Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

МЕДИА: Биз түшүнгөн, биз түшүнбөгөн Мелис Эшимканов


Мелис Эшимканов
Мелис Эшимканов

Ыраматылык коомдук ишмер, чыгаан журналист жана публицист Мелис Эшимкановдун (1962--2011) жаркын элесине арналган журналист кесиптешинин чакан блог-эскерүүсү.

АЛГЫ СӨЗ.

Эгемендүү Кыргызстандын 30 жылдык тарыхында “Мелис Эшимканов” деген ысым жазылып калды. Ал кыргыз журналистикасында, саясий айдыңында бирөөлөр үчүн легенда болсо, башкалары үчүн табышмак инсан боюнча кетти. Ошондуктан Мелис жөнүндө жазуу бир жагы оңой болсо, экинчи жагы оор, кыйын. Кыйындыгы ушул -- ал кыска өмүрүндө бунтарь, демократ, авантюрист, харизматик, парадокс, өзүнчө эле феномен инсан болчу, дегендер көп. Анын баарына баам салып, Мелистин бейнесин тартуу мен үчүн да кыйын болду...

“Мал болбой калышы мүмкүн...”

Мелис Эшимканов Кыргызстандын азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун борбору – Казарман айылында 1962-жылы 9-декабрда жарык дүйнөгө келген. Теги атбашылык атасы Асек райондук ооруканада бир нече жыл дарыгер болуп иштеген. Ошондон улам “Бакыт экөөбүз жердешпиз” деп калчу. Жердешим менен “Жаштык жарчысы”, “Асаба” гезиттеринде беш жылга жакын иштедим.

Мелис төрөлгөндө эле ата-энесин түйшүккө салган. Жарык дүйнөгө ден соолугу чабал келгендиктен, анын мал болуп кетүүсүнөн күмөн санагандар көп болгон. “Мен итий болуп төрөлүптүрмүн. Колу-бутум ипичке, башы чарадай, курсагы чоң бала болгон экенмин. Жада калса эмчек эмгенге да жарабай койгонумда, ата-энем катуу коркот. Чарчап калбасын деп дарыгерлер глюкоза сайып, эптеп эки ай кармашкан экен... Ошентип ата-энем ыйлап-сыктап турушканда, өмүр бою чабан болуп иштеген атамдын агасы “кой, балаңарды мен алып кетейин, киши болсо анысын, киши болбосо мунусун көрөсүңөр”, - деп өзү менен тоого алып кетет” (“Суперинфо”, 19-25. 02.2010), -- деп Мекем өзү эскерет.

Тоого алып кетип, баккан атасы менен апасынын өз балдары жок болсо да, Мелисти “тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай”, айран-сүткө, кымызга киринтип багышат. Жети жашка чейин чыныгы өз атасын билбей, шаар эмес, айылдын “цивилизациясын” көрбөй чоңоёт.

Биздин каарман баккан атасынын тили заар, жини чукул каардуу камчысын, анын “зөөкүр байларга” окшош экендигин, баккан апасынын мээримин, бутун ойо бастырып, жаан-чачынга карабай кой кайтарганын, түндөп айылга качып жолдо түнөгөнүн, ж.б. толгон жомокторун эч жашырбайт.

Мелис балтыр эти ката электе элеттин “каар заманына” бышып чоңойгонун байкабыз. Тоонун толгон түйшүгүнө бышып, айылдагы балдарга жемин жедирбеген “баатыр” болуп чоңоёт. Убагында көкөйгө көк таштай тийген тоонун турмушу, кийин Мекемдин макалаларында жашоосунун философиясына айланганын байкайбыз. Анын күчтүү, өжөр адам болуп калыптанышынын баштапкы пайдубалы Ат-Башынын тоолору, анын асыл адамдары болгон.

Мелис мектепке кирерде жайлоодон түшүп, өз атасы Асектин колуна келип, Фрунзедеги №50 мектептен окуйт. “Мелис орусча сүйлөп койчу” дешсе “келгенский”, “барганский” деп кошуп, тартынбай сүйлөй берчүмүн, деп өзү көп айтып калчу.

Тоодон алып келген тарбиясы, шаардагы өгөйлөгөн турмуш Мелисти ого бетер чыйралтат. Камчы салдырбай окуп, бат эле классташтарынан суурулуп чыгып, окуудан, футболдон да алдыга чыгат. Көчөдөгү балдар менен мушташканда да талканын тарттырып жибербей, кол тийгис “өз баласына” айланат. 5-класста колу кычышып, кыздарга каттарды, дилбаяндарды жазып “атактуу жазуучуга” айланат.

“Ак кеме” киносуна таасирленип жазган дил баяны “Кыргызстан пионери” гезитине жарыяланганда жазуучу болууну дегдеп, ооруп калат. Кыргыз телевидениесине келип, жомоктордогу балдардын ролун аткарат, ошондо журналист болууну эңсейт.

“Түндүктөн түшкөн редактор”

Мелистин эмгек жолу 10-класста окуп жүргөндө эле башталган, борбордогу “Физприбор” заводунда жумушчу болуп кирип, акча таба баштаган. 1980-жылы азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүнө кирип окуйт. Баягы бала кезинен берки кыялын орундатам деп, кыргыз телевидениесинин эшигин жырта берет, бара берет.

Балдарга, жаштарга арналган көрсөтүүлөргө катышып, берген тапшырмаларды “суусун жерге тамызбай” аткаргандан тажабайт. Ага алымсынбай “Ленинчил жаш”, “Комсомолец Киргизии” гезиттерине каттап, кыргызча, орусча макалаларын ташып, “качан чыгарасыңар” деп алардын шайын оодарат.

Адамдын дараметин, жанда жок аракетин, ички кубатын сезген “Ленинчил жаш” гезитинин ал кездеги башкы редактору Калыбай Осмоналиев 1986-жылы университетти бүтүп-бүтөлек Эшимкановду дароо жумушка алат.

Ички дымагын, максатын жашыра албаган Мекең “беш жылдан кийин ушул гезитке редактор болом” дейт. Анын сөзүн башында шамал ойногон балакайдын ою дешип уккандардын бири да таназарга алган эмес, шылдыңдап күлгөндөр көп болгон.

Мыйыгынан жылмайган кесиптештеринин кытмыр күлкүлөрү Мелисти ого бетер чыйралтат, улам элде жок макалаларды жазып, окурмандардын оозуна, аркы жогорку комсомол уюмунун жетекчилеринин көзүнө, сөзүнө илине баштайт.

“Жаш калемдештерге”, “Таттыбүбүнүн кызы”, “Жаш режиссёрлор жардамга муктаж”, “10-“Б” неге таарынды?” деген макалалары далайдын бүйүрүн кызытып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Жазгандары компартиялык, комсомолдук чогулуштарда каралып, чаралар көрүлөт. Коомчулуктун көңүлүнө алына баштаган жаш кабарчы 1988-жылы 26 жашында Фрунзе шаарынын 1-май райондук кеңешине депутат болуп шайланып кетип, дагы көптүн оозун ачырат.

Мелистин бактысына Михаил Горбачёвдун “кайра куруу” саясаты (1986) башталып калып, каалагандай ачык жазууга жакшы шарт түзүлгөн. Ал жазгандын баары талкуунун темасына айланып, оргуган ойлору менен окурманды да дүрбөлөңгө салып жатты. Белгилүү акын Акбар Рыскулов редактор болуп турганда “Ленинчил жаш” гезити “Жаштык жарчысы” болуп өзгөрөт.

ЛКСМ Борбордук Комитети тараптан: “Жаштык жарчысынын” аты эле өзгөрбөй, гезиттин заты, анын редактору да өзгөрүү керек”, деген жел сого баштайт. Жел шамалга айланып, комсомолдун республикалык комитетинин пленуму гезиттин жетекчисин атаандаштык негизде шайлоону чечет. Өзүнүн ички-сырткы дымагы ашып турган Мелис ЛКЖС БКнын пленумунун мүчөлөрүнөн жана редакция кызматкерлеринен колдоого табууга аракет кылат, шайлоого чейин аны бекемдеп коёт. Баса, ал кезде Мекең комсомолдун Борбордук комитетинде сектор башчысы болуп иштеп жаткан эле.

1991-жылы апрель айында жаштар гезитине редактор болом деп ал кездеги аттуу-баштуу 4 журналист ат салышат, бири – Мелис, жашы да Мелис. Шайлоонун жыйынтыгы чыкканда Бишкекте “күн күркүрөп, чагылган түшкөндөй” эле болду. Эч ким күтпөгөн, пакана бой Мелис Эшимканов “Жаштык жарчысы” гезитине башкы редактор болуп шайланат. Жеңилип калгандар ызасына чыдашпай “Түндүктөн түшкөн редактор” деп макала жазышты. Анан баягы “беш жылдан кийин редактор болом” деген сөздү эстешти. Ошондон кийин Мекеңдин лакап аты “түндүктөн түшкөн” аталып калды.

Мелис күтүп отурган жок, “Жаштык жарчысы” гезитин “Асаба” деп өзгөрттү, журналисттердин жаңы командасын түздү. Көп өтпөй гезиттин башын комсомолдун ээлигинен чыгартып, “өзү бий, өзү хан” болуп калды. Ага жетиш үчүн көп тоскоолдуктардан өттү. Ал учурдагы катуу замандын каары күчүндө экендигин эске алганда, Мелис ошондо эле эрдик иш жасаган.

“Асабаны” желбиретип...

Мелистин таскагы “Асабада” ачылды, элдин оозунда ушул эле гезит болуп калды. Калктын ишенгени, бийликтин корккону да жалгыз “Асаба” эле.

Акаев президент “мени бүгүн сындабаптырбы”, деп ишин “Асаба” гезитин окуудан баштайт”, деген айың кеп кеткен. Айтор, “Асаба” менен Акаевдин мамилеси бирде мемиреген жаз окшоп жылуу болсо, бирде бороон чапкындуу кыш сымал болду. Ошонун баарына Мекемдин Ак үй менен болгон алакасы, кызматташтыгы өз таасирин тийгизип турган.

Кээде, оппозициянын азгырыгы менен президентти шыбаган учурлар көп болду. “Асабада” “Чокчолой баатыр” рубрикасы менен Ак үйдөгү интригалар байма-бай чыгып, президенттин шаштысын кетирген учурларды санап болбойт. Акаевдин айланасындагылар эле “Асабанын” штаттан сырткаркы “кабарчылары” болушкан.

Мелис Акаевдин доорунда “президенттин керт башына сыйынбай, көкөлөтө мактабай эле коёлу. Сындасак да өзүбүздүн башыбыздагы “төөнү” көрө жүрөлү. Референдумга ал жыргаганынан бараткан жок. Биздин гезит президенттин референдум өткөрүү демилгесине колдоо көрсөтүүчү демилгелүү топ түздү” (“Асаба”, 1994-жыл, 30-январь) деп гезити менен кош колдоп колдосо, бир топ убакыт өткөндөн кийин “жалаң партсоветтик номенклатура кадрларына таянып, алардын эл турмушунан алыс эрежелерине ишенгениңиз, коррупциянын ажыдаарларын, жез тырмактарын өзүңүздүн жаныңызга – жетинчи кабатка жеткиргениңиз бийлик кризисин жаратып, элдин келечекке ишенбөөчүлүгүн жаратты” (“Асаба”, 2000, 31-август), -- деп Акаевди бетке чаап, көзгө сайып сындап келди.

Акаевдин айланасындагылар “Асабаны” бийликтин көкөйүнө көк таштай тийип, тамагына тыгылган кылкандай көрсөтүп, бейбаш гезиттен кутулуунун жолун издеп жатышты. Мелистин оозун жабуу үчүн ортомчуларды салышты. Ага болбогондо өкмөтчүл маалымат каражаттары аркылуу Эшимкановдун эсин оодарып, шыбап жатышты. Аны да тоготпогондо Мекеңдин үйүнүн босогосуна бир кап туз жөнөтүштү.

“Асабанын” кожоюнуна туз да таасир берген жок. Ага болбогондо советтик Кыргызстандын мурдагы жетекчиси Т. Усубалиевдин колу менен сотко беришип, “Асабаны” 5 миллион сом доого жыгып, гезитти жаап тынышты.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында мынчалык акчага жыккан учур боло элек. Саясаттагы бул күрөш Мелисти дагы сынады, чарчатты. Ийилди, ыйлады, бирок сынган жок. “Ал бийликтин адамдары менен өздөрүнө жараша сүйлөшчү, керек учурда аларды пайдалана билчү. Ал эми жөнөкөй журналисттерге келгенде абдан күйүмдүү эле, жапакеч эле. Байлардан, бийликтен кайсы бир жол менен тапкан акчасына Робин Гуддай болуп журналисттерди бакчу”, - деп эскерет Мелистин шакирти Аскер Сакыбаева айым...

Дүйнөлүк тарыхта журналист болуп туруп, саясий партия түзгөн учур сейрек учурайт. Журналист катары да калайыкка көзгө көрүнүп, өкмөт башчылыкка келгендер да тарыхта бар. Албетте, саясаттын кайнаган жеринде журналисттер болот, аралашат, катышат, жазат, жарыялайт. Эгер журналист саясатка барып карьера жасап, депутат, же министр болом, десе анда өлкө мыйзамына ылайык кээде калемгерликти убактылуу ташташы керек болот.

Владимир Ленин болсо "Правда" гезитин негиздеп, анан бийлик үчүн, ыңкылап үчүн күрөшүн тездеткен эмеспи.

Мелис эркин гезиттин башкарып туруп, 1990-жылдардын экинчи жарымында “Бей-бечаралар” партиясын түздү. “Асабаны”, “Агымды” партиянын үгүттөөчү куралы катары пайдаланды, гезиттер саны сайын партияны даңазалап, ага кошулууга чакырып жатты. Анын аркасы менен миңдеген адамдар “Бей-бечараларга” ишенип, күргүштөп кирип жатышты. Мелистин массаны уюштуруудагы, ишендирүүдөгү дагы бир таланты ачылды.

“Анын мыкты саясатчылыгы -- ал башкалар батынбаган нерселерди тобокелдикке салып жасачу, "мен жасайм, көпүрө болом" деп көп саясатчылардын башын кошо алчу, эң кызыгы, саясатчылар аны угушчу, тилин алышчу”,- деген пикирлерди көп окуйбуз.

Мелис 2005-жылдын 24-мартындагы окуянын шарапаты менен, шайлоочулардын кубаттуу колдоосу, анын ичинде Алмазбек Атамбаевдин да анча-мынча көмөгү менен Бишкектеги “Асанбай" шайлоо чөлкөмүнөн Жогорку Кеңешке депутат болуп, саясаттын дагы бир чоң мектебинен өтөт.

Өкүнүчтүүсү, “Бейбечаралар” партиясы ара жолдо калды, саясий айдыңдан көрүнбөй калды, ишенген элдин үмүтү өчтү... Мелистин партия лидери катары тагдыры ушундай болду.

Мелис Эшимкановду Кыргызстанда эркин журналистиканын өнүгүшүнө зор салым кошкон менежер-редактор катары жогору баалагандар, ошол эле учурда, ал кыргыз журналистикасында “имиш, айың кеп жанрын” калыптандырган, аны өнүктүргөн бир муун калемгерлерди “тарбиялап” кеткен деп сынга да алып айтышат.

“Имиш тууралуу айтсам. Кыргызда “жандоочу кийик аттырат” деген сөз бар. Өзүңдү-өзүң мактаганча, бирөөнү мактаган, же шыбаган өтө жеңил. Бул жанрдын пайда болушу да ошол мезгилдин талабы болду окшойт” (“Майдан.kg”, 16.06. 2011), -- деп кайсы бир интервьюсунда ал өз кемчилигин мойнуна алганы бар.

“Адыраңдап оппозицияда жүргөндө “Агымдын” бир чоң катачылыгы –- бир жактуулукка өтүп алгандыгы болду” (“Агым”, 25.07.08), -- деп өз катасын сезгени да бар. Бул дагы Мелистин тагдыры, өзүн сындоого келгендеги ачыктыгы болду.

“Кара жашик” КТРге, “принц” Максим Бакиевге барганда

2006-жылдан баштап президент Курманбек Бакиевге элдин нааразычылыгы көбөйүп, оппозиция байма-бай митингдерди өткөрө баштаган. Мелис да алардын катарында эле эмес, ири саясий иш-чаарларлын алып баруучусу (модератору), өзү айткандай, “ди-жейи” болуп жүрдү.

Нааразылык жыйынында. Бишкек. 29.4.2006.
Нааразылык жыйынында. Бишкек. 29.4.2006.

Тапандыгы, тапкычтыгы, куйкум сөзү менен элдин бүйүрүн кызытып, сезимин козгоп, ал калайыкты улуу күрөштөргө чакырып жатты. Бакиев бийлиги менен оппозиция элдешкис чекке жетип калгандай сезилип, чоң өзгөрүүлөр болчудай коомчулук “Ала-Тоо” аянтын карап калышкан. Анан эле Алмазбек Атамбаев “бийлик менен оппозицияга көпүрө болойун” деп өкмөт башчылыгына кетти, “Карыпкуловдун кара жашиги” деп келаткан, кийин УТРК болгон компанияга Мелис Эшимканов башчы болуп дайындалды.

Оппозициянын айрым “айыгышкандары” да бийик кызматтарга кетишти, калгандарынын тилин табыштыбы, саал тынчып эле калышты. Кыскасы, Бакиевдин администрациясы “конституциялык реформа жасайбыз” деп кыйкыргандардын үнүн басып, абалды убактылуу тынчытууга, президенттин ыйгарысм укуктарын күчөткөн референдумду өткөрүүгө жетишкенин билебиз.

“УТРКда реформа жасайм” деген Мелис Эшимканов көп өтпөй эле үч тараптан токмок жей баштады: биринчиси, УТРКдагы кадрлык жана программалык өзгөртүүнү каалабагандар жамааттын ичинен найза көтөрүп чыгышты, ал тургай соттошууга, ачкачылык жарыялоого жетишишти.

УТРКнын башчысы М.Эшимканов. 09.12.2008.
УТРКнын башчысы М.Эшимканов. 09.12.2008.

Экинчиси, “үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы” дегендей “УТРКнын ички ишине кийлигишпейм” деген Ак үй эски адатындагы көзөмөлүн күчөтүп, “Азаттык” радиосунун кабарларын эфирден бердиртпей, Мелисти тушап салат.

Үчүнчүсү, “бизди сатып кеттиң, пикирлерибизди бербейсиң” деп Эшимкановду оппозиция, бейөкмөт уюмдар тепкилеп жатышты. Мындай басымга чыдабай Мелистин ооруканага жатып калган учурлары көп болду.

“Бир айдан бери чарчаганым чын, тамакты ичсем ичем, ичпесем жок, уйкум да азайып кетти” (“Агым”, 11.12. 2007), -- деп айтканы бар. Чарчады, чыдабады, уктабады, ооруду, анан “тойдум байдын кызына” деп УТРКны таштап баса берди. Андан ары Алайдын тоолоруна Кубатбек акесине кетип калды... "Ыйлагым келгенде, буулукканда, дүйнөнү тааныгым келгенде тоого чыгып кетем”, -- деп калчу Меке...

Оппозицияга кайра өтүп кетет дештиби, Мелис тоодон түшүп келсе, Максим Бакиев телефон чалып, өзүнө чакырып “Өнүгүү жана инвестициялар борбордук агенттигине (ЦАРИИ) байкоочулар кеңешин түзүп жатабыз, сиз төрага болуп бериңиз, кеңештин курамын өзүңүз тандаңыз” деп дагы башка убадаларды айтып кызматка чакырат.

“Өз арасында өзгө” болуп жүргөн Меке бул сунушка макул болуп ишти баштайт.

“Максим акылы күчтүү, жаңы расанын баласы болчу” (“Учур”, 03.02. 2012), -- деп ачык эле дурус баа берген жайы бар. Ошентип ЦАРИИнин байкоочу кеңешинин өмүрү да кыска экен, бир жыйыны өткөндөн кийин 2010-жылы 7-апрель окуясы болду.

Мелис Эшимканов болсо Максим Бакиевдин командасындагы адам катары элдин эсинде калды. Мекең үчүн бул дагы жеңил тагдыр эмес эле.

“Люстрация болоюн деп жатам”

2010-жылдын 7-апрелиндеги ыңкылапка эриш-аркак кандуу окуядан кийин Мелис дээрлик бир жылдай коомчулукта көрүнбөй калды.

Бир күнү мага телефон чалып калды, ал-жай сурашкандан кийин: "Сен биллиард ойнойсуңбу?” деп сурады, “ооба” дедим. “Анда саат 12де “Дасмияга” кел, биллиярд ойнойбуз, саат 3төн баштап мени менен иштеген улуу-кичүүнү чакырып койдум, чай ичебиз”, -- деди.

Макул болуп, айткан убакта айтылган жерге бардым. Белгилүү журналист агаларыбыз Эсенбай Нурушев, Акбар Рыскулов баштаган кесиптештер үч саат чер жаза биллиард ойнодук. Мекем, демейдегиден башкача жайнап, баарыбыз менен ойноду, кесиптештеринин илгерки жоруктарды эстеп, күлдүрүп отурганы көз алдымда турат.

Саат 3тө “Дасмиянын” залында акыркы 30 жылда Мелис менен иштеген 150нүн тегерегинде журналисттер чогулушту. Алардын ар бирине Мелис өзү телефон чалып чакырыптыр. Узак жылдан бери көрүшпөгөндөр мындан көп.

“Сиздердин ар бириңиздер менен ар кандай маалымат каражатарында иштедим. Баарыңыздар менин өмүр жолумда эсимде болгонуңар менен турмуштун, тагдырдын ар кандай себептери менен жолугуша албай жүрдүк. Силерди көргүм келди, силер менен ырдагым келди, силер менен баштан өткөндү эстегим келди. Эгер силер менен иштеген учурларда кимдир бирөөңүздү таарынтсам, жаман сөз айтсам, ар бириңиздерден кечирим сурайм... мен люстрация болоюн деп жатам”, -- деп агынан жарылган эле.

18-сентябрда беМелис Эшимкановдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. 18.9.2011.
18-сентябрда беМелис Эшимкановдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду. 18.9.2011.

Көрсө, бул -- Мелистин кесиптештери үчүн акыркы сөзү экен; ал биз менен коштошуу үчүн айтылып жатканын кайдан билдик. Андан көп өтпөй эле “Учур” гезитине Мелис өзүнүн “люстрация чайы” жөнүндө минтип айтыптыр:

“1995-жылы Кубат аке менен Алайга жалгыздык аралына кеттим эле. Бул жолу андан да оор этабы болду. Анткени 30 жаш менен 50 жаштын айырмасы бир топ экен. Көп нерсени ойлонуп жүрдүм, бир жыл бою тырмагымдын учунан баштап мээме чейин тазаланганга аракет кылдым... Апрель окуясындагы шейит кеткен балдардын өлүмү мен үчүн абдан оор тийди” (“Учур”, 03.02. 2012).

Мелистин жүрөгү булардын баарын көтөрө алган жок, оор тийди...

“Кубатбек аке – Кудай, пайгамбар” жана акыркы сапар алдында...

Мелис Эшимканов 50 жылдык өмүрүндө далай улуу-кичүү кишилер менен дос болгон. Бирок, алардын эң биринчиси – айтылуу жазуучу Кубатбек Жусубалиев.

Көп адамдар өзүнөн 30 жаш улуу адамды дос деп айта албайт. Мелис “Кубат аке-досум” деп өмүр бою оозуна түшүрбөй, кудайындай сыйынып, пайгамбарындай сыйлап, атасындай багып, баласындай тарбия алып кетти. Тагдырына, турмушуна, саясатка таарынганда, чарчаганда Алайга Кубат акеси-досуна барып, черин жазып, жашоого дем-күч алып келчү.

Экөө Тибетке чейин барып, тазаланып жүрдү. Кыргызстанда Кубат акени баалагандар аз, түшүнбөгөндөр көп.

Жалгыз Мелис гана түшүнүп кетти.

  • Алайдын тоолорунда дербиштик өмүр сүргөн Кубатбек Жусбалиевди жалгыз гана досум дейсиз, эмнеге?
  • Кудай атанын жазмышынан да. Экөөбүздү байлаган бир улуу сыр бар. Буга мен чексиз бактылуумун (“Суперинфо”, 19.03.2010), -- дейт Мелис.

“Кубатбек Жусубалиев дүйнөгө кылымдарда бир келчү киши.

Кудай, пайгамбар, өзүн-өзү тазалоо жолуна түшкөн инсан. Биз дүйнөгө чыгарма, поэзия түрүндө түшсөк, бул киши иш жүзүндө түшкөн. Ал денесин, бутун, тырмагын таза кармагандай эле, мээсин, жан дүйнөсүн таза кармап келет. Түбөлүк өлбөсттүккө ишенген киши” (“Майдан.kg”, 16.06. 2011), -- дейт Мекең.

Мелистин “эгер менде 30 пайыз жакшы касиеттер болсо, ошонун баарын Кубат Жусубалиевдин таасири деп билем. Акыркы бир жылдан бери мага таарынып жүрөт. Анткени Апрель революциясынан соң жолукканда “Мелис, эми токтот, жакшы эле кутурдуң. Шайтандын жолунан чык, саясатынды ташта, гезитиңди токтот. Баш отуң менен менен руханий дүйнөгө кир”, -- деди, мен ага “Кубат аке, бир аз убакыт бериңиз” дедим (“Майдан.kg”, 16.06. 2011), -- деп айтканы бар.

Мелиске убакыт жетпеди... устаты айткан жазуучулук таза руханий дүйнөгө кире албады, 2011-жылы 15-сентябрда түбөлүк келбес жайга кете берди.

“Агым” гезитинин кабарчысы Мелиске суроо салыптыр:

  • Эгер эртең эң акыркы күнүң десе, ошол күнү эмне жасап үлгүрмөксүз?
  • Бир нерсе жасап калайын деп жан талашпайт болчумун. Кудайга гана чөк түшүп: “Мейли алып кете бер, бирок кечир, кечир, кечир!” демекмин” (“Агым”, 25.07. 2008), -- дейт кайран Мелис.

“Мүнөзүм турган турпатым боюнча өтө катаал, татаал жана карама-каршылыктуу адаммын. Менде авантюристтик, романтик да, жакшысы да, жаманы да аралашкан, бүгүнкү оор оош-кыйыш замандын адамынын образы чогултулган. Башкы маселе, жакшыргым келет, тазалангым келет” (“Агым”, 25.07. 2008), -- деп агынан жарылып, ичиндегисин төккөн эле.

“Эр ортолуу 50 жашка толгону турам. Ушул куракка келгенге чейин жолумдун 80 пайызын шайтан башкарып келди. Орто жолдо ички дүйнө тазалыкты, аруулукту самап, туткундан бошонгусу келген кулдай колумдагы кишендерди бычырата сындыргым келип, Тибетке, Алайга кетип калган күндөрүм болду... Жалган жашоонун азгырыктары көп экен. Тилекке каршы, менин жашоомдо “шайтан аке” өз доорун сүрүп алды” (“Майдан.kg”, 16.06. 2011), -- деп, өзүн ачып салдыбы Мелис?

Мелис Эшимканов жазган макалаларында, эссе, очерктеринде дүйнөгө белгилүү инсандар: Конфуций, Салвадор Дали, Эрнест Хемингуэй, Федерико Фелини, Владимир Высоцкий, Акиро Куросава, Василий Шукшин, Уилям Фолкнердин (“Мелис Эшимканов” китеби, “Турар”, Бишкек, 2012) чыгармаларына көп кайрылганын, алардын накыл кептерин байма-бай пайдаланганын, алардын мурастарын тереңден тааныгандыгын, дүйнөсүнө таасирленгенин байкайбыз.

Маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү жана А.Өзүбеков М.Эшимкановду эскерүү чарасы маалында. 09.12.2012.
Маркумдун үй-бүлө мүчөлөрү жана А.Өзүбеков М.Эшимкановду эскерүү чарасы маалында. 09.12.2012.

Мелис Эшимкановдун артында ушундай тарых, ушундай таалайлуу, ары татаал тагдыр, үлгү болчу, сабак алчу жол калды.

Үзүлгөндү улаар, учугун узартаар эки уулу, эки кызы калды. Биринчи жубайы – Айгүлдөн Жылдыз, Төлөгөн деген уулу-кызы бар. Алар азыр Америкада жашашат. Экинчи никеси Асел экөө Адам жана Миэлла деген уул-кыздуу болушкан, алар -- мектеп окуучулары.

Аман болушсун, атадан калган туяктарды Мелистин руху колдоп жүрсүн!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG