Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:39

Оштогу мэриянын колун караган мекемелер


Оштогу "Тазалык" ишканасы.
Оштогу "Тазалык" ишканасы.

Ош шаарында дотацияда отурган муниципалдык ишканаларды жоюу же жеке менчикке өткөрүү сунушталууда.

Ош шаардык кеңеши 18-февралда 2021-жылга карата Ош шаарынын казынасын 1 млрд. 357 млн. 700 миң сом деп бекитти.

Каражаттын басымдуу бөлүгү турак жай жана коммуналдык чарбага бөлүнгөн — 404 млн. 251 миң сом. Билим берүү тармагына 396 млн. 393 миң сом, жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга 302 млн. 258 миң сом каралган.

Каржалган казынадан карызга кеткен каражаттар

Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн бөлүнгөн каражаттын дээрлик 190 миллион сому тышкы насыяларды төлөө жана Эл аралык уюмдарга мүчө акыны берүүгө жумшалат.

Башкача айтканда, Ош шаарынын казынасынын жетиден бир бөлүгү карыздарды төлөөгө кетет.

"Ош-Тазалыктын" карызга алынган техникалары.
"Ош-Тазалыктын" карызга алынган техникалары.

Мэриянын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талант Кайымовдун айтымында, бул насыяны мэриянын карамагындагы негизги үч чоң өзүн-өзү каржылаган ишкана алган.

Алар:
— «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы;
— «Ош шаар суу канал» муниципалдык ишканасы;
— Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы.

Насыя алып жаткан учурда мэрия Эл аралык уюмдарга кепилдик бергендиктен, өз карамагындагы ишканалар алган карыздарды төлөөгө мажбур болууда.

Талант Кайымов
Талант Кайымов

«Алган кредиттердин жалпы суммасы 13 млн. 200 миң евро. Анын 3 млн. 600 миң евросун кайтарып бердик. Бүгүнкү күндөн 2031-жылга чейин кайтара турган 9 млн. 600 миң евро калды», — деди Талант Кайымов.

Калаа бийлиги бул ишканалардын насыясын төлөп берүүдөн сырткары жыл сайын каражат да бөлүп турат. Мисалы, 2021-жылы «Ош-Тазалык» үчүн — 23 миллион 500 миң сом, автоунаа ишканасы үчүн 20 миллион сом бөлүп берген.

Автоунаа ишканасынын жалпы бюджети жыл сайын 40-50 миллион сомдун тегерегинде болот. Былтыр казынага 19 миллион сом жет жабылган. Коомдук транспортторду тейлеген ишкана дүйнөлүк практикада бул тармакта пайда таба албай турганына шилтеме кылуу менен актанып келет.

«Ош-Тазалык» эрке балабы?

Ал эми «Ош-Тазалык» жогорудагы акчаны коомдук жайларды шыпырып-тазалап көчөлөргө туз сээп жатканы үчүн алат.

«"Ош-Тазалык" ишканасына мурда Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатында иштеп келген 100дөн ашык - көчө шыпырган, арыктарды тазалаган, таштанды чогулткан жумушчулар өткөрүлүп берилген. Алар Ош шаарындагы муниципалитетке караган жайларды тазалайт. Ошон үчүн аларга жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүп беребиз», - деди Кайымов.

Деген менен «Ош-Тазалык» шаарда 220 миң кишини тейлеп, жылдык бюджети 90 миллионго чукулдайт. Мэриядан 23 миллион 500 миң сом алганын эске салсак, жалпы казынасынын дээрлик төрттөн бир бөлүгүн ушул акча менен жабат.

Эмне кылса болот?

Ош шаардык кеңешинин депутаты Эсенбек Арзиев бул ишканалар электрондук эсептөөгө өтүп, аларда айланган акча тыкыр көзөмөлдөнүшү керек деген пикирде.

Анткени мекемелер азыркыга чейин дүмүрчөктөрдү колго жазып келгендиктен, жалпы эсепке түшпөй калышы да мүмкүн деп шек санайт.

Эсенбек Арзиев
Эсенбек Арзиев

«Кол менен квитанция жазып берүүнү жокко чыгаруу керек. Жетекчилеринен колдонуучулардын санын сураса, 200 миңдин тегерегиндеги санды айтышат. Эч кандай өсүш жок. Бул жерде "кара бухгалтерия" да болушу ыктымал. Анан шаарда 500 миңден ашуун киши жашары белгилүү. Андан сырткары эки ишкана тең бир эле шаарды тейлебейт, коңшу жайгашкан райондорду да тейлеп, алардан да төлөм алышат».

Шаардык бийликтин маалыматында муниципалдык мекемелер жыл сайын текшерүүдөн өтүп, зарыл учурда алардын планы жогорулап турат.

Ал эми жарандык активист Мирбек Маматкасым жүргүнчүлөрдү ташуу жана таштандыны тазалоону менчик ишканаларга берип, атаандаштыкка жол ачуу керек деген пикирде.

Мирбек Маматкасым.
Мирбек Маматкасым.

«Мэрия элди ташып бизнес кылууну ойлонбой эле коюшу керек. Муну жеке жактарга берип, баасын гана эл көтөрө тургандай кылып көзөмөлдөп туруу зарыл. Шаар мындай иштерди монополия кылып кармабашы керек. Автобустардын, троллейбустардын бузулуп жатканы бул — менежменттин начарлыгынын кабар берет. Менин билишимче кээ бир өлкөлөрдө таштанды ташуу жана аны утилизация кылуу жеке ишканаларга берилген. Мэриянын башы оорубайт, акча да төлөнбөйт. Анткени таштанды жыйноо - бул кирешелүү бизнес. Ал жерден кайра иштетүүгө жарактуу нерселер чыгат. Керек болсо фирмалар бири-бири менен атаандашып, "биз ташыйлы" деп талашат. Биз да ушундай тажрыйбаларды колдонушубуз керек».

Экономика тармагындагы эксперттер аталган мекемелерди дотациядан чыгаруу үчүн суу, таштанды, жол акынын баасын кымбаттатуу, жетекчиликке сынак жарыялоо менен күчтүү менежерди дайындоо, бюджетин ачык-айкын көрсөтүү сыяктуу чечкиндүү кадамдарга баруу керектигин айтып келишет.

Калаа бийлиги да алдыда бул үч ишкана карызын өзү төлөп, мэриядан эч кандай каражат албай иштешине аракет көрүүдө. Бирок азырынча кандай кадамдарга бара турганы белгисиз.

Ош шаардык казынасына мындан бөлөк да бир топ мекемелер көз каранды. Маселен, маданият жана спорт тармагын каржылоого 83 миллион сомго жакын акча бөлүнөт.

Анын ичине Спорт комитети, Маданият башкармалыгы, Жаштар комитети, «Алай» футбол клубу, «Сулайман-Тоо» волейбол клубу, «Ош шамы» гезити сыяктуу мекемелер кирет.

XS
SM
MD
LG