сары-Ой айылында, Жалал-Абад облусунун Казарман айылында, Алай районунун Үч-Дөбө айылында жана Ош шаарынын Сулайман тоосунда көп кездешет. Кыргызстанда мындай жерлер "Саймалуу таш" деген ат менен белгилүү.
Саймалуу таштар, петроглифтер ошол кездеги жашаган элдин ишенимин, ой жорумун чагылдырат.
Дүйнөдө петроглифтери бар өлкөлөрдөн Франция эки миңге жакын таш бетиндеги сүрөттөрү менен Гиннеске киргени коомчулукта айтылып келет.