Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:52

ШКУ: Сыртка сес көрсөткөн, ички жаңжалдарга көңүл бөлбөгөн саммит


Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити. Уюмга мүчө, байкоочу жана диалогдук өнөктөш макамындагы мамлекеттердин лидерлери. Самарканд, Өзбекстан.
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити. Уюмга мүчө, байкоочу жана диалогдук өнөктөш макамындагы мамлекеттердин лидерлери. Самарканд, Өзбекстан.

Самаркандда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде бул бирикмени экономикалык түзүмгө айлантуу сунушу айтылды. Бул куралдуу жаңжалдарга байланыштуу салынган санкциялардан жана кысымдан чыгуу жолу катары каралды.

Жыйын өтүп жатканда кыргыз-тажик чек арасында катуу кагылышуу чыкты. Бирок анда бирикмеге мүчө мамлекеттер – Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чатагы, өнөктөш мамлекеттер – Армения менен Азербайжандын ортосундагы чыр да көңүл сыртында калды. Орусия кол салган Украинадагы согуш тууралуу да саммитте дээрлик сөз козголбоду.

Антитеррордук миссиядан экономикага

Шанхай кызматташтык уюмунун Өзбекстандын Самарканд шаарындагы саммитине бирикмеге мүчө, байкоочу жана диалогдук өнөктөш мамлекеттерди кошкондо жалпы 15тей өлкөнүн лидерлери келди. Жыйындын алгачкы күнү – 15-сентябрда алар өз ара эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү. 16-сентябрда кеңири курамдагы отурум өтүп, анда ар бир лидер 10-20 мүнөттүк билдирүү жасады.

Уюмга мүчө мамлекеттердин жетекчилери бир ооздон Шанхай бирикмесинин аброю өсүп жатканын, көп өлкөлөр ага кошулгусу келип жатканын айтышты. Айрымдар ошол себептүү анын миссиясын антитеррордук багыттан экономикалык багытка өзгөртүүнү да демилгелеп жатышты.

Мындай идеяны алгач Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев көтөрүп, аны азыркы геосаясий абал менен байланыштырды. Ал уюмдун негизги “үч душманы” – терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүүнү да уланта берүү зарыл экенин белгилеп, бирок уюмдун эффективдүүлүгүн арттыруу үчүн түрдүү тармактарда кызматташуу керектигин айтты.

Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

“Биз алдыбызда ШКУну глобалдык экономикалык платформага айлантуу маселеси турат. Бүгүн биздин уюм дүйнөнүн динамикалык түрдө өнүгүп жаткан экономикалары менен чоң адамдык жана техникалык потенциалды бириктирип турат. Учурда дүйнөдөгү ички дүң продуктунун төрттөн бири, башкача айтканда 23 триллион доллар ШКУнун катышуучуларына туура келет. Биздин ээлигибизде бай энергоресурстар, көмүр, сейрек металлдар жана башка нерселер бар. Идеялык жана институционалдык негизибизде карама-каршылыктар жок, ошону үчүн уюмдун аброю өсүп жатат. Ошондуктан ШКУнун катышуучуларынын географиясы жылдан жылга кеңейип жатат. Менимче, бул дүйнөдөгү эң ийгиликтүү уюм болуп калды. Ошондуктан биз мындан ары ШКУнун алкагында түрдүү формада экономикалык кызматташтыкка өтүүнү жактайбыз. Кийинчерээк товарлардын, капиталдын, тейлөөнүн жана технологиялардын эркин жүгүртүүсүнө жетишсек болот”, – деди ал.

ШКУну 2001-жылы Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан терроризм, экстремизм, сепаратизм, наркотрафик менен күрөшүүчү уюм катары негиздеген. 2017-жылды Индия менен Пакистан уюмга толук кандуу мүчө катары кошулган.

Иран уюмга кошулуу процедурасын 2021-жылы баштап, ушул күндөрү саммитте кол коюлган документтерге ылайык толук кандуу мүчөлүккө кирди. Иранды кошуп эсептегенде ШКУга кирген мамлекеттердин саны тогузга жетти.

Беларус, Монголия жана Ооганстан байкоочу макамына ээ. Быйыл уюмга төрагалык кылып жаткан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Самарканд саммитинде Беларус да ШКУга толук мүчө болуу процедураларын баштаганын жарыялады.

Мындан сырткары дагы ондогон мамлекет байкоочу макамына арыз берген, дагы бир нече мамлекет диалогдук өнөктөш болуп саналат. Түркмөнстан менен Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык бирикмелер саммитке бейтарап жак катары чакыруу алып, катышып турат.

ШКУнун негиздөөчүлөрү мамлекеттеринин бири – Орусиянын президенти Владимир Путин Самарканддагы саммитте сөз сүйлөп жатып, Украинадагы жаңжалга байланыштуу санкция салган өлкөлөрдү каарып өттү. Ал Батыш мамлекеттеринин бул чараларын “дискриминациялык” деп мүнөздөдү. Ушундай шартта Путин дагы ШКУнун экономикалык ролун кубаттап өттү:

Владимир Путин
Владимир Путин

“Сөз жок, биздин кызматташуубуздун артыкчылыктуу багыты терроризм, экстремизм, уюшкан кылмыштуу топтор жана мыйзамсыз куралдуу түзүмдөр күрөшүү болуп кала берет. Биздин сырткы чек араларыбыздагы жаңжалдарды, анын ичинде Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салууга дипломатиялык жактан көмөктөшүү биздин негизги милдеттердин бири болуп кала берет. Албетте, экономикалык кызматташууларды чыңдоо да ШКУнун ишинин маанилүү бөлүгүн ээлеп кала берет. Биргелешкен аракеттер менен соода-инвестиялык алыш-бериш кеңейип жатат, ар кайсы багыттарда өз ара пайдалуу коммерциялык долбоорлор ишке ашып жатат. Улуттук валюталар менен эсептешүүнүн үлүшү да барган сайын арып жатат”.

Мындай караганда Шанхай тобуна кирген Орусия, Казакстан, Кыргызстан башка бир экономикалык багыттагы – Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө. Ага азыр ШКУга киргиси келип жаткан Беларус менен өнөктөш өлкө Армения да кирет. Бирок Батыш өлкөлөрүнүн масштабдуу санкцияларынан кийин аларга бул мейкиндик чектөө болуп калды сыяктуу. Ошол себептүү ЕАЭБдегилер экономикалык кулачын Кытай, Иран, Индия баштаган мамлекеттерге чейин жаюуга болуп көрбөгөндөй кызыкдар болуп турушат.

Беларустун башында турган Александр Лукашенко саммитте аларга санкция салып жаткан өлкөлөргө сес көрсөтүп, ШКУ дүйнөдөгү лидер уюм болушу керектигин айтты:

Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

“Шанхай кызматташтык уюму базалык максаттарына жана принциптерине таянуу менен тең ата жана сый диалогго шарт түзүп берет. Глобалдык дүйнө түзүлүштөгү кардиналдуу өзгөрүүлөрдүн жана Батыш баштаган санкциялык согуштардын шартында бул жерде эл аралык жана регионалдык маселелерди чечүүгө цивилизациялык аракеттер көрүлөт. “Шанхай духу” жана ар тараптуу кызматташуу дүйнөнүн жаңы архитектурасы үчүн бекем пайдубал болуп бере алат. ШКУ орток саясатты карманган ниеттеш мамлекеттерди бириктирет жана айрым мамлекеттер менен уюмдардын бир кылка дүйнөнү куруу аракеттерине чечкиндүү каршы турат. Дүйнөдө мындай тартип кургусу келгендердин катаал саясий жана экономикалык кризистерге алып келди. Ушундай шартта уюмдун кеңейип жатканы өтө жакшы көрүнүш. Беларус ШКУга 2010-жылдан бери байкоочу болчу. Биз дагы толук кандуу мүчө болуу процедурасын баштоого уруксат бергениңерге ыраазычылык билдирем. Биз дагы бул уюмга транзиттик жана өндүрүштүк-илимий потенциалыбызды сунуштай алабыз. Беларус соода-экономикалык жактан ШКУнун чоң потенциалын көрө алат”.

Быйыл жыл башында Орусия Украинага кол салган соң, аны айыптаган Батыш өлкөлөрү Москва менен түздөн-түз тирешке барбай турганын билдирип келишет. Ошол себептүү алар орус армиясын каржылоого бөгөт коюу үчүн орус экономикасына сокку уруу позициясын карманып, санкция салып жатышат. Муну менен катар Москванын өнөктөшү болгон Беларуска да санкциялар киргизилген. Ушул шартта Орусия менен Беларус ансыз да Кытай жана Иран менен соода алакасын күчөтө баштаган.

Жаңжалдардан буйтаган саммит

Ошол эле маалда Шанхай шериктештигинин өзүн да ушул тапта ынтымактуу жана тыгыз кызматташкан уюм болуп жатат деп айтуу кыйын. Ушул эле уюмга мүчө өлкөлөр Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ушул тапта катуу кагылыш болуп жатат. Керек болсо так ушул саммит маалында эки тарап атышып жатканына карабай жыйында эч ким, эч бир тарап аны сөз кылган жок.

Ал тургай Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да кеңири курамдагы жыйында бул жаңжал тууралуу кеп кылбады. Жапаров да уюмдун кеңейип жатканын кубаттап, экономикалык жана соода кызматташтыгы тууралуу кеп салды. Буга ушунун алдында кол коюлган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун мисал тартты:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Бүгүнкү күндүн реалдуулугу региондо автомобиль жана темир жол транспорту үчүн жаңы эл аралык каттамдарды түзүү максатында биргелешкен инфратүзүмдүк долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу зарылдыгын талап кылууда. Ушуга байланыштуу “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу “Бир алкак – бир жол” демилгесинин алкагында флагмандык долбоор болушу керек. Ал эми аны ишке ашыруу Борбор Азия аймагынын дүйнөлүк рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгү менен транзиттик потенциалын толук ачууга карай олуттуу кадам катары эсептелиниши зарыл”, – деди ал.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу жалпы жыйында үн каткан жок. Ал Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу кенен токтолуп, мурдагы саммиттердеги риторикасын улантты.

Рахмон бул өлкөнүн бийлигин басып алган “Талибанды” ар кайсы жагынан айыптады. Кийин ал дагы ШКУнун алкагындагы экономикалык алакаларга кайралып, азык-түлүк коопсуздугу темасына токтолду:

“Чөлкөмдөгү мамлекеттердин кызыкчылыктарын эске алуу менен мындан ары соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн мен мурдагы Дүйшөмбү шаарындагы саммитте мен ШКУнун 2030-жылга чейин стратегиясын иштеп чыгууну сунуштаган элем. Жакын арада биз жашыл экономиканы өнүктүрүүгө негизделген стратегиялык планды сунуштайбыз. Аны ШКУнун келерки саммитинде бекитүү үчүн иштеп чыгууга өкмөттөргө тапшырма берүүнү демилгелейм”, – деди Эмомали Рахмон.

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон. 16-сентябрь, 2022-жыл. Самарканд, Өзбекстан.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон. 16-сентябрь, 2022-жыл. Самарканд, Өзбекстан.

Ошентип саммиттин негизги отуруму аяктагандан кийин гана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон чек арада ок атышууну токтотууну жана куралдуу күчтөрдү артка кайтарууну макулдашканы кабарланды. Бирок баарыбир олуттуу көйгөй тууралуу саммитте кеп болбогону жана ага башка өнөктөштөрдүн акыл кошпогону көп суроолорду жаратты.

Куду ушул сыяктуу эле ШКУнун диалогдук өнөктөштөрү Армения менен Азербайжандын ортосундагы соңку кандуу жаңжал да дээрлик козголгон жок. Саммитте Азербайжандын президенти Илхам Алиев бул жөнүндө өзү маселе көтөрүп, жаңжал үчүн Арменияны айыптады. Армениянын премьер-министри Никол Пашиян бул саммитке келген эмес.

Украинадагы согушка байланыштуу салынган санкциялар жана андан кийин жаралган экономикалык көйгөйлөр саммиттин негизги темасы болгону менен куралдуу жаңжалдын өзү тууралуу сөз болбоду.

ШКУнун диалогдук өнөктөшү Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жыйында бул жагдай азык-түлүк кризисин жаратканын белгилеп, алар украин данын чыгарууга жардам берип жатканын сөз кылды. Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух дүйнөдө товар ташуу логистикасы бузулуп, азык-түлүктүн баасы кескин көтөрүлүп жатканына даттанышты.

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жыйында буларга токтолду:

Си Цзиньпин менен Владимир Путин. 15-сентябрь, 2022-жыл.
Си Цзиньпин менен Владимир Путин. 15-сентябрь, 2022-жыл.

"Учурда биз жүз жылдардан бери туш боло элек чоң өзгөрүүлөргө бет келип жатабыз. Дүйнөдө жаңы жүз алчу түзүмдөр башталганы турат. Ушул тушта ШКУнун бекем жана бирдиктүү коомдоштугун бышыктоого туура келет. Мында биринчиден өз ара колдоону күчөтүшүбүз зарыл. Коопсуздукту коргоо боюнча бири-бирибизге көмөктөшүп турушубуз керек. Сырткы күчтөрдүн "түстүү төңкөрүштөрдү" жасоо аракеттерине жол бербейли. Ички иштерибизге кийлигишүүлөр болсо ошого биргелешип каршы туралы".

Ирандын президенти Ибрагим Раиси өз сөзүндө АКШнын бийлиги дүйнөдө үстөмдүк жүргүзгүсү келип жатканын айтса, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф өз өлкөсүндөгү суу ташкындын кесепеттери жөнүндө кеп кылып, дүйнө өлкөлөрүнөн жардам сурады.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG