Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Салык саясаты: талаш жараткан үч маселе


Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), көзөмөл-кассалык машине (ККМ) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). "Азаттыктын" коллажы.

Кыргыз өкмөтүнүн жаңы салык саясаты улам-улам каршылыктарга кабылып жатат. Ишкерлер жана соодагерлер акцияларды өткөрүп, айрым чараларга даяр эмес экендигин билдирүүдө. Өкмөт болсо өз жүйөсүн келтирип, киргизген ыкмалардан баш тарткан жок.

Негизги талаш үч нерсенин тегерегинде болуп жатат. Алар: көзөмөл-кассалык машине (ККМ), электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ). “Элдик экономика” түрмөгүндө дал ушул маселе талданды.

Көзөмөл-кассалык машине – ККМ

Көзөмөл-кассалык машине – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. Анын жардамы менен акы катары алынган акча саналып, кардарга товар сатып алганын же кызмат колдонгонун ырастаган чек берилет.

Кыргызстанда кассалык аппараттарды колдонуу тарыхы эгемендик жылдарга барып такалат. Союздан бөлүнгөндөн кийин өлкөдө бул тармак алгач башаламан болуп турса, 1996-жылкы Салык кодекси аркылуу аталган механизм милдеттүү түрдө киргизилет. Кодекстин 2008-жылкы редакциясында Көзөмөл-кассалык машинелер – ККМ деген термин менен жаңыланат.

Аталган жабдууларды калкка кызмат көрсөткөн ар бир ишкер колдонууга милдеттүү болгону менен буга чейин ал талапты баары аткарчу эмес. Жабдууну көбүнчө ири соода жайлары пайдаланчу. Технологиянын өнүгүшү менен кыргыз өкмөтү 2015-2016-жылдары ККМдин онлайн маалымат берүүгө ыңгайлуу түрлөрүн сүрөй баштайт. Мында да башында аны чоң ишканалар гана иштетип турушат.

Салык кызматы Көзөмөл-кассалык машинелердин жаңы стандартын 2021-жылдын 1-июлунан тартып толук киргизген. Башкача айтканда, операция аткарылары менен маалыматты фискалдык органдарга жөнөтө албаган эски аппараттарды колдонууга тыюу салынган. Пилоттук долбоор катары жабдуулар алгач акысыз таратылып берилип турган.

Мурда колдонулган ККМ бир гана аппаратта иштегени үчүн “аппараттык” деп аталчу, жаңы сунушталган ККМ “программалык” деген аталышка ээ. Башкача айтканда, ал виртуалдуу программа – компьютерде, планшетте, телефондо жана башка ушул сыяктуу аппараттардын баарында иштей берет. ККМдин бул жаңы түрү товарды каттоону, акчаны эсептөөнү жана салык органдарына маалымат жөнөтүүдөн сырткары керектүү сайттарга онлайн жиберип тура алат.

Планшетте иштеген Көзөмөл-кассалык машине
Планшетте иштеген Көзөмөл-кассалык машине

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук биринчи каналга берген жаңы интервьюсунда бул жабдуунун негизги максаты товар өндүрүлгөндөн, же өлкөгө киргенден баштап, ар бир сатып алуучуга жеткенге чейин эсепке алуу деп түшүндүрдү:

“Өлкө качан бутуна туруп, өзүнүн оокатын кылып кете алат? Эгерде өлкө өзүн-өзү бага албаса, өз армиясын чыңдап, чек арасын коргой албаса, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана башка тармактарга көңүл бөлө албаса, өлкө болуп эсептелбейт. Салык канчалык көп жыйналса, өлкө өзүн-өзү камсыздап кетет. Биз бир да жаңы салык киргизген жокпуз, ал тургай айрымдарын жыйноо убактылуу токтотулуп турат. Мурдагыдай эле сегиз салык бар, биз ошону алып жатабыз. Болгону санариптештирдик. Анан акча кайсы жактан түшө баштады? Ушул жабдууларды киргизүү менен ар бир товарды электрондук түрдө көрүп жатабыз. Ким алып кирди, ким кимге сатты, кайсы жерге барып, канча сатылды, айтор баары көрүнүп турат. Фискалдык саясат туура жүргөндүктөн, ушундай жыйынтык болуп жатат. Бардык акчаны бюджетке бурдук. Бул кайра пенсия, жөлөк пул болот”.

Кантсе да, кеп болуп жаткан чараларга байланыштуу алгачкы нааразылыктар 2021-жылдын декабрында чыкты. Бишкектеги “Дордой”, “Дордой Моторс” жана “Таатан” базарларынын соодагерлери катар митингдерди өткөрүп, ККМди колдонууга каршылыгын билдиришет. Таласта "Алтын казык" соода борборунун ишкерлери да митинг уюштурат.

Мунун фонунда 2022-жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы Салык кодексинде бул талап милдеттүү түрдө бекитилет. Болгону ишкерчиликтин айрым түрүнө 2023-2024-жылдарга чейин убакыт берилген.

Ага карабай кийинки нааразылыктар 2022-жылдын январында башка базарларды да каптап, митингдер өкмөт үйүнүн алдында өтөт. Президент Садыр Жапаров “Дордой” жана “Ош” базарларына барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Ортодо Бишкекте, Чүйдө, Ысык-Көлдө, Таласта, Ошто, Нарында жана башка аймактарда да ККМ аппараттарына каршы нааразылыктар өтүп турду. Өкмөт да айрым жумшартууларга барып, ишкерликтин айрым түрлөрүн муну милдеттүү колдонуучулардын тизмесинен чыгарды. Бирок кийин бардык ишкерлерге милдеттүү түрдө калганы жарыяланат. Бул арада атайын ККМден алынган чектер үчүн лотерея ойнотулуп, калкты сөзсүз эсеп-дүмүрчөк талап кылуусуна шыкак болду.

Нааразылыктар 2023-жылдын башынан бери да уланып жатат. Акыркы жолу 20-февралда, 2-мартта жана 10-мартта Бишкекте ишкерлер кайрадан акция уюштурушту. Мында да “Дордой-Дыйкан”, “Дордой-моторс”, “Азиз”, “Ош” жана башка базарлардын соодагерлери каршылыгын айтышты. 11-мартта президент Садыр Жапаров Нарынга иш сапар менен барган учурда да ишкерлер ККМ маселесин көтөрүштү. Чогулгандар ККМ системасына убактылуу мораторий киргизүүнү, патент системасын калтырууну талап кылышкан.

Соңку митингдердин биринде Аламүдүн базарында иштеген соодагер Азамат Ирсалиев жаңы талап аларга кошумча чыгымдарды алып келип жатканына даттанган:

"Аламүдүн базарында иштегениме дээрлик 25 жыл болду. Биздин базардагы жамаат бул митингге ойногонунан келген жок. Ар бири насыя алган. Мамлекеттен жардам болгон эмес, жеңилдетилген насыя берилет дегени менен бир дагы адам аны алган жок. Биздин базарда эле 15тей дүкөн жабылып калды. Мисалы, товарды орто дүңүнөн саткандар 100 сомдук майга эки сом эле кошот. Азыр фирмалар эсеп-фактуралар менен келет деп товар бербей жатат. Салык кызматына барып катталбаса, фирмалар эч кандай товар бербейт экен. Кассалык аппараттар боюнча бир эсепчи жалдаш керек экен. Мен мисалы, базарда үй-бүлөм менен иштейм. Биз отчет тапшырабызбы, же эсепчи жалдайбызбы, же соодабызды кылабызбы? Контейнердин ичинде ансыз дагы кыйналып, ысык-суукта отурабыз. Анда өкмөт завод-фабрика салсын, биз соодабызды жыйыштырып коюп ошол жакка барып иштейли. Азыр соодам токтосо, кайсы жакка барып иштейм? Эл жыргаганын ысык-суукка кайыл болуп базарга чыгып жаткан жок да".

Мамлекеттик салык кызматы ККМдин максаты бир соодагер канча товар сатып, канча акча жүгүртүп жатканын аныктоо экенин белгилеп, айланткан акчасын жашыргысы келгендер ага каршы чыгып жатканын билдирүүдө.

Анткени, товар жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки ишкерлер салыктын негизги түрлөрүн төлөбөйт. Мекеме өкүлдөрү ишкерлер жүгүрткөн акча ушундан ашып кетеринен чочулоодо деп эсептейт.

Салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков “Азаттыкка” курган маегинде буларды билдирди:

“Өзүңүздөр билгендей, мурун сатуучулар кааласа чек берип, каалабаса бербей коюшчу. Азыр баары электрондук формат болуп жатат. Ишкерлер ККМ коюп, чек чыгарып бергенден баштап, маалымат автоматтык түрдө Салык кызматынын базасына келип түшөт. Айрымдар эмнеге ККМге макул болбой жатышат. Анткени, 8 миллион деген “балээ” бар да. Бул суммага чейин товар жүгүрткөн ишкерлер 5 миң сомго чейин патент алып коюп, Соцфонд менен киреше салыгынан башка салыкты төлөбөй иштей беришсе болот. Мындан ашып кеткендер салыктардын башка түрлөрүн төлөй башташат. Баары эмес, бирок ошо каршы чыгып жаткандардын көбү ККМ кирсе, жүгүрткөн акчасынын баары ачыкка чыгып, ушул суммадан өйдө чыгып кетет деп чочулап жатышат. Айрымдары 30 миллион сомдук, же 100 миллион сомдук товарларды жүгүртүп, бирок меники 8 миллиондон ашпайт деп жүрө беришкен. Мындан ары андай болбойт”.

Салык кызматынын эсебинде, Кыргызстанда ККМ колдонушу зарыл болгон ишкерлердин саны 100-150 миңдей болушу керек. Бул бизнесмендердин ишине жараша бир аз азайып же көбөйүп турат.

Расмий маалымат боюнча, ушу тапта 66 миңден ашык ишкер ККМ колдонуп жатат. 2021-жылы бул сан 20 миңдин тегерегинде экенин эске алганда, көрсөткүч үч эсе арбыган. Бирок колдонушу керек болгон ишкерлердин теңи али ККМге өтүшө элек.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз – ЭТТК

Орусча “товарно-транспортная накладная (ТТН)”, кыргызча “товардык-транспорттук коштомо кагаз” (ТТК) – бул товарды бир жерден экинчи жерге жеткирүү үчүн керектеле турган документ. Мында жүктү жөнөтүүчү, алуучу жана ташуучунун дайын-дареги, товардын аталышы, көлөмү, баасы жана башка нерселери жазылат.

Бул биринчи кезекте коммерциялык компаниялардын өздөрүнө керек. Алар ошо менен эсеп-кысап жүргүзүшөт. Ошол эле маалда бажы, салык же башка органдарга көрсөтүү үчүн да талап кылынат.

Мындай документ СССР учурунан бери колдонулат. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин деле ар бир жүк жеткирүүчү кагаз түрүндөгү ТТК алып жүрүүгө милдеттүү болуп келген. Кыргызстан 2015-жылы Евразия Экономикалык Биримдигине кирген соң ал онлайн формага өткөрүлүп, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз – ЭТТК деген аталыш алган.

Башында муну нефтетрейдерлер гана пайдаланып келсе, 2022-жылы кабыл алынган Салык кодексине ылайык дүңүнөн товар айланткан ар бир ишкер колдонууга милдеттүү болуп калды. Тагыраагы товар өндүрүүчү, товар сатуучу, товар жеткирүүчү, импорттоочу, экспортоочу жана башкалар колдонушу керек.

Муну үчүн ишкер Салык кызматынын salyk.kg сайтында жеке кабинетин ачат. Анда виртуалдык кампа уюштурат да, ага өз товарларынын тизмесин киргизет. Керектүү товарларды башкага сатуу үчүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз толтурат.

Сатып алуучу товарды алган учурда өзүнүн онлайн жеке кабинетине кирип, ал документти кабыл алат жана товарды сатып алганын ырастап коёт. Айталы, жөнөкөй бир дүкөн системага катталып, “товарды алдым” деп белгилеши керек. Бирок чакан дүкөн өзү кайра дааналап саткан товары үчүн бул инструментти колдонбойт. Анын сатыгын жогоруда айтылган ККМ аппараты эсептеш керек.

Мындай ыкма менен кайсы бир товар жөнүндө бардык маалыматтар порталда реалдуу режимде чагылдырылып турат. Демек, дүкөнгө ЭТТК менен түшкөн товар жана ККМ менен болгон сооданын суммасы бирдей чыгышы керек. Эгер бул инструмент толук ишке кирсе, иш жүзүндө өлкөдөгү ар бир товардын бир фирмадан экинчи фирмага жетиши мамлекеттин көзөмөлүндө болуп калат. Өкмөт бул аткезчиликке жана контрафакттык товарларды ташууга бөгөт коёрун билдирүүдө.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (электронная товарно-транспортная накладная). Салык кызматынын сайтынан алынган скриншот.
Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (электронная товарно-транспортная накладная). Салык кызматынын сайтынан алынган скриншот.

Мындагы негизги маселе – коштомо кагазды онлайн толтуруунун кагазга караганда татаалдыгында болуп жатат. Дүң жеткирүүчүлөр жана соодагерлер ар бир жеткирүү үчүн электрондук документ ачып, аны кайра кабыл алып, кириш-чыгыш жасап туруу түйшүк болуп жатканын билдирүүдө. Алар иштеп жаткан эсепчилер буга жетишпей жатканын, эсепчиси жок болсо адис жалдоого аргасыз болуп жатканын белгилешет.

Мурдараак ишкерлердин Салык кызматынын ЭТТКны талкуулоо учурунда Кыргызстандын эсепчилер ассоциациясынын өкүлү Эля Аралбаева бул жагдайды мындайча комментарийлеген:

“Албетте, бизге санариптештирүү керек. Бирок башында бухгалтерлерге болгону каттоого коёсуңар деп айтышкан. Азыр болсо биз товарды киргизип алган соң электрондук транспорттук-товардык коштомосун толтурбагандардын товарларын же чыгара албай, же кетти деп эсептей албай олтурабыз. Ошондуктан быйылкы жылды сыноо убактысы катары караш керек. Чынында биз даяр эмеспиз. Ал тургай чоң бизнес кылып жаткандарга да кыйын болуп жатат. Анткени алар чакан бизнес жүргүзгөндөргө көз каранды болуп турат. А кичи бизнес жүргүзгөндөр электрондук коштомо кагазды кааласа толтурбай деле коюп жатат”.

Эля Аралбаева өз сөзүндө, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды күн сайын өз мөөнөтүндө толтуруу кыйын болуп жатканын белгилеген. Ал бул инструмент бухгалтерлердин ишин татаалдаштырып жатканын айткан. Бухгалтерлердин өкүлү, анткени буйрутма берүүчүлөр тапшырыгын алдын ала бере албай, же берсе ташуу үчүн автоунаа таба албай жатышканын, айтор ушуга окшогон нерселерден улам эсепчилердин иштери кечеңдеп кетип жатканын кеп кылган.

“Бухгалтерлер да адам, алар күнү-түнү иштей алышпайт. Машиналар аймактарга таңкы саат 5-6да чыгып кетет. А бухгалтерлер аны ошол күнү толтурушу керек болот. Ошондуктан азыр өтө кыйынчылык көп болуп жатат. Адатта чакан бизнестегилер бухгалтер жалдай алышпайт. Ири өндүрүштөр болсо жөн гана ушул электрондук коштомо кагазды толтуруп туруш үчүн эле оператор-бухгалтерлерди жалдап жатышат. Себеби, бухгалтерлер чекеден иштен кетип калышууда”, – деп келтирет Эля Аралбаеванын сөзүн “Кактус Медиа” басылмасы.

Мамлекеттик салык кызматы башынан тартып эле айрым ишкерлердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз кошумча чыгымдарга жана убарагерчиликтерге алып келип жатат деген жүйөлөрүн негизсиз деп келет. Мекеме муну башында бир сыйра киргизип ишти баштап алса, кийин жолго коюлуп каларын билдирет.

Ошентсе да тиешелүү орган системаны дагы да жеңилдетиш үчүн сайттан сырткары атайын тиркемени ишке киргизип жатыптыр. Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов Улуттук биринчи каналдын“Ой ордо” программасында буларга токтолду:

“Ушул маселени чечиш үчүн мобилдик телефондордо баарын камтый турган программаны даярдап бүтөйүн деп калдык. Ошол эле уюлдук телефондордон ишкерлер бардык операцияны жасаса болот. Ошондуктан ишкерлер эч кам санабай эле койсо болот. Жакын арада аны ишке киргизебиз. Биз ККМге да, ЭТТКга да толук өтүшүбүз керек. Башка өлкөлөр буга эчак өткөн. Маселен, Арменияда калктын саны биздикинен аз, бирок салыкты бизден көп чогултат. Эмне үчүн? Анткени ушундай системалар толук киргизилген. Бизде алардан аз жеп, аз кийип, товарларды аз колдонуп жаткан жок да. Мамлекет болгону өз акысын алып, болгон товардын гана салыгын чогултуу аракетин көрүп жатат”.

Электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды былтыр 13 миң ишкер колдонуп жаткан болсо, учурда алардын саны 61 миңге жеткен. Башкача айтканда, жарым жыл, бир жылда беш эсе арбыган.

Кыргызстанда жалпы канча ишкер ЭТТК колдонушу керек деген эсептер азырынча так эмес. Анын санагы ККМ аппараттары кеңири иштеп, товарлардын кирип-чыкканы толук эсептелип калган соң белгилүү болуп калса керек.

Электрондук эсеп-фактура – ЭЭФ

Эсеп-фактура (счёт-фактура) – бул кошумча нарк салыгын (КНС) эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. Сатып алуучу андан сатуучу тараптын аталышын, реквизити, товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн тизмеси, алардын баасы, акысы, пайыздары жана кошумча нарк салыгы тууралуу маалыматты ала алат.

Бул документ товар өндүрүүчү менен товарды дүң сатып алуучунун, же товарды дүң сатуучу фирма менен товарды чекене сатып алуучу фирманын ортосунда жүргүзүлөт. Башкача айтканда, катардагы сатып алуучу, жеке адам үчүн анын тиешеси жок.

Көпчүлүк билгендей, эсеп-фактура советтик мезгилден эле бар. Кыргызстан эгемендик алган жылдар бери ал кагаз түрүндө таризделип келчү. 2020-жылдын 1-июлунан тартып ошол эле документ онлайн тартипке өткөрүлүп, электрондук эсеп-фактура – ЭЭФ (электронная счёт-фактура – ЭСФ) деп аталып калды.

"Арай көз чарай": Салык саясатынын аргасы жана чалмасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:55:27 0:00

Мамлекеттик салык кызматы түшүндүргөндөй, азыр электрондук эсеп-фактураны жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашкан ар бир ишкер колдонууга милдеттүү. Учурда аны толтуруп, иштеп жаткандардын саны 30 миңден ашты. Былтыр алардын саны 12 миң болчу, демек муну колдонгондор да эки эсе көбөйүптүр десек болот.

Электрондук эсеп-фактура
Электрондук эсеп-фактура

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ бюджетти көбөйтүү максатын көздөй турганын айтты:

“КМШ мамлекеттердин ичинен эң либералдуу салык режими бизде. Казакстанга барып көрүшсүн, Өзбекстанга же Тажикстан, болбосо Кытайга барып көрүшсүн. Биздикиндей либералдуу салыктык система эч кимде жок. Биз болгону баарын электрондук кылгыла деп суранып жатабыз. Антпесек, биз салык ала турган товарлардын дайынын таппай жатабыз. Мисалы, 2021-жылы Кыргызстанга миңге жакын вагон жыгач алып келинген. Алар станциядан машинелерге жүктөп, базарларга акырын сатып жиберишет. "Кана" десең, патент менен иштеген ишкерлерге саттым дешет. Башка товарлар да ошентип келген. Биз мына ошону санариптештирип, Орусиядан, Казакстандан товар бизге жылганда көрүп турабыз. Кыргызстанга келгенде, анысын кимге сатканын сурап, электрондук эсеп-фактура менен бардык дарегин таап алып жатабыз. Ошентип атып азыр биз 5 триллион 800 миллиард сомго чейин товардын айланып жатканын көрүп турабыз. Ал акырында кимге барганын аныктап, ошонун эсебинен кошумча нарк салыгын жыйнап жатабыз”, – деди ал соңку интервьюсунда.

Акылбек Жапаров сөзүнө мисал катары 2022-жылдын жыйынтыгында Салык кызматы 207 миллиард 901,6 милион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултканын билдирди. Бул сумма 2021-жылкы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 63,8 миллиард сомго көп.

Экономист жана башка тармактагы адистердин арасында өкмөттүн соңку чараларын колдогондор арбын. Мамлекеттик телеканалдарда, көз карандысыз медиаларда деле пикирин айткан эксперттер ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ инструменттерин киргизүүнү кубаттаган пикирлерин айтышат.

Ошол эле маалда алар бул жараянга инфратүзүмдү жана ишкерлерди толук даярдап алып, анан өтүш керек эле деген да жүйөлөрдү келтиришет.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы директору, экономист Данияр Акматов буга чейин туура эмес кеткен саясаттан улам айрым өндүрүштөр токтоп калганын белгилейт. Ал чек арадагы жана бажыдагы чектөөлөр да кээ бир тармактарды талкалап жатканын, ушундай шартта кыргыз өндүрүшүнүн моюнуна ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ инструменттерин илип салышканын кошумчалады. Ал атамекендик ишканалар ушундай шартта чет элдик өндүрүшчүлөр менен атаандашууга аргасыз болорун билдирди.

“Мен бул көйгөй тууралуу мурда да айткам. Мага кыргыз бизнесин атайылап жарга түртүп жатышкан сыяктуу эле сезиле берет. Жалпы жонунан биздин орто жана чакан бизнес азыр кризистик маалда өтө чоң жүктү тартып жатат. ККМ, ЭТТК жана ЭЭФ жабдыктарын киргизерден мурда дүйнөлүк рынокту талдоо керек болчу. Жакын арада экономикалык кризистер күтүлгөн жокпу? Баарын көмүскөдөн чыгарып салсак кандай болот? Ушул суроолорду талдап алыш керек болчу. Кандай болгон күндө да азыр көмүскө бизнес жүргүзгөндөр ошол боюнча эле иштей беришет, кыргыз бизнесинин мыйзамды так аткарган катмары гана өтө кыйналат. Дүйнөдө, анын ичинде бизде кризис болуп жаткан маалда ушул инструменттердин киргизилип жатышы биздин рынокту дагы да муунтат”, – деди экономист Данияр Акматов.

Учурда salyk.kg сайтында учурда 607 миңден ашуун салык төлөөчү жеке кабинетин ачып, тиешелүү кызматтарды (патент алуу, отчётторду тапшыруу, декларация толтуруу, кабарламаларды алуу ж.б) электрондук түрдө алат. Мунун 536 миңи жеке адамдар, 70 миңден ашууну юридикалык жактар.

Жогоруда кеп болгон көзөмөл-кассалык машине (ККМ), электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК-ЭТТН), электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ-ЭСФ) жана башка сервистер да так ушул портал менен биргелешкен система болуп саналат. Анын кайсы бири туура эмес толтурулса, же анда маалыматтар жашырылса, анда башка жагынан көйгөй чыгып калат.

Жыйынтыктап айтканда 600 миңдей салык төлөөчүнүн 66 миңден ашыгы ККМ пайдаланып жатса, 61 миңи ЭТТК менен иштөөгө өттү. Дагы 30 миңдейи ЭЭФ колдонуп жатат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG