Жаңылыктар | 10.10.2025 | Ошто жети окуучу тамакка ууланды
Ош шаарында окуучулар тамак-аштан массалык ууланып, ооруканага түшкөнү белгилүү болду. Маалыматтарга караганда, шаардагы орто мектептердин биринде бир класста окуган жети окуучу мектепке жакын жердеги дүкөндөн сэндвич сатып алып жегенден кийин өздөрүн жаман сезип ооруканга карйылган. Дарыгерлер учурда алардын абалы жакшы экенин билдирди. Бул окуядан шаардык санитардык-эпидемиологиялык кызмат мектепке жакын жайгашкан эки дүкөндү жаап, бирине 23 миң сом айып пул салган. Ата-энелер мектептердин айланасындагы дүкөндөрдө сатылган азыктарды текшерип, санитардык абалына көңүл бурууна талап кылууда.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 07, 2025
Жаңылыктар | 07.10.2025 | Кышында электр жарыгы өчпөйбү?
-
Октябрь 06, 2025
Жаңылыктар | 06.10.2025 | Кытайдан унаа ташуу жеңилдейби?
Шерине