Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Иманкулов: Чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу аракети жүрүүдө


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрдын таңында кайрадан атышуу болуп ал уланып жатат. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптоодо. Бишкек Дүйшөмбүгө расмий нота тапшырганы кабарланды. Соңку кырдаал боюнча Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов "Азаттыкка" учкай маек курду.

- Марат мырза, кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып, жаңжал уланууда. Расмий маалыматтар боюнча оор техника колдонулуп, бир нече жерде атышуу болуп жатат. Азыркы тапта чек арадагы кырдаал кандай?

Баткен шаарындагы аткылоодон соңку кырдаал
Баткен шаарындагы аткылоодон соңку кырдаал

- Ачыгын айтсак, абал оор. Биздин коңшуларыбыз болгон Тажикстандын Куралдуу күчтөрү бүгүн таңдан тарта Кыргызстандын аймагын аткылап жатышат. Алар замбиректерди, минометторду колдонууда. Ал тургай «Град» системасын колдонду деген маалымат бар. Биз алардын бийлик органдарына байланышка чыгып, ок атууну токтотуусун талап кылып жатабыз. Буга чейин менин коллегам Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы менен сүйлөштүм.

Алар ок атууну токтотууга команда бердик дегени менен ал нерселер аткарылбай жатат. Тажик тарап өзүм билемдик кылып оор техникаларды колдонду. Баткен шаарына снряддар түшкөнү жөнүндө маалыматтар келүүдө. Эл жашаган аймактарды аткылоо коңшулук мамилеге сыйбаган иш болуп жатат. Биздин элдер миң жылдар бою коңшу катары жашап келген. Биз алардын ок атуусун токтотуу үчүн жооп кайтарууга аргасыз болуп жатабыз. Бир-эки жолу ок атууну токтотуп көрдүк, бирок коңшу тарап ок атууну токтоткон жок. Биз адекваттуу жооп кайтарып жатабыз.

P/S. Маек алынган соң Кыргызстандын Чек ара кызматынын Телеграм- каналы Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен тажик Коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов чек арадагы ок атышууну саат 16:00дө токтотуу жөнүндө макулдашканын кабарлады.

- Ошол эле учурда соңку жаңжал Самаркандда ШКУнун жыйыны өтүп, Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери ага катышкан учурга туш келди. Дал ушул аянтчада сүйлөшүүлөр болобу, эки өлкөнүн жетекчилери жолугушабы?

- Президент чек арадагы кырдаал боюнча маалымат алып жатат. Азыркы учурдагы маалымат боюнча Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандын тышкы иштер министри менен соңку кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анын жыйынтыгы боюнча толук маалымат ала элекпиз, күтүп жатабыз. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстанга учуп келет.

- Буга чейин сиз жана Тажикстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Жамаатык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Станислав Зась менен телефондон сүйлөшкөнүңүздөр кабарланды. Сүйлөшүүдө эмне жөнүндө сөз болду?

- Ооба, сүйлөшүү өткөрдүм. Мен соңку кырдаал боюнча ЖККУга тиешелүү маалымат бердим.

- Баткендеги соңку кырдаал курчугандан тарта чек аралаш аймактагы бир нече айылдардын тургундары коопсуз жерлерге көчүрүлгөнү, бир нече адам жараат алганы кабарланды. Азыркы тапта алардын абалы кандай жана канча адам коопсуз аймакка көчүрүлдү?

- Азыркы учурда такталууда. Чек ара тилкесине жана чек ара бекеттерине жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларын коопсуз жерге чыгарып жатабыз. Кырдаалды көзөмөлдөп жатабыз, жеринде Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлери иштеп жатат. Биздин негизги максат элибизди жабыркатпай, жерибизге, суверенитетке доо кетирбегендей бардык аракеттер көрүлүп жатат.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG