Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:15

Депутат Шаботоевдин өлүмү: кандуу жылдардын катылган сыры


Шаботоевдин көмүлгөн жери аныкталган учурда тартылган сүрөттөр. Ал жерди кармалган Жумабек Зикирбаев көрсөтүп берген.
Шаботоевдин көмүлгөн жери аныкталган учурда тартылган сүрөттөр. Ал жерди кармалган Жумабек Зикирбаев көрсөтүп берген.

Мындан туура 15 жыл мурда Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоев дайынсыз жоголуп, бир жылдан кийин гана сөөгү табылган. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлик саясатын сындап жүргөн оппозициячыл саясатчынын өлтүрүлүшү коомду селт эттирген окуя болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоев 2008-жылы 30-сентябрь күнү кечинде Бишкектеги кафелердин биринде жогорку кызмат адамы менен сүйлөшүп отуруп, сыртка чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Андан туура бир апта мурда Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Жусупжан Жээнбековдун баласы Бахтияр да дайынсыз болуп жаткан. Кийин экөөнүн тең сөөгү табылат. Бул ошол кездеги кандуу окуялардын биринчиси эмес эле, тилекке каршы, андан кийин да токтоп калган жок.

Дарыгерликтен саясатка алып келген март ыңкылабы

Ишкер жана дарыгер Руслан Шаботоев саясатка 2005-жылдагы Март ыңкылабынын шарданы менен келген. Ошол жылы февралда жыйынтыгы элдик толкундоого себеп болгон парламенттик шайлоого №59 Чүй округунан катышкан. Шайлоонун экинчи айлампасында талапкер Айдарбек Керимкулов алдыга чыгып, Руслан Шаботоев экинчи болгон.

Бир нече күнгө созулган митингдер менен башталган элдик толкундоонун натыйжасында ошол кездеги президент Аскар Акаевдин бийлиги кулап, Курманбек Бакиев баштаган оппозициялык күчтөр мамлекетти башкарууну колго алган. Жаш саясатчы нааразылык акциялары маалында Чүй аймагындагы элди уюштургандардын бири болгон.

Ал Март ыңкылабынан кийин бир канча күн Ак үйдүн коменданты болуп, тартип сактоого катышкан.

Сымбат Шаботоева иниси кандайча саясатка келип калганын эскерди:

“Биринчи революциядан кийинки башаламандыкта ал Ак үйдүн коменданты болду. Мен эмнеге ал жерге бардың деп сурасам, "элибизде ушундай акыбал болуп жатканда эмнеге барбайм?" деп койгон. Ошондо Ак үйдү бир жума кайтарып жатышкан. Мылтыктарды калтырып кетишкен экен, ошолорду чогултуп, карап, тартипти сактап турушкан. Негизи саясатка келүү оюнда жок болчу. Нейрохирургиялык клиника ачам деп ойлоп жүргөн. Дарыгерликке тубаса шыгы бар эле. Кичинесинен эле дарыгер болом деп кыялданчу. Революциядан кийин жанындагы балдар үгүттөгөн го, ошону менен саясатка аралашып, кийин эл да татыктуусуң деп, депутаттыкка колдоп кетти”.

2000-2005-жылдары дарыгер-хирург болуп иштеген жана бизнес менен да алектенген Шаботоев Март ыңкылабынан кийин эки жылдай “Ишкердикти өнүктүрүү фонду” деп аталган мамлекеттик ачык акционердик коомунун башкы директору, башкармалык төрагасы болуп турган.

Руслан Шаботоев.
Руслан Шаботоев.

2007-жылы декабрда өткөн парламенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Парламенттеги кесиптеши Ирина Карамушкина буларды айтты:

“Ал жөн саясатчы гана эмес, жоопкерчиликтүү, төрт тарабы келишкен адам эле. Руслан медициналык академияны бүтүргөн, кесиби боюнча дарыгер болчу. Тагдыр экен, ал Жогорку Кеңештин трибунасын пайдаланып, өлкөнүн маселесин глобалдуу чечүү максатында саясатты тандаган. Шаботоев парламентте майда маселелерди эмес, көптөгөн көйгөйлүү иштерди ачык көтөргөн. Ал ыр да жазчу. Азыр ойлосом, Шаботоев өткүр саясатчы, кайсы бир деңгээлде романтик да болгон экен”.

Руслан Шаботоев жоголгон түн

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоев 2008-жылы 30-сентябрда кечинде дайынсыз жоголгон. Ал Бишкектеги “Майкл” деген кафеде кечинде Байланыш боюнча улуттук агенттиктин деректири Кубат Кыдыралиев менен отурган кезде белгисиз адамдар сыртка чакырып, ошону менен дайынсыз кеткен. Бир жылга чейин анын өлүү-тирүүсү белгисиз болгон.

"Чет өлкөгө кетип калыптыр, качып кетиптир деп бизди алдашты да. Тирүү эле, ал жакта экен, бул жакта экен деп айтып жүрүштү. Көрсө, өйдө жактын көрсөтмөсү менен эле бизди алдашыптыр да", - дейт эжеси Сымбат Шаботоева.

Милициянын версиясы, шектүү Зикирбаев

Руслан Шаботоевдин киши колдуу болгону туура бир жылдан кийин, 2009-жылы 30-сентябрда гана белгилүү болгон. Аны өлтүрүүгө шектүү катары кармалган криминалдык чөйрөнүн лидери Жумабек Зикирбаев Чүйдүн Байтик айылынын аймагындагы депутаттын сөөгү көмүлгөн деген жерди көрсөтүп берген.

Жалпы сегиз адам кармалган. Ички иштер министрлиги Жумабек Зикирбаевдин бандасы Кыргызстандагы бирден-бир криминалдык топ болгон Рысбек Акматбаевдин тобуна баш ийип турганын маалымдаган.

Милиция депутаттын өлүмүн анын жеке иштерине байлаган.

“Жалпылап айтканда, депутаттын көзүн тазалоо анын коммерциялык иштерине байланыштуу болгон деген маалымат бар. Биз кылмышка шектүүлөр Шаботоевди уурдоого тиешеси бар деп болжолдоп келгенбиз, бирок далил болгон эмес. Ошондой эле булар биринчи жолу гана адам уурдап жаткан жок деген божомолубуз бар. Кармалгандардын сөзүнө караганда, кылмышты банданын үч мүчөсү жасаган. Алардын сөзү боюнча, Руслан Шаботоевди өлтүрүүнү ниет кылышкан эмес, болгону кайсы бир карызды өндүрүү боюнча сүйлөшүүнү көздөшкөн. Зикирбаевден бул тууралуу суранып, Казакстандагы “кесиптештери” чыгышкан. Бирок депутат менен кылмышкерлер тил табыша албай калган. Ортодо уруш чыгып, өлтүрүп салышкан”, - деп билдирген милициянын өкүлү 2009-жылы.

Шаботоевдин көмүлгөн жери аныкталган учурда тартылган сүрөттөр.
Шаботоевдин көмүлгөн жери аныкталган учурда тартылган сүрөттөр.

Маалыматтарда көрсөтүлгөндөй, Шаботоевден ала турган турган карызы бар экенин айтып Зикирбаевге казак жараны Айдос аттуу адам чыккан. 30-сентябрда алар депутатка жолугуу үчүн келген. Айдос менен Шаботоев автомашинанын артында отуруп, уруша кетип, Айдос Шаботоевди атып салган.

Ошол эле кезде Шаботоевдин киши колдуу болушу боюнча милициянын версиясы жалгыз гана Зикирбаевдин көрсөтмөсү менен бекемделген. Анткени Зикирбаев кармалган учурда Шаботоевди атты делген Айдос өлүп калганы белгилүү болгон. Айдосту Кордайда өз үйүнүн жанында белгисиз адамдар 2009-жылы 5-майда атып кеткени айтылган.

Ошондуктан жалгыз гана Зикирбаевдин көрсөтмөсү менен түзүлгөн тергөөнүн маалыматына депутаттын жакындары жана санаалаштары күмөн саноо менен карашкан.

Шаботоевдин көмүлгөн жери аныкталган учурда тартылган сүрөттөр. Ал жерди кармалган Жумабек Зикирбаев көрсөтүп берген.
Шаботоевдин көмүлгөн жери аныкталган учурда тартылган сүрөттөр. Ал жерди кармалган Жумабек Зикирбаев көрсөтүп берген.

Коомдо Руслан Шаботоевдин дайынсыз жоголушу анын саясий ишмердиги менен байланыштырылган.

Курманбек Бакиевдин башкаруу саясатын сындап жүргөн Социал-демократтар фракциясынын катарындагы депутат Руслан Шаботоев эл алдында көп эле жолу Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруу өкүм сүрүп калганын айткан. Ал өзүнүн соңку маектеринде бийликтегилер үй-бүлөлүк башкаруудан баш тартпай турган болсо, алар менен күрөшкөн оппозициядагы чоң саясатчыга айланарын билдирген.

Депутат Шаботоевдин "Азаттыкка" берген соңку маеги
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:00 0:00
Түз линк

Ошондуктан кесиптештери депутаттын жоголуп, көз жумушун бийликтен көргөн.

“Руслан Шаботоев Курманбек жана Жаныш Бакиевдер башкарып турган тушта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Ал ошол күндөрү күтпөгөн жерден эле жоголуп кеткен. Биз КСДП фракциясынын жыйынына ошол кездеги ИИМ башчысы Молдомуса Конгантиевди, УКМК башчысын, тиешелүү жооптуу адамдарды чакырганбыз. Мен Молдомуса Конгантиевден эмне үчүн Руслан Шаботоевди аликүнчө таппай жатасыздар, ал деген саясатчы, жогорку даражалуу адам деп сурагам. Биз издеп жатабыз, бул жерде криминалдык териштирүүлөр болгон деп жооп берип, бизди ишендиргенге аракет кылышкан", - деди Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын мурдагы депутаты Ирина Карамушкина.

Ал белгилегендей, укук коргоо органдары кезинде Шаботоевдин өлүмүн криминалдык териштирүү деп мүнөздөөгө аракет кылган. Журналист Акан Иманов мындай сөздөр негизсиз болгон деп эсептейт.

"Кылмыш дүйнөсүнө тиешеси бар адамдар менен жүргөнүн же алар менен табакташ болгонун көргөн эмеспиз. Дегеле эл чогулган жыйын болобу, башка маселе боюнча чогулуш болобу, ал бирөөнү коркутуп же басым жасаган эмес. Өзүнүн лидерлиги, карапайымдыгы менен элдин алкоосуна татыган. Ошол кезде коомчулук элден суурулуп чыккан, элдин үнүн жеткирген лидерлерге суусап турган болсо керек. Өзү бизнес менен да алектенген, карапайым кишилерге, өзүнүн районуна колунан келген жардамын берген".

Зикирбаевдин тобу маркум Руслан Шаботоевден тышкары ошол кездеги дагы бир депутат Жусуп Жээнбековдун уулу Бактияр Амиражановду жана ишкер Игорь Гизейди өлтүрдү деп шек саналган. Мурдагы депутат Жусупжан Жээнбеков бул окуяларды мындайча эскерген:

2010-жылы июнда Биринчи Май райондук сотунда Руслан Шаботоевдин өлүмү боюнча иш каралып жаткан учурда айыпталуучу үч адам - Жумабек Зикирбаев, Чыңгыз Мамытов жана Улан Кожоев качып кеткен. Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматынын ыкчам иликтөө тобу аларды сегиз күндөн кийин кармаган. Кармоо учурундагы атышууда Жумабек Зикирбаев жараат алып, мерт болгон. Жумабек Зикирбаевдин ишин анын өлгөнүнө байланыштуу сот кыскарткан. Депутатты өлтүрүүгө ким буйрук берди деген суроолор жоопсуз калган.

Сымбат Шаботоева да инисинин өлүмүндөгү көп жагдайлар ачыкталбай калган деп эсептейт. Ал сотто эле милициянын версиясына ишенбегенин айтты:

“Бул версияга биз такыр ишенген эмеспиз. Менин атам 35 жыл көп жерде түрмө башчысы болуп иштеген. Апам да абактарда медик катары эмгектенген. Апам "ошолордун бетин карайынчы" деп сотко өзү катышкан. Анткени булардын “мыйзамында” алар түрмө кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө эч убакта кол көтөрбөйт деп айткан. Апам "сен кылдыңбы" дегенде, Зикирбаев башын чайкап, "жок" деген. Мен да ага "Русланды кайдан тааныйсың" деп сурасам, "телевизордон көргөм" деген. Ошондон кийин экинчи соттук отурумга жеткирбей аны жок кылышты да. Анан кантип ишенебиз? Чындыкка жетпей калдык. Жумабек Зикирбаевдикине кошуп ишти жаап салалы дегенде, прокуратурага арызданып отуруп, ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлдүрүп калгам, эмнеге бандиттердин ишине кошуп жатасыңар деп. Ошол иш токтогон бойдон Тергөө башкармалыгында жатат. Аны эч ким карап койгон жок".

Кандуу жылдар

2005-жылы Жоогазын ыңкылабынын шарапаты менен бийликке келген Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык башкаруусуна, үй-бүлөлүк бизнесине каршы күрөш 2010-жылы Апрель окуясына өсүп жеткен.

Ал бийликте турган кезинде бир тууганы Жаныш Бакиевди Мамлекеттик күзөт кызматынын башчылыгына дайындаса, уулу Максим Бакиев Инвестиция, инновация жана өнүгүү боюнча борбордук агенттигине (ЦАРИИ) жетекчиси болгон. Максим Бакиев менен Жаныш Бакиев өлкөдөгү таасирдүү адамдарга айланган. Президенттин башка бир туугандары да ар кыл кызматтарды ээлеген.

Оппозиция Бакиевдин жакындары өз кызыкчылыгын көздөп, ага каршы чыккандарды куугунтуктап, атүгүл жок кылууда деп айыптаган.

Журналист Акан Иманов КСДПнын депутаты Руслан Шаботоевдин бул учурдагы ролуна токтолду:

"Жогорку Кеңешке депутат болгондо ошол кездеги бийликке кыр көрсөткөн, маселелерди ачык көтөргөн эр жүрөк депутаттардын бири болгон. Ошол маалдагы системага ачык каршы тургандардын бири эле. Ал учурдагы бийликке Чүй өрөөнүнөн жаш, курч лидердин кереги жок болчу. Мунун өлүмүнө ушул да себеп болушу мүмкүн".

2009-жылы коомдук ишмерлерди, спортчуларды кошпогондо да, Шаботоев 2005-жылдан кийин киши колдуу болуп көз жумган бешинчи депутат болгон.

Маселен, депутаттар Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Руслан Шаботоев, Санжар Кадыралиев, Тынычбек Акматбаев киши колдуу болгон.

Мындан тышкары, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко, каскадёр Үсөн Кудайбергенов, спортчу Раатбек Санатбаев, кылмыш чөйрөсүнүн төбөлү Рысбек Акматбаев, ишкер Абдалим Жунусов, Бактияр Амиражанов, журналисттер Геннадий Павлюк, Алишер Саипов жана башкалар буюртма тапшырманын курмандыгы болушкан.

Журналисттер, активисттер, саясатчылар чет өлкөгө качууга аргасыз болгон.

Бакиевдин тушунда куугунтукталып, түрмөгө камалган коомдук ишмер Сапар Аргынбаев 2010-жылдан кийин келген бийликти айрыкча укук коргоо органдарында реформа жүргүзө алган эмес деп күнөөлөдү:

“Реформа жасоого убактылуу өкмөттүн күчү жеткен жок, анын үстүнө алар кыска убакытта гана иштеп калды. Атамбаевге болсо кайра анын сөзүнөн чыкпай, айтканын аткарган ушундай система жагып калды. Реформа жасоого саясатчылар кызыккан жок. Атамбаев үчүн укук коргоо органдарында реформа жасоого эң чоң шарт түзүлгөн, ал ошол мүмкүнчүлүктү пайдалана алган жок. Реформа кылгысы да келбеди. Жыйынтыгы ушул болуп жатат. Бүгүнкү бийлик да өздөрүнө туура эмес жасалган мамилени унутуп калып, сотторду, прокурорлорду, тергөөчүлөрдү жоопко тарткан жок”.

2010-жылы 6-7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы көтөрүлүштө Ала-Тоо аянтында 90го жакын киши окко учуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан.

Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.

Башкы прокуратура Бакиевдерди Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракети көрүлүп жатканын билдиргени менен, майнап чыга элек. Курманбек Бакиев 2010-жылы болгон кандуу окуяда эч кандай күнөөсү жоктугун кайталап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG