Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:46

Сөз эркиндигинин эртеңи: бийликке жакпаган көз карандысыз медиа


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров соңку маектеринде көз карандысыз медиаларды мамлекеттин кызыкчылыгын көздөбөйт деп сындап келет. Бир катар медиа эксперттер "демократия аралындагы" мындай айыптоону сөз эркиндигин чектөө аракети катары сыпаттоодо.

"...зыяныңардан башка пайдаңар жок"

"Клооп", "ПолитКлиника" порталдары Жалал-Абаддагы “Барселона” футбол академиясынын ачылышына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындарынын жана Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бирине президенттин уулунун катышы тууралуу маалыматтарды жарыялаган.

Мындан кийин президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, көз карандысыз медиаларды жана журналисттерди сынга алды.

"Ошол "Клооп" баш болгон башка сайттарга, өздөрүн эркин журналистмин деп алышкан Эшмат-Ташматтарга кайрылуу менен баштаймын. Силердин илгертен бери кыргызга кылган зыяныңардан башка пайдаңар жок. Мындан ары деле болбойт. Кыргызстаныбызга пайдаңар тийбесе дагы зыяныңарды тийгизбей тургулачы сураныч. Жалаң негатив жазып, жамандык издеп, өлкөгө келип жаткан миллиарддаган инвестицияларды, инвесторлорду үркүтүп жатасыңар. Ташиев-Жапаровдор өлкөдөн тышка ташыбай, тыштан өлкөгө ташып келип жаткандарына сүйүнбөйсүңөрбү. Өлкөнү тоноп, тышка ташыгандардын, башка өлкөлөргө жүздөгөн миллион долларларга завод-фабрика кургандарды, чет өлкөдөн вилла, квартира сатып алгандарды деле мактап жазып жүрчү эмес белеңер. Албетте, алар силерге мамлекеттин, элдин эсебинен акча төлөп турушчу. Ошон үчүн мактачуңар. Биз элдин акчасын силерге төлөй албайбыз. Элдин акчасы элге болушу керек!", - деп билдирген мамлекет башчы.

Президент Жапаров соңку мезгилде башка маалымат каражаттарына маек бере элек. Анын мамлекеттик "Кабар" агенттигине коомдогу талкуу, өкмөттүн дарегине сын айтылган учурда, журналисттик иликтөөлөр жарыяланганда утур-утур текст түрүндө маеги жарыяланып турат.

"Журналисттин бир иши - иликтөө"

"Говори ТВ" сайтынын негиздөөчүсү, журналист Кайыргүл Орозбай кызы президенттин соңку кездеги билдирүүлөрү эркин медианын табиятына каршы келет деп эсептейт.

Кайыргүл Орозбай кызы.
Кайыргүл Орозбай кызы.

"Журналист деген так маалыматтарды "негатив, позитив" деп бөлбөй, жалпы таратууга, коомдогу болуп жаткан окуяларды чагылдырууга тийиш. Эгер маалыматтарды минтип бөлө турган болсо, анда ал журналист эмес, башка кесиптин ээси - пропагандист болуп калат. Президент "Кабарга" курган маегиндеги сөздөрү менен чыныгы журналистиканы көргүсү келбегенин ачыктады. Эгер азыркыдай риторика менен кете берсек, жакынкы келечекте биз журналистикадан кол жууп калышыбыз мүмкүн. Биз журналист катары коомчулуктагы терс көрүнүштөрдү сындап, коомчулукка чыгарып, өз ишибизди так аткарып жатабыз. Бул - биздин милдетибиз. Эгер биз жаманды жашырып, жакшыны гана ашырып жаза берсек, анда журналистиканын кереги жок".

Орозбай кызы дүйнөдө эркин маалымат каражаттарына коомдогу терс окуяларды ашкерелеп, коррупция, мыйзам бузуулар, антидемократиялык көрүнүштөр тууралуу маалымат берүү милдети жүктөлгөнүн эске салууда.

Бул "Watchdog journalism" (короону кайтарган чык алдырбас короочу ит) деп аталып, ачык-айкындуулукту көтөрүүгө багытталган.

Кайыргүл Орозбай кызы сынды уккусу келбеген бийлик башкарган өлкөдө толук сөз эркиндиги бар деп айтууга кыйын экенин билдирүүдө:

"Жакында эле Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү менен жолугушууда президент Жапаров Кыргызстанда демократияга артыкчылык берилип, сөз эркиндигине кеңири шарт түзүлгөн деп айтты. Бирок "Кабар" агенттигине курган акыркы маеги менен мамлекет башчы бул сөзүн өзү кайра жокко чыгарып отурат".

28-августта Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жоюу боюнча арыз жазганы, иш сот өндүрүшүнө өткөнү маалым болду.

Айрым медиа эксперттер прокуратура бул кадамга жогору жактын ишараты менен барды деп түкшүмөлдөп жатат.

Медиа эксперт, иликтөөчү "Чекит Медиа" платоформасынын журналисти Асел Сооронбаева президент Жапаров журналисттерге сөз эркиндигин сактоо убадасынан тайды деп эсептейт.

"Журналисттерге эч кандай куугунтук болбойт, коррупция менен күрөшүүгө жардам бергиле, иликтөөлөргө бийлик реакция кылат" деген сөзүн айтканына үч жыл боло элек. Бул аралыкта журналисттер өзгөргөн жок. Бирок бийликтин көз карандысыз жана иликтөөчү журналисттерге реакциясы да 180 градуска өзгөрдү. Президент өзү сындаган журналисттердин баарын "зыянкеч" деп айыптап чыкты. "Клоопту" жабуу сунушу президенттин айыптоосунан кийин чыкты. Бул сөз эркиндигине болуп көрбөгөндөй кысым, чындыкты айтып чыккан, элге жеткирген редакцияларга, эркин басылмаларга куугунтук башталды. Ар бирин өзүнчө сотко сүйрөп, социалдык тармактарда ур-тепкиге алып же өзү ушинтип баш болуп маектеринде жамандап жатканын көрүп жатабыз".

Чынында эле президенттин эркин журналисттерди айыптоосунан кийин айрымдар анын мамлекет башына жаңы келгендеги сөз эркиндигин сактоого убада бергенин эстешти.

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп, мамлекет башчылыкка талапкерлигин коердун алдында маалымат жыйынын өткөрүп, өз эркин ачык айткандарды куугунтуктоо болбосун айткан.

"Саясий куугунтук болбойт. Журналисттердин бирөөнө да эч ким тийбесин, ар ким өз оюн ачык-айкын айтып турганга шарт түзүп берели деген талаптарды койдум. Биз камоо жана куугунтуктоо жолу менен маселе чече албайбыз".

"Медиа каражаттар оппозиция болбошу керек"

Ошол эле учурда өлкөдө сөз эркиндиги чектелбей, көз карандысыз басылмалар жана журналисттер кеңири иштеп жатканын белгилегендер да бар.

Саясат таануучу, Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев маалымат каражаттары бейтарап позицияны карманышы керектигин белгиледи.

Ал айрым медиаларды оппозициянын ролун аткарууну токтотуп, такталган, тең салмакталган маалыматтарды берүүгө чакырды.

Алмазбек Акматалиев
Алмазбек Акматалиев

"Биздегидей сөз эркиндиги Борбор Азиядагы бир да өлкөдө жок. Мен муну көп эле айтып жүрөм. Иликтөөчү журналисттер кеңири иликтеп, ишин аткарып атышат. Аларга эч ким бут тоскон жок. Бирок эң негизгиси - калыс болсун. Алардын иликтөөсү коомго кандай таасир тийгизет, мына ушуга көңүл бурсун. Коомдук коопсуздук, купуялык деген бар. Мына ушуларга көңүл буруп, бийликке оппозиция эмес, бейтарап позициядан, ар тараптуу кылып чагылдырышсын. Башкысы - ошол иликтөөчү журналисттердин максаты таза болушу керек".

Акыркы эки-үч жылда бийлик башында тургандардын көмүскө иштерин иликтеген басылмалар куугунтукталып же социалдык тармактарда чабуулга кабылган учурлар көбөйө баштады.

2021- жылы “Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиарддык тендер” аттуу жана "Ташиевдердин схемасы" жөнүндө "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн чыгарган Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү Болот Темировду жана аны менен кызматташкан төкмө акын Болот Назаровду маңзат сатууга айыптап, камакка алган.

Кийинчерээк Болот Темировго “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган. Жыйынтыгында Болот Темиров былтыр 23-ноябрда Бишкек шаар сотунун чечими менен өлкөдөн күчтөп чыгарылган.

Бийликке тиешеси бар адамдар жана алардын жакындары тууралуу иликтөөлөрдү жасаган "Клооп", "Чекит. Медиа", "ПолитКлиника" сыяктуу иликтөөчү басылмаларга мамлекеттик телеканалдар аркылуу чабуул жасалып же соцтармактардан каралоолор болгону белгилүү.

"Азаттык медианын" сайты былтыр октябрдан тартып расмий бийликтин буйругу менен бөгөттөлүп, банк эсептери жабылган. Быйыл апрель айында райондук сот тарабынан "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыккан. Кийинчерээк бул чечимди Бишкек шаар соту жокко чыгарып, сайтка коюлган бөгөт алынып, банк эсептери жандандырылды.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG