Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:45

Кыргыздан кыйын снукерчилер чыкса экен...


Ирандык снукерчи Акрам Мохамади Амини. 2015-жыл.
Ирандык снукерчи Акрам Мохамади Амини. 2015-жыл.

Кыштын узун түнүндө окуп коюңуз. «Азаттыктын» окурмандарына өзүм билген спорттун түрү – снукер тууралуу айтып берүүнү эп көрдүм. Анан калса адамдын жашоосу жалаң саясаттан турбайт эмеспи.

Мен бильярд спортун жакшы билип, аз-маз аралаша баштаганыма итапкан убакыт болду. Бишкек, облустук көптөгөн шаарларда да бильярд залдары бир топ. Демек, бул оюнду бизде эркектердин көпчүлүгү ойнойт десек болот.

Бильярд оюну ичинен көп түрлөргө бөлүнөт. Мына ошолордун бири снукер. Бильярд да, снукер да кий деп аталган таякча менен ойнолот. Дайыма ойногон оюнчулардын жеке кийлери болот. Профессионал спортчулар кийлерди атайын буюртма менен жасатышат.

Снукер оюну жыйырманчы кылымдын башында Улуу Британияда негизделген. 1970-жылдардан тарта гана снукерге олуттуу көңүл бурулуп, байгелүү мелдештер, дүйнө чемпионаты бирдей тартип менен өтө баштаган.

Бул өлкөдөгү Шеффилд шаары снукердин «Мекеси». Бул шаарда снукер академиясы, дүйнөлүк чемпионат өтө турган Крусибл театры жайгашкан.

Снукер чемпиону Жон Хиггинс. 2007-жыл.
Снукер чемпиону Жон Хиггинс. 2007-жыл.

Бир жолу Бишкектеги бильярд залдардын бирине кирсек, түркүн түстүү майда шарлары бар, шар түшө турган лузалары чоң бир башкача стол туруптур. Арабызда билгендер бул снукер столу экенин, эрежесин түшүндүргөн соң ойной баштадык. Ойноп деп коем да, кайдан, эрежелери такыр башкача оюнга көнө албай койдук. Бирок ошондон тарта абдан кызыгып калдым.

15 кызыл шар алты түстүү башка шарлар менен кезектешип атылган, ар бир шардын упайы бар, аткыч шар атылбай турган шарга жашынса «снукер» болуп калган бул оюн мага жагып калды.

2015-жылы Евроспорт каналынан биринчи жолу снукер боюнча дүйнө чемпионатын көз ирмебей отуруп 16 күн көрдүм. Эмнегедир Стюарт Бинхем деген оюнчуга күйөрман болдум эле, кудай жалгап ал бардыгын жеңип, ошол жылы дүйнө чемпиону болуп калбаспы! (Ошондон бери көзүмө жылуу көрүнөт.)

Ошол убактан тарта снукерге кызыгуу күч алып, бул спорттун кыйындарын, эрежелерин, турнирлерин, жеңүүчүлөрдүн байгелери, рейтингдери, жаңы чыккан оюнчулары тууралуу дайыма кабардар болуп турам. Ал эми жылыга апрелде өтө турган дүйнө чемпионатын абдан күтүп көрөм.

Мага эң жакканы бул жогорку интеллектуалдуу жекече оюн болгондугунда. Себеби мелдеш эки гана адамдын ортосунда болгондуктан, болгон академиялык билим, тажрыйба, эсепсиз сааттык машыгуулар, мээнин сергектиги, колдун тактыгы, көздүн курчтугу, тобокелден баш тартпаган жүрөк, акырында бир нече саат бою акылдын, нервдин жана физикалык күчтүн концентрациясын кармай алуу гана жеңишке алып келет.

Дагы бир жагымдуу көрүнүш, спортчулардын бардыгы аларды сымбаттуу көрсөткөн классикалык үлгүдөгү костюмдарды: жеңдүү көйнөк, жука жилетка кийип, моюнга бантик тагынгандыгында.

Снукерге рефери (калыс) болуу да өзгөчө сыймык. Акыркы кезде кыздардан, анын ичинде кытайлык кыздардан бир топ реферилер чыгууда. Снукерди 8, 10 жаштан үйрөнө баштаса болот.

Эми снукерди кимдер ойношот? Негизинен англичандар, ирландиялыктар, шотландиялыктар анан кытайлар басымдуулук кылат. Австралия, Тайвань, Таиланд, Бельгия, Иран, Пакистандан бирин-серин спортчулар бар.

Азыркы учурда легендага айланган дүйнөлүк снукер жылдыздары – Ронни Салливан, Жон Хиггинс, Марк Селби, Марк Уильямс, Нил Робертсон жана Жад Трамп. Алды дүйнөнүн алты жолку, арты бир жолку чемпион болушкан.

Снукер чемпиону Ронни О Салливан.
Снукер чемпиону Ронни О Салливан.

Жылына 30-40тай рейтингди аныктоочу турнирлерде снукер ойнолуп, баш байгени уткан спортчу орточо 80 миң фунт стерлингге ээ болот. Экинчи, үчүнчү орунга ээ болгондор бул сумманын жарымын, чейрек бөлүгүн алышат. Мындан тышкары кайсы оюнчу 147 упайды (15 кызыл шарды жалаң кара шар менен кезектешип киргизип, акырында калган түстүү шарларды киргизүү) үзгүлтүксүз ойноо менен топтой алса, буга да өзүнчө байге бар.

Ар бир рейтингдик турнирде ким көп упай топтосо, анын орду рейтинг таблицасында жогорулап жүрүп отурат. Рейтинг таблицасында ээлеген ордуна жараша Топ-16, Топ-32 деп аталып келет. Топ-16дагы спортчулар эң күчтүү алдыңкы оюнчулар. Снукер сезону жыл сайын жаңы турнирлер менен башталып, сезон аягында дүйнө чемпионаты менен аяктайт.

Кытайдан чыккан алгачкы снукер спортчусу Дин Жунху снукердин Кытайдагы дыңын бузду десек болот. Миллиарддаган калктын ичине 100 миллиону эле бул спортко кызыкса шумдук да! Дин Жунхуну энеси кенедей кезинен Англияга алып келип, жанында жүрүп снукер академиясынан окуткан экен. Анын аркасынан башка кытайлар да агылып кирип, академияда мыкты билим, тажрыйба алып, азыр келечегинен көптү үмүттөндүргөн снукерчилер кытайлыктар болуп эсептелет.

2020-жылы башталган COVID-19 пандемиясы снукерге да таасирин тийгизди. Бардык мелдештер көрүүчүлөрү жок бош залдарда уюштурулуп, оюндар спорттук телеканалдар үчүн гана өтүп жатты.

Өткөн жылдын апрель айындагы снукер боюнча кезектеги дүйнө чемпионатынын жарым финалдагы драмалуу оюндарынын таасиринен бир топко чейин чыга албай жүрдүм. Себеби жарым финалга чыккан төрт спортчунун ортосундагы кармаш – эмоционалдык, психологиялык жактан ушунчалык терең таасир калтыргандыктан, уктай албай, башка эч нерсе жасай албай калган абалга алып келди. (Азыр ойлосом, апрелде бизде коронавирус карантини катуу башталган убакытта жаман кабарлардан алаксыш үчүн, снукерди берилип көрүпмүн).

Айрыкча жарым финалга чыккан эки жаш оюнчу Кайрен Уилсон менен Энтони Макгилдин оюндары алай-дүлөй түшүргөн эмоция, ичтен өлүп тирилгендей абал менен коштолду. Эгер оюнчулардын психикасы бекем болбосо, кийди ыргытып жиберип басып кете тургандай учур көп болду. Кимдин кашкөй спортчу, кыйын экендиги ушундайда даана ачылат тура.

Ал эми дүйнөнүн беш жолку чемпиону Ронни О Салливан менен дүйнөнүн үч жолку чемпиону Марк Селбинин жарым финалдагы кармашын атайын окуу куралы катары пайдаланса болот. Экөө жөн эле ойношкон жок, алар психологиялык, физикалык, 15-20 жылдык тажрыйбанын, дегеле мыкты спортчуда боло турган бардык сапаттардын кармашын көрсөтүштү. Акыры «Ракета» деген каймана аты бар Р. Салливан күчтүүлүгүн көрсөтүп, атаандашын жеңди.

Кыргызстандык снукерчи Мухамед Каримберди уулу. Киев, Украина. 2017-жыл.
Кыргызстандык снукерчи Мухамед Каримберди уулу. Киев, Украина. 2017-жыл.

Чемпионаттын финалына К. Уилсон менен Р. O Салливан чыгып, жарым финалдагыдай катуу кармаш болгон жок. Натыйжада беш жолку чемпион Р. Салливан - «Ракета» жаш атаандашын жеңил-желпи эле утуп алып, чемпиондук титулга алтынчы ирет татыктуу экендигин далилдеди. Азыркы учурда Р. Салливанга татыктуу снукерчи жок.

Кыргызстандын снукер федерациясы бар. Бирок жогорку деңгээлдеги оюнчуларды даярдоо, эл аралык турнирлерге катышуу үчүн көп убакыт жана чоң каражат керек. Биз болбосок да балдарыбыз ошондой деңгээлди көрүп калса экен деп ойлойм.

Менин кыялым, эки-үч жыл ичинде Шеффилддеги снукер чемпионатын өз көзүм менен көргүм келет. Анүчүн бир жыл мурда Крусибл театрына билет сатып алыш керек.

Аскер Сакыбаева, журналист

Автордун көз карашы "Азаттыктын" пикирин чагылдырбайт.

XS
SM
MD
LG