Жаңылыктар | 17.10.2025 | Трамп менен Путин сүйлөштү. Украинадагы согуш токтойбу?
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен бейшембидеги телефондук сүйлөшүүсү жемиштүү болгонун билдирди. Бул тууралуу Трамп орус президенти менен сүйлөшөрүн Truth Social социалдык тармагына жарыя кылгандан 1,5 сааттан кийин жазды. Андан кийин Путин менен Будапештте жолугушууну макулдашканын жарыялады. АКШ президенти Путин менен баарлашуусу жана “көптөгөн маселелер” тууралуу Вашингтонго 17-сентябрда сапар менен келчү Украинанын президенти Владимир Зеленский менен талкуулай турганын да жарыя кылды. Ушул жана башка жаңылыктарды "Азаттыктын" кечки радио эфиринде угуңуз.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 15, 2025
Жаңылктар | 15.10.2025 | Көк-Жардагы жерлерди ким мыйзамсыз саткан?
Шерине