Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:30

Сиирт шеринеси: Чөлкөмдүн эгеменчил кыймылынын жана ооган кыргыз көчүнүн тарыхы баяндалды


Кыргыз тарыхчылары Сиирт университетиндеги илимий жыйында. 06.10.2023.
Кыргыз тарыхчылары Сиирт университетиндеги илимий жыйында. 06.10.2023.

Сиирт университетинде Түркия Республикасынын 100 жылдыгына жана Рахманкул хан жетектеген ооган кыргыздарынын Ван аймагына көчүнүн 41 жылдыгына арналган эл аралык илимий жыйын 6-октябрда жыйынтыкталды. Тарыхчынын блогу.

Кызыктуу илимий шерине

2023-жылдын 4–6-октябрында Түркиянын Сиирт шаарындагы Сиирт университетинде эгемен Түркия жумуриятынын 100 жылдыгына жана ооган кыргыздарынын тобунун Пакистандан Түркияга көчүп келишинин 41 жылдыгына арналган “Түркия жана түрк дүйнөсү” аттуу коомдук илимдер боюнча эл аралык симпозиум өткөрүлдү.

Бул түркологиялык илимий шеринеге Азербайжан, АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Чехия, Швейцария сыяктуу өлкөлөрдөн жалпысынан 45тен ашуун илимий баяндама, онлайн жана видео чыгып сүйлөөлөр жасалды. Бул маалыматты эл аралык симпозиумду уюштуруучулар тобунун башчысы, Сиирт университетинин доценти, тарых доктору, теги кыргыз илимпоз Гүлниза Айнакулова айым шардана кылды.

Жыйындын ачылыш салтанатында Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин видео куттук сөзү сунушталды.

Өз сөзүндө ал түркиялыктарды быйылкы олуттуу маараке менен куттуктап өттү:

...XX кылым – бир нече түркий республиканын жаралышына күбө болду!

Ушул республикалардын ичинен мына ушу күндөрү 100 жылдык мааракеси майрамдалып жаткан Түркия республикасынын орду жана миссиясы өзгөчө болду.

Мындан жүз жыл оболу улуу Мустафа Кемал Ататүрктүн кеменгерлиги астында түрк эли көз каранды эместик үчүн кан-жанын аябай күрөшкө чыгып, кайраттуулуктун жана эрдиктин кылымдарга даңаза болчу бийик өрнөгүн көрсөттү. Андыктан, бул майрам – бир эле түрк элинин эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн да майрамы!

Арслан Капай уулу Койчиев түрк тилдүү элдердин аргасыз бозгунга кеткен далай айдыңдары Түркиядан баш паана тапканын да баса белгиледи:

Түркия республикасы түрк дүйнөсүнүн биримдигин жана ынтымагын сактоодо чечүүчү ролду ойноп келгендигин баса белгилөөгө тийишпиз. Анын мисалы катары XX кылым ичинде ар түрдүү куугунтуктоолорго дуушар болгон түрк тилдүү элдердин өкүлдөрүн, качкын-бозгундарды Түркия кучак жайып тосуп алып, калканыч болгондугун айтсак жетиштүү. Канчалаган өзбек, казак, татар, уйгур жана башкалар Түркияны "ватаным" деп, байырлап калды.

1970-жылдардын этеги, 1980-жылдардын башында Ооганстандагы Памир кыргыздары эки жоонун ортосунда калып, карайлап турушканда, Түркия бир туугандык колун созуп, озунуп жардам берген, талаага таштабай, аларды көчүрүп келген. Ал туугандарыбыз мына ушул күндөрү Түркиянын Ван аймагына көчүп келишинин кырк жылдыгын белгилөөнү улантышууда”.

Тасма. Арслан Капай уулу Койчиевдин сөзү. 04.10.2023.

Кыргызстандын өкүлү А.Койчиев сөзүнүн соңунда: “Бир-бирибиздин кубанычыбызга тең ортоктоштук сезимибиз да арта берсин. Анткени, Түркиянын багымсыздыгы – биздин багымсыздык (көз карандысыздык), биздин багымсыздык – Түркиянын багымсыздыгы!” – деп айтты эле, анын бул сөзүн Сиирт университетинин ректору, профессор Нихат Шындак (Nihat Şındak) мырза кайталап айтып, “постсоветтик эгемен түрк жумурияттарынын 100 жылдыгы да салтанаттуу белгиленсин!” деген каалоосун кошумчалай кетти.

Илимий шеринеге келген коноктордун арасында Швейцариянын жараны, 79 жаштагы Бернар Репонд (Bernard Repond) аксакал да болду. Ал алгачкы жолу 1979-жылы январда Пакистандын Гилгит шаарында жана андан соң бозгун кыргыздар байырлап жаткан Имит айылында Рахманкул хан Жапаркул уулу (1913–1990) менен кезиккендигин эскерди.

Б.Репонд оболу Рахманкул ханды Пакистандын Гилгит шаарынан көрүп калып, “Нэшнл Жеографик” журналындагы фото сүрөтүнөн улам аны тааный тургандыгын айткан. Ыраазы болгон Рахманкул хан бул швейцар ишкерин чет өлкөлүктөр үчүн эркин барууга тыюу салынган Имит айылына чакырган.

Ал 1980-жылдары да Түркиянын Ван аймагына эки-үч ирет келип, Рахманкул хан менен кайра жолуккан. Б.Репонд ооган кыргыздарынын бул ханын өтө акылдуу инсан болчу, деп жылуу баа берип эскерди.

Кийинчерээк да ал бир нече жолу Вандагы Улуу Памир айылына барып, кыргыздардан кабар алып турган.

Тасма. Айрым жагдайларды Б.Репонд мырза Улуу Памир айылында да эскерди. 07.10.2023.

XXI кылымдын башында Б.Репонддун демилгеси менен швейцариялыктар Кыргызстандын бийик тоолуу элет жерлеринде күргүштөгөн тоо сууларына көпүрө курууга каржылык салым кошуп келишкени да эсибизде.

Ал эми саясат таануучу, журналист жана публицист Уран Токтоназар уулу Ботобеков мухиттин ары жагынан – АКШдан видео салам жолдоп, симпозиумга катышкандарды Түркия жумуриятынын 100 жылдык маракеси жана ооган кыргыздарынын Пакистандан Ван аймагына көчүшүнүн 41 жылдыгын түрк тилинде куттуктады.

Тасма. Уран Ботобековдун видео саламы. Сиирт. 04.10.2023.

Уран Ботобеков өз сөзүндө Рахманкул хандын коомдук ишмердигине өткөн кылымда эле оң баасын берген чыгыш таануучулар, айтылуу француз профессору Реми Дор менен АКШда иштеп жаткан оогандык өзбек тектүү профессор Назиф Шахрани мырзаларды да алкыш айтып эскере кетти.

Өзгөчө символдук нерсе – Сиирт университетиндеги эл аралык илимий жыйындын негизги отурумдары бул жогорку окуу жайдын Рахманкул хан атындагы жыйын залында өткөрүлгөндүгү болду.

Албетте, Түркияда жыйын залдарынын аталыштары улам өзгөртүлүп турат, бирок ушул симпозиумдагы жыйын жайын Рахманкул хандын ысымы менен убатылуу атагандыктары үчүн Сиирт университетинин ректоратына (анын ичинде ректор, профессор Нихат Шындак мырзага), тарых бөлүмүнүн жамаатына жана бул жамааттын жетекчиси, илим доктору Гүлниза Айнакуловага ыраазы болдук.

Түрк дүйнөсүнүн жергиликтүү шаар башчыларынын биримдигинин (TDBB) өкүлү, экономика жаатындагы доктор Майрам Байгонушева да жыйынга демөөрчү катары катышты.

Доктор Гүлниза Айнакулова менен доктор Майрам Байгонушева
Сиирт университетиндеги жыйындын уюштуруучулары Г.Айнакулова менен М.Байгонушова. 06.10.2023.

Айрым баяндамалардан учкай кеп

Бул илимий жыйынга катышкандардын Борбордук Азия тарыхына жана кыргыз таануу жаатына тиешеси бар айрым баяндамалары жөнүндө учкай айта кетсек жөндүүдүр.

Мээнеткеч казак тарыхчысы, Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим комитетине караштуу Чокон Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун директорунун орун басары, тарых илимдеринин кандидаты Шамек Тлеубаев өз баяндамасында кыргыздын көрүнүктүү агартуучусу жана демөөрчү байы Дүр Соооронбай уулунун өмүр жолу, жадитчилерди ырааттуу колдоосу, эгемендик күрөшүнө катыштыгы, падышалык оторчулукка каршы айдыңдык күрөш үчүн акчалай каржылык көмөктү уюштуруудагы салымы тууралуу жаңы маалыматтарды ортого салды.

1910-жылы Дүр Сооронбаев казактар менен кыргыздардын улуттук кызыкчылыктарды көздөгөн расмий талабын даярдоого да катышкан.

Дүр Сооронбаев Чүй өрөөнүндө Тынай болуштугунда мектеп, саламаттык чыңдоо жайы сыяктуу мекемелерди түптөөгө каржылык демөөрчүлүк жасаган. Дүр сыяктуу айдыңдар орусташтыруу саясатына баш тийген орус-тузем мектептерине атаандаш жергиликтүү жадиттик окуу жайларды түптөөгө жеке салым кошкондугун да Ш.Тлеубаев баса белгиледи жана Дүр Сооронбай уулун бир эле учурда чыгаан улутчул саясатчы жана агартуучу катары кароо керектигин өзгөчө айтты.

Ал эми алматылык дагы бир илимпоз, профессор Күлгазира Балтабаева айым болсо Түркияга келип баш паана тапкан казак качкындары тууралуу кызыктуу баяндама жасады. Анын дагы бир маалыматы өзгөчө назар бурдурду.

Көрсө, Чыгыш Түркстандан Пакистан аркылуу Кичи Азияга оогон казактар Түштүк Азияда кезинде өзгөчө оор кырдаалга кабылышып, алардын азап-тозок чеккен аялдары көп жылдар бою төрөбөй калышкан экен. Ошондо алардын эл башчылары Рахманкул ханга кайрылышып, кыргыз кыздардын колун сурашкан. Кыргыздын 22 кызы менен бозгун казактар үйлөнүшкөн. Ал 22 келиндин 17си аман-эсен төрөп, казак элинин тобуна тукум улантууга салым кошкон, бирок бир канчасы бейтааныш ысык климатка чыдай албай эрте каза болушкан, деп Гүлгазира эжеке баса белгиледи.

Түркияда эмгектенип жаткан жаш тарыхчы, доктор Дастанбек Разак уулу Түркиядагы кыргыз диаспорасынын издери тууралуу кызыктуу маалыматы менен бөлүштү.

Кыргыздар да Евразиядагы бозгундук шартында башка тектеги замандаштары менен үй-бүлө күткөндүгү кеңири маалым. Айтылуу Азамат Алтай татар кызына, Төлөмүш Жакып уулу кырымдык ногой кызына, Барпы (Парпи) Өзгөн болсо уйгур кызына үйлөнүшкөндүгү маалым.

Учурда Түркияда иштеп жаткан кыргыз илимпозу, доцент Назгүл Исабаева Вандагы кыргыздардын сөөк коюу жөрөлгөлөрүндөгү орток жана айырмалуу белгилер жөнүндө баяндамасы жана жакында эле Германиядагы эки жылдык илимий сапарынан Түркияга кайтып келген кыргыз тилчиси Жаштегин Сүйөркул уулу Тургунбайэрдин орто кылымдардагы түрк тилдеринин айрым терминдери жөнүндөгү баяндамасы эч кимди кайдыгер калтырбады.

Дегиңкиси, кыргыз, азербайжан. башкыр, казак, каракалпак, өзбек, кырым татар, татар, түркмөн, уйгур, ж.б. түрк тилдүү калктар менен Анатолиядагы түрктөрдүн өз ара алакалары тууралуу бул сыяктуу жана башка этнографиялык жана түркологиялык факттар, албетте, кийинчерэк да терең иликтениши абзел.

Бир катар борбордук азиялык тарыхчылардын баяндамалары боштондук күрөшү темасын камтып, өз ара үндөшүп турушту.

Аларда Борбордук Азиядагы XIX кылымдын акыры – XX кылымдын башындагы орусиялык падышалык оторчулукка жана кийинки болшевиктик жылма оторчулукка каршы күрөш маселелери байма-бай чагылдырылды.

Маселен, тажик илимпозу, тарых илимдеринин доктору, Хожент университетинин профессору Инамжан (Иномжон) Мамадалиев мурда “басмачылык кыймылы” деп аталган боштондукчул кыймылдын өкүлдөрүн мурдагы коммунисттик цензура жоюлган шартта жаңыча таразалап кароонун саясий жана философиялык өңүттөрүнө токтолду.

Ал эми ташкендик жаш тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты Айбек (Ойбек) Махмудов Памир аймагындагы 1017–1922-жылдардагы эгемендик күрөшүнүн тарыхынын барактарына токтолду.

Айтмакчы, Өзбекстанда жакынкы эл жылдары басмачылык кыймылы деп аталып келген кыймыл толук акталып, аны эгемендик үчүн күрөш кыймылы деп атай башташкан.

Нөкистик белгилүү тарыхчы, тарых илимдеринин доктору, профессор Аскар Жумашевдин баяндамасы Каракалпакстан жергесиндеги 1920–930-жылдардагы эгеменчил “басмачылык” кыймылынын өзгөчөлүктөрүн чагылдырды.

Ал эми ташкендик тарыхчылар, тарых илимдеринин доктору Санобар Шадманова менен тарых илимдеринин кандидаты Наргиза Кенджаева болсо дал ушул эгеменчил кыймылдарды жаңыча караган постсоветтик изилдөөлөрдү сыпаттап беришти.

Кыргызстандык тарыхчылар да өтө кызыктуу жаңы архивдик маалыматтарга таянуу менен Кеңеш өкмөтүнө каршы күрөш тарыхын жаңыча талдаган баяндамаларды сунушташты.

“Түркия жана түрк дүйнөсү” аттуу коомдук илимдер боюнча эл аралык симпозиумга катышып жаткан окумуштуулар тобу.
Сиирт университетиндеги илимий жыйын. 04.10.2023.

Алардын арасында бишкектик профессор, тарых илимдеринин доктору Назира Курбанова, Ош мамлекеттик университетинин доценти Таалайбек Жаркынбаев (ал постсоветтик кыргыз тарыхнаамасында алгачкы жолу басмачылык кыймылыгын тарыхы боюнча диссертация коргогон), ошондой эле бишкектик полиглот изилдөөчү, тарых доктору (PhD) Зухра Алтымышева менен жаш тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты Бермет Бакеева XX кылымдын башындагы Кыргызстандагы болшевиктик режимге каршы чыккан эгеменчил күрөштөрдүн ар кыл өңүттөрүн чагылдырышты.

Айтылуу Рахманкул хан Жапаркул уулунун бейнесине жана ооган кыргыздарынгын 1982-жылдын августундагы Пакистандын Гилгит аймагынан Түркиянын Ван аймагына көчүп келишинин тарыхына байланыштуу арбын баяндама ортого салынды.

Алардын арасында онлайн тартибинде Бишкектен чыгып сүйлөгөн этнограф, фолклорчу, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Турду уулу Кайыпов, Сиирт университетинин доценти, доктор Йасин Жошкун жана башка авторлор болду.

Кыска тыянак

Ошентип, 2023-жылдын 4-октябрында өз ишин баштап, 6-октябрда жыйынтыкталган бул илимий шерине Түркиянын Сиирт шаарындагы Сиирт университетинин быйылкы эл аралык мыкты чараларынан болуп калды.

Жыйын маалында кыргыздын мыкты өнөрпоздору, комузчу жана ырчы Нур Капарова жана анын шакирти Даражан Адылбек кызы жылаажындай үндөрү менен угармандарды арбап, кыргыз музыка өнөрүнүн кереметинен бир нече шиңгил тартуулашты (болочокто алардын өнөрү тууралуу да кайрылмакчыбыз).

Бул илимий шерине жыйынтыкталган соң, анын катышуучулары 7-октябрда Ван жергесине келип, ыраматылык Рахманкул хан Жапаркул уулунун жетекчилигиндеги ооган кыргыздар тобунун Пакистандан Түркияга журт которушунун 41 жылдыгына байланыштуу маданий чараларга катышты. Бул маданий окуя тууралуу кийинки блогубузда баяндап бермекчибиз.

Ал эми Сиирт университетиндеги кесиптештерибизге мындай баалуу илимий шеринелер кийин да улантылышы керек деген каалообузду билдирдик.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG