21-январда АКШнын президенти Дональд Трамп Давостогу экономикалык форумда сөз сүйлөдү. Америкалык президент ички жана тышкы саясаттагы бир топ орчундуу маселелерге токтолду жана президенттик кызматтагы бир жылдыгынын жыйынтыгын чыгарды.
Форум Даниянын автономдуу аймагы болгон Гренландиянын айланасындагы кырдаал чыңалып турган маалда өтүүдө. Трамп аралды АКШнын көзөмөлүнө алуу планын алдыга сүрөгөнү европалык өлкөлөр ага каршы чыгып, ортодогу пикир келишпестиктер курчуду.
Америкалык лидер Даниянын жана Гренландиянын элин урматтарын, бирок аралдын “коопсуздугун АКШдан башка эч ким камсыздай албаганын" билдирди. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Кошмо Штаттар Гренландияны коргогонун эске салып, Данияны “жакшылыкты эстен чыгарганы” үчүн сындады. Трамп Гренландияны көзөмөлгө алуу АКШнын улуттук кызыкчылыгы үчүн өтө маанилүү экенин, аралдын жаратылыш байлыгы эмес геостратегиялык жайгашуусу кызыктырарын белгиледи. Анын айтымында, ал жакта АКШны жана Канаданы калкалай турган абадан коргонуу системасын орнотсо болот. Президент аралды сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү тезирек өткөрүү ниетин ортого салды.
“Биз күч колдонууну каалабайбыз, муздун чакан бөлүгүн гана сурайбыз”, -деп айтты Трамп.
Гренландия жана Даниянын бийликтери аралды сатууга жана АКШнын көзөмөлүнө берүүгө каршы болуп келатышат.
Украинадагы согушка, өзүнүн тынчтык демилгесине кайрылып, Трамп орус мамлекет башчысы Владимир Путинге «Украина сенин талылуу жериң, аны эң нерсе кыла албайсың» деп эскерткенин, бирок Байден бийликке келгенден бери Путин коңшусуна кол салууну чечкенин айтты. Трамп Украинадагы абалды жөнгө салуу менен "европалыктар алектенүүгө тийиш, АКШнын ага эч тиешеси болбогонун", гумандуулук үчүн тынчтык жараянына катышканын кошумчалады. Америкалык лидер Украинада өткөн айда эки тараптан 31 миң аскер каза тапканын, жаш уландардын жайран болгонун токтотууну каалаганын айтты. Ал Давосто Владимир Зеленский менен жолугушарын айтканы менен украин мамлекет башчысынын Швейцарияга баруу планы тууралуу кабарланган эмес.
Трамп экономиканы өнүктүрүү, мыйзамсыз миграция менен күрөшүү жаатындагы жетишкендиктерин сүрөттөп, "Европаны туура эмес багытта баратат" деп сындады.
Шерине