Владимир Путин "Тынчтык кеңешине" туруктуу мүчө болуу үчүн Орусия миллиард доллар төлөөгө даяр экенин билдирди. Ал бул тууралуу 21-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.
Путин ал акчаны Орусиянын АКШдагы Борбордук банкта тоңдурулган активдеринен алууну сунуштады. Financial Times жазгандай, ал жерде Орусиянын 5 млрд доллар чамалуу активдери тоңдурулган.
"Азыртан эле, а түгүл биздин "Тынчтык кеңешине" кирүү маселебиз чечилгенче, Орусиянын палестин эли менен өзгөчө мамилесин эске алып, мен ойлойм, биз "Тынчтык кеңешине" АКШнын мурдагы бийлиги тушунда ал жакта тоңдурулган активдерибизден миллиард доллар жибере алабыз", – деди Путин.
Орус президенти Тышкы иштер министрлигине "Тынчтык кеңешине" кирүү сунушун изилдеп көрүүнү жана "өнөктөштөр менен кеңешүүнү" тапшырганын кошумчалады.
Путиндин сөзүнө караганда, Москва менен Вашингтон АКШда тоңдурулган башка активдерди Украинага кол салганда жабыркаган аймактарды калыбына келтирүүгө колдонуу тууралуу талкуулап жатышат. Бирок ал кайсы аймактарды - Украинанын көзөмөлү алдында калган же Орусия оккупациялап алган аймактардыбы, тактаган жок.
Путин Орусиянын АКШдагы активдерин колдонуу маселесин Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас жана АКШ президентинин атайын чабармандары Стив Уиткофф менен Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнер менен 22-январда Москвада сүйлөшүүнү үмүттөнөрүн айтты.
"Тынчтык кеңешин" түзүү АКШ президенти Дональд Трамптын Газа тилкеси боюнча тынчтык планынын экинчи этабы катары каралууда. Уюмдун уставынан цитата келтирген маалымат каражаттары жаңы орган палестин аймагы менен гана чектелбесин жазышты. Уставда кеңеш "туруктуулукка көмөктөшүүчү, ишенимдүү жана мыйзамдуу башкарууну калыбына келтирүүчү жана жаңжалдашкан же чатак коркунучунда турган аймактарда бекем тынчтык орнотууга умтулган эл аралык уюм" катары көрсөтүлгөн.
Ошондой эле уставында уюмга туруктуу мүчө болгусу келген өлкөлөр миллиард доллар төлөөгө милдеттүү экени жазылган.
АКШ кеңешке чакырууну жалпысынан 60 мамлекетке жөнөткөнү айтылган. Трамп Путинди да чакырган.
Басылмалар жазышкандай, 21-январга карата чакырууну Аргентина, Азербайжан, Армения, Венгрия, Казакстан, Марокко, БАЭ, Вьетнам жана башка бир катар өлкөлөр кабыл алган. Чакырууну эгемендиги жарым-жартылай таанылган Косовонун президенти Вьоса Османи да кабыл алганы кабарланды.
"Тынчтык кеңешине" кирүүгө даярдыгын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана Беларус лидери Александр Лукашенко да билдирген. Лукашенко андан кеңештин мүчөлүгүнө миллиард доллар талап кылынбаганын айткан.
Европанын көпчүлүк өлкөлөрү - Франция, Германия жана Улуу Британия аталган кеңешке мүчө болуудан баш тартышкан.
Сынчылар «Тынчтык кеңеши» Трамп сындап жүргөн БУУга атаандаш катары түзүлүп жатат деп чочулашат.(ZKo)
Шерине