Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:57

Каталония: референдумдан кийинки талаш


Каталония желегин көтөргөн демонстранттар.
Каталония желегин көтөргөн демонстранттар.

Каталония тынчый элек. Шейшембиде он миңдеген адамдар референдум күнүндөгү полициянын зомбулугуна каршы жүрүшкө чыгышты. Испания королу автономия бийликтерин айыптады. Алар болсо көз карандысыздык маселеси жакынкы күндөрү чечилерин белгилешүүдө.

Шейшембиде Каталония автономиясынын борбору - Барселонанын көчөлөрүнө жөө жүрүшчүлөр жык толду. Он миңдеген адамдар референдум күнкү полициянын зомбулугуна каршы чыгышты.

Референдум күнү полиция шайлоочуларга катаал мамиле жасады
Референдум күнү полиция шайлоочуларга катаал мамиле жасады

Анда полиция добуш бергени келгендерге тоскоолдук жаратып, ур-тепкиге алып, миңдей адам жабыркаган. Демонстранттардын бири буларды айтты:

- Биз көз карандысыздыкка жетүүгө далалаттанып жатабыз. Ошон үчүн добуш бердик. Берүүгө аракет кылдык. Бирок полиция ырайымсыздыкты, зомбулукту ченебей көрсөтүп, ал жараяндын демократиялуу жана мыйзамдуу өтүшүнө жолтоо болду. Эми артка жол жок. Биз болгону эгемендигибизди каалайбыз.

Жүрүшкө профсоюз уюмдары да кошулуп, жапырт иш таштоодон улам коомдук транспорт, дүкөндөр, порттор иштебей, кан жолдордо автотыгын пайда болду.

Падыша шейшемби кечинде кайрылды
Падыша шейшемби кечинде кайрылды

Автономия бийлиги добуш берүүгө шайлоого укуктуу 5,3 миллион калктын 42% катышканын, ал эми алардын 90 пайызы көз карандысыз мамлекет болууну жактаганын билдирди.

Саясатка көп аралаша бербеген испан королу Филип VI шейшемби кечинде теледен кайрылып, Каталония автономиясынын лидерлерин айыптады:

- Каталония коомуна жарака кетип, бири-бирине каршы чыкты. Бул бийлик элди данакерлеп турган, жалпы эле испаниялыктарды ынтымакташтырган кыйбастык, тилектештик сезимдерине бүлүк салды. Алардын жоопкерчиликсиз кадамдары жада калса Каталониядагы же жалпы эле Испаниядагы экономикалык жана социалдык туруктуулукка шек жаратат.

Каталонияда Испаниядан бөлүнүүнү жактабай, полициянын аракетин колдогондор да бар. Шейшембиде колдоруна испан желегин кармаган ондогон адамдар полиция орун алган мейманкананын жанына чогулуп, аларды кубаттап кыйкырып турушту.

Карлес Пучдемон
Карлес Пучдемон

Азырынча Каталониянын келечеги так белгилүү эмес. Автономия лидери Карлес Пучдемон "көз карандысыздыкты жарыялоо бир нече күндүн маселеси” деп, эгер испан бийлиги кийлигишсе, ал баарын өзгөртчү ката болот деп эскертүүдө. Ал ушул аптанын аягында же келерки апта башында тиешелүү кадамын жасарын белгиледи.

Испания премьери Мариана Рахой болсо референдум укукка жана Конституцияга каршы келет деп билдирген болчу. Ошондой эле каталон бийликтеринин аракетин “демократияны келекелөө” деп мүнөздөгөн.

Каталондуктар Евробиримдиктен да жардам күтүшүүдө. Ал эми биримдиктин аткаруучу органы - Еврокомиссия референдумду мыйзамсыз деп таанып, Мадридди колдоп жатат.

Каталония автономиясы Испаниядагы эң бай аймак. Алардын өз тили, маданияты бар. 15-кылымдан бери автономия катары Испаниянын курамында болгону менен, узак убакыттан бери андан чыгууну көздөп жүргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG