Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Венадагы Салтанат Сакембаева Кремлге кантип жардам берген?


 Салтанат Сакембаева менен Андрей Руденко. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Салтанат Сакембаева менен Андрей Руденко. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Москва ЕККУдагы өз кишилери аркылуу бир топ чечимдерге таасир этип турган. Алардын арасында кыргыз жараны да бар экени "Свобода" радиосу жарыялаган иликтөөдө сөз болот. Салтанат Сакембаева ким жана аны менен Кремлдин кандай байланышы болушу мүмкүн?

2022-жылдын февраль айында Украинага жапырт бастырып кирүүгө эки күн калганда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко Мамлекеттик Думада Орусия менен өзүн "элдик республика" деп атаган Донбасстын ортосундагы "кызматташтык жана өз ара жардамдашуу тууралуу достук келишимдерди ратификациялоо" жөнүндө баяндама жасаган.

Ал Украинаны "Орусия, Украина жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан турган үч тараптуу Байланыш тобунун алкагындагы сүйлөшүүлөргө бут тосуп жатат" деп айыптаган.

Штаб-квартирасы Венада жайгашкан 57 мамлекеттен турган бул уюм ЕККУнун 30-ноябрга белгиленген министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны алдында Орусия анын чечимдерине вето койгонуна байланыштуу кризиске кептелди.

Балтика өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери орус делегациясына нааразылык билдирип, ЕККУнун жыйынына бойкот жарыялашууда.

Руденко буга чейин согуштун алгачкы күндөрүндө эле Орусиянын Украинага басып киришин айыптаган ЕККУдагы Орусиянын өкүлү болгон. Ал мезгилде Руденконун жубайы ЕККУнун Башкы катчылыгында улук саясий жана административдик жардамчы болуп иштеген. Бизге Евробиримдик өлкөлөрүнүн биринин дипломаты маалымдагандай, бул ага ЕККУнун жогорку деңгээлдеги жыйындарына катышууга жана ар кандай маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берген.

Руденконун аялынын аты Салтанат Сакембаева. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун орус кызматынын маалыматында, анын ЕККУдагы иши бир катар суроолорду жаратты. Анткени Кремл ал аркылуу Орусиянын Украинадагы агрессиясына байкоо жүргүзүүдө негизги роль ойноп, Москва менен Киевдин ортосунда ортомчулук кылууга аракеттенип жаткан уюмдун ишмердигине таасир этиши мүмкүн.

Орусиянын ветосу ЕККУнун ишине бут тосту
ЕККУдагы чечимдер 57 мүчөнүн баарынын бир добуштан чечими менен кабыл алынат. Орусиянын ветосу уюмдун ишине бут тосууда. Москванын турумунан улам ЕККУнун Украинадагы атайын мониторинг миссиясы 2022-жылы февралда орус тарап коңшу өлкөгө басып киргенден кийин өз ишин токтоткон. Бул миссия Орусия Крымды басып алгандан жана Украинанын чыгышындагы куралдуу жикчилдерге колдоо көрсөткөндөн бери сегиз жыл иштеди.
Түндүк Македониянын борбору Скопьеде ЕККУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин 30-ноябрда боло турган жыйынынын алдында Орусия бул өлкө менен мурдатан болуп келген салкын мамилесинен улам Эстонияны 2024-жылы уюмдун төрагасы катары бекитүүдөн дагы бир жолу баш тартты. Батыш расмийлери Орусияны ЕККУнун ишин үзгүлтүккө учуратып, анын бир добуштан чечим кабыл алуу саясатын кыянаттык менен пайдаланып жатат деп айыпташты.

Ушундай эле суроолор мурда Орусиянын Вашингтондогу элчилигинде иштеп, Москванын сириялык диктатор Башар Асадды колдогону тууралуу америкалык бийликтерге түшүндүрмө берген, азыр ЕККУнун катчылыгынын улук стратегиялык кеңешчиси болуп турган Антон Вушкарниктин айланасында да чыккан.

"Свобода" радиосунда Вушкарниктин АКШ Конгрессинин кызматкерине электрондук почта аркылуу жөнөткөн каты бар. Анда YouTube сайтында жарыяланган, украин саясатчыларын нацисттерге окшоштурган видеого шилтеме жасалып, Америка "гомосексуалдык авторитаризм" коркунучунда турары айтылган жана гомофобиялык лексика дагы колдонулган.

Бул иликтөөнүн дагы бир каарманы Дарья Боярская АКШнын президенти Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдө Орусиянын президенти Владимир Путиндин котормочусу болуп иштеген. Ал азыр ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын эл аралык катчылыгынын кызматкери. Ак үйдүн мурдагы кызматкеринин айтымында, ал бул сүйлөшүүлөрдө Трамптын көңүлүн алагды кылуу үчүн котормочу болуп дайындалган.

Кремлге жакын кишилердин ЕККУдагы жогорку кызматтарга дайындалышы тынчсыздануу жаратты, анткени бул Орусияга бейтарап эл аралык органдын ишин үзгүлтүккө учуратуу мүмкүнчүлүгүн бериши мүмкүн.

Орусия 2022-жылы февралда Украинага басып киргенден беш ай өткөндөн кийин Орусияга кайтып келген Сакембаева "расмий колдонуу үчүн көп сандагы материалдарды алып, күйөөсүнө [Руденкого] оңой эле берип коюшу мүмкүн", – деди ЕККУдагы жана дипломатиялык чөйрөлөрдөгү башка булактар сыяктуу эле коопсуздук үчүн атын атагысы келбеген шартта "Свобода" радиосуна сүйлөп берүүгө макул болгон ЕККУнун катчылыгындагы анын мурдагы кесиптештеринин бири.

ЕККУнун 2020-жылдан бери германиялык Хельга Шмидт жетектеп келе жаткан башкы катчысынын кеңсеси "Свобода" радиосуна "уюмдун бардык кызматкерлери улутуна же келишимдин түрүнө карабастан ЕККУнун кызыкчылыктарын гана көздөөгө жана жалпыга жеткиликтүү болгон уюмдун кызматкерлеринин Жүрүм-турум кодексине баш ийүүгө милдеттүү" деп билдирди.

"Биз айрым учурларды талкуулай албасак да, Жүрүм-турум кодекси кокус бузулчу болсо, ЕККУ өтө олуттуу мамиле кылат жана ыктымал мыйзам бузуулар менен күрөшүүдө тиешелүү ички жол-жоболорду ырааттуу түрдө колдонот деп сиздерди ишендиребиз", – деп жазды ЕККУнун басма сөз катчысы Дэвид Дэдж "Свобода" радиосуна электрондук почта аркылуу жөнөткөн билдирүүсүндө.

Дипломаттын жубайы

2022-жылдын июнь айында Салтанат Сакембаева Орусиянын эгемендик күнүнө карата Венадагы орус элчилигинде өткөн салтанаттуу кечеге барган.

Аталган иш-чарада түшкөн сүрөттөрүндө ал Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы болуп турганда Орусиянын агрессиясын актап, АКШ менен алардын союздаштарын "ЕККУнун катчылыгынын функцияларын "узурпациялоого" аракет кылууда деп айыптаган Орусиянын ЕККУдагы туруктуу өкүлү Александр Лукашевичтин жанына турат.

Александр Лукашевич жана Салтанат Сакембаева, 2022-жыл, июнь.
Александр Лукашевич жана Салтанат Сакембаева, 2022-жыл, июнь.

Сакембаева ошол кезде ЕККУнун Венадагы Башкы катчылыгында дээрлик 15 жыл иштеп койгон.

Уюмдагы эмгек жолун 2009-жылы Кыргызстандын жараны катары баштаган. ЕККУдагы кесиптеши аны абдан ачык-айрым жана мамилечил деп атайт: "Кызматтык жактан өсүү үчүн ЕККУнун Башкы катчылыгында баары колдоочу тапкысы келчү. Ал болсо ар кандай кызматтарда иштеп жүргөндө көптөгөн адамдар менен тынбай баарлашчу. Анын ар кандай кырдаалдын чордонунда болууга жана каалаган маалыматты чогултууга чоң мүмкүнчүлүгү бар эле".

Сакембаеванын болочок күйөөсү Руденко Австриянын борборуна 2011-жылы Орусиянын ЕККУдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары болуп келген. Алар ошол жерде мамиле түзө баштаган: Сакембаеванын Фейсбук баракчасынан алардын ресторандарга чогуу барганы тууралуу эскерүүлөрдү азыр да тапса болот.

2014-жылдын май айында Сакембаева Венанын борборуна жакын жерден тынч көчөдөн 92 чарчы метрлик батир сатып алган ("Свобода" радиосунда муну ырастаган документтер бар).

Сатып алуу учурунда жашаган дареги катары ал Венадагы эл аралык уюмдардын алдындагы Орусия Федерациясынын туруктуу өкүлчүлүгүнүн имараттарынын бирин көрсөткөн.

Сакембаева 2014-жылы август айында Орусиянын жарандыгын алып, бир айдан кийин Орусия Федерациясынын Венадагы элчилигинде Руденкого турмушка чыккан. Июль айында Сакембаева Кыргызстандын жарандыгынан баш тарткан. Аны менен чогуу иштегендер ал турмушка чыкканын жана жарандыгын өзгөрткөнүн жашырганын айтышат.

2020-жылдын 9-майындагы Жеңиш майрамынын алдында Сакембаева өз Фейсбугун георгий лентасы жана "Жеңишке 75 жыл" деген ураан менен жасалгалаган. 2014-жылдан кийин бул символдор Орусиянын Украинага каршы агрессиясын колдоо катары баалана баштаган болчу.

2016-жылы Руденко Орусияга кайтып келип, жубайы Венада калган. Руденко Беларус, Молдова жана Украина менен карым-катнаш жүргүзгөн Тышкы иштер министрлигинин департаментинин директору болуп калды. Бул өлкөлөрдүн баары ошол кездеги ЕККУнун күн тартибинин маанилүү бөлүгү эле.

"Салтанат ЕККУнун кызматкери болгондуктан, албетте, кызыкчылыктар кагылышуусу бар. Ал катчылыктын негизги кызматкерлери, анын ичинен бир нече башкы катчылар, төрагалар жана чыр-чатактарды алдын алуу борборунун жетекчилиги менен да таанышууга мүмкүнчүлүгү бар болчу", – деди ЕККУда иштеген дипломат.

Сакембаева ЕККУда кандай маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон?
Европа өлкөлөрүнүн биринин дипломаты "Азаттык" радиосуна Сакембаева ЕККУнун Украинадагы атайын мониторинг миссиясынын жана Донбасстагы Орусия колдогон куралдуу жикчилдер менен украин аскерлеринин ортосундагы куралдуу кагылышууну дипломатиялык жол менен чечүү үчүн түзүлгөн үч тараптуу байланыш тобунун ишмердиги тууралуу маалыматка ээ болгонун айтты. Топтун курамы Украина менен Орусиянын өкүлдөрүнөн турган, ал эми ЕККУ сүйлөшүүлөрдө данакер катары иш алып барган.
"Сакембаева Орусиянын Молдова, Грузия жана Закавказье менен чыр-чатактарына арналган жолугушууларга да катышкан", – деп белгиледи дипломат. Анын айтымында, Сакембаева расмий делегациялардын курамына да кирип, ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн министрлер кеңешинин жыйындарына, ошондой эле уюмдун жана тышкы иштер министрлеринин жолугушууларынын аянтчасы болуп саналган "ЕККУнун коопсуздук күндөрүнө" катышкан.
"ЕККУнун бардык кызматкерлери уюмдун компьютердик желесинен маанилүү маалыматтарды көчүрмөлөөгө тыюу салган купуялуулук келишимине кол коюшат", – дейт Сакембаеванын мурдагы кесиптеши. Анын айтымында, ЕККУдагы иштердин 80% тууралуу маалыматтарды жана Сакембаева "жумуштан кийин жубайына телефон аркылуу маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон".

Украина менен Орусиянын ортосундагы мамилелер курчуган маалда да Сакембаева ЕККУнун катчылыгындагы кызматын сактап калды жана анын жетекчилиги мындан эч кандай көйгөйдү көргөн жок.

"Салтанаттын иш-милдети жолугушууларды, иш сапарларды уюштуруп, документтерди басып чыгаруу болгон, – деди "Азаттык" радиосуна анын мурдагы кесиптеши. – Бул административдик кызмат, бирок ал буга ар дайым кандайдыр бир зор милдет катары мамиле кылчу... Орусия көптөгөн маанилүү чечимдерди ырааттуу бөгөттөп келгендиктен, ЕККУ, балким, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине кире алган адамдын мүмкүнчүлүгүн бааласа керек".

ЕККУнун ички эрежелерине ылайык, "эгер кызматтык милдеттерди аткарууга тиешеси жок болсо, кызматкерлерге ээлеген кызматынын аркасында алган маалыматты колдонууга, жайылтууга жана/же жарыялоого" тыюу салынат.

Сакембаеванын мурдагы кесиптеши ЕККУнун кызматкерлери үчүн эрежелер талап кылгандай, өз жетекчилигине жашоосундагы жаңы жагдайлар тууралуу кабарлаган болушу мүмкүн деп эсептейт. "Эмне үчүн аны жашыруун маалыматтар жеткиликтүү болбогон башка жумушка которушпаганы түшүнүксүз", – деп кошумчалайт ал.

Андрей Руденко менен Салтанат Сакембаев ЕККУнун баш катчысы Томас Гремингер менен Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 2019-жылы 2-апрелде болгон жолугушуусунда.
Андрей Руденко менен Салтанат Сакембаев ЕККУнун баш катчысы Томас Гремингер менен Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун 2019-жылы 2-апрелде болгон жолугушуусунда.

Сакембаева ЕККУнун жетекчилигинде 2022-жылдын июлуна чейин, башкача айтканда, Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып киришинин алгачкы беш айында иштеген.

Орус атайын кызматтарынын ишмердигине адистешкен иликтөөчү журналист Андрей Солдатов "Свобода" радиосуна ФСБнын чалгынга каршы бөлүмүнүн кызматкерлери "Сакембаеванын керектүү кызматта экендигин анык билишкен жана аны өз максаттары үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышкан эмес", – деп билдирди.

"Ал тыңчы болбосо да, андан тигилер жашыруун маалыматты бөлүшүүнү суранышы мүмкүн жана ал жок дей алмак эмес", – деп эсептейт Солдатов.

Сакембаева да, Руденко да жана Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин же Орусиянын ЕККУдагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн башка өкүлдөрү да кырдаал боюнча комментарий берүү жөнүндө өтүнүчүбүзгө жооп беришкен жок.

"Полковник"

Орус дипломаты Антон Вушкарник бир нече жылдан бери ЕККУнун Башкы катчысынын кеңсесинин жогорку даражалуу эксперти жана кеңешчиси болуп саналат. Ошол эле учурда катчылык жайгашкан Венанын борборундагы эски имараттын коридорлорунда айрым кесиптештери аны Орусиянын атайын кызматтары менен байланышын кыйытып, "Полковник" деп аташат.

"Шпигель" журналы менен ZDF телеканалы жана Австриянын 2023-жылдын сентябрында чыккан "Дер Штандарт" гезитинин биргелешкен иликтөөсүнө ылайык, ар кайсы өлкөлөрдүн дипломаттары менен чалгынчыларынын көптөгөн булактары Вушкарник (макалада аты аталбаса да) орус чалгынына иштейт деп эсептейт. "Свобода" радиосунда буга түздөн-түз далил жок.

Анткен менен Вашингтондогу өкмөттүк чөйрөдөгү биздин булак америкалык чалгын кызматы Вушкарникке Орусиянын АКШдагы элчилигинин катардагы кызматкери катары кызыкпагандыгын билдирди. 2017-жылы ЕККУнун башкы катчысы Томас Гремингер Орусия, АКШ, Евробиримдик жана Швейцариянын эксперттери менен кызматташа турган стратегиялык маселелер боюнча эксперттер тобун (Strategic Policy Support Unit, SPSU) түзүүнү чечкен. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өз талапкери катары 52 жаштагы Вушкарникти сунуштап, Гремингер макул болгон.

"ЕККУнун көптөгөн мүчөлөрү SPSUнун максаттары менен милдеттерин толук түшүнүшкөн жок, анткени анын идеясы уюмдун инклюзивдик принцибине карама-каршы келет", – дешти ЕККУда иштеген эки европалык дипломат "Свобода" радиосуна.

Антон Вушкарник (солдо) ММЭМИде (МГИМО) лекция окуп жатат. 2017-жыл, 22-март.
Антон Вушкарник (солдо) ММЭМИде (МГИМО) лекция окуп жатат. 2017-жыл, 22-март.

Вушкарник улук кеңешчи кызматына Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан сунушталган жана анын эмгек акысын да ошол мекеме төлөйт. Бул дайындоону сындагандар ошол кезде Грузиянын, Украинанын аймактарын басып алып, Приднестровьеге көзөмөл жүргүзүп турган Орусия топтун ишине аралашканына нааразы болгон. Мындан тышкары, алар эксперттерди тандоонун жол-жобосу бүдөмүк болгонун белгилешет.

SPSUга дайындалганга чейин Вушкарник Орусиянын Тышкы иштер министрлигинде көп убакыт иштеген. 2011-2015-жылдары, Сергей Кисляк Орусия Федерациясынын Вашингтондогу элчиси болуп турганда, ал элчиликте Конгресс иштери боюнча жетекчи болгон. Вушкарник элчиликте иштеп жүргөндө, Капитолий дөңсөөсүндөгү брифингде Сириянын президенти Башар Асадга орус куралын сатууну актаган.

Мындан тышкары, ал Конгресстин мүчөсүнө гомофобиялык лексиканы колдонуп электрондук кат жазган. Анда ал 2014-жылы Орусиянын Крымды аннексиялоосун жактаган видеолорго шилтемелерди тиркеп, Достоевскийдин славян урууларынан өткөн Орусияны ашкере "жек көргөндөр, көрө албастар жана жалакорлор, ал тургай ачык душмандар" жок деген узун цитатасын кошо жөнөткөн.

Вушкарниктин каттары
"Свобода" радиосунда Антон Вушкарниктин 2012-жылы АКШнын Хельсинки комиссиясынын 2012–2014-жылдардагы кызматкери Кайл Паркерге жөнөткөн электрондук каттары бар. Ал каттардын биринде ал Москва ибадатканасында Путинге каршы иш-аракеттери үчүн соттолгон феминисттик Pussy Riot панк-рок тобунун мүчөлөрү тууралуу "алар жөн эле сексуалдык жашоосуна нааразы" деп жазат. Тилекке каршы, "биздин Кылмыш кодексибизде мындай өкүм жок" деп кошумчалайт Вушкарник.
Дагы бир катында ал "Америкага коркунуч туудурган гомосексуалдык авторитаризм жөнүндө эмне ойлой тургандыгын" билдирет. Мындан тышкары, ал Орусияда кабыл алынган гомофобиялык мыйзамдардын маанисин кемсинтип, кээ бир өлкөлөрдө мыйзамдар жалпысынан "өлтүрүүгө же аларды түрмөгө отургузууга" жол берерин белгилейт.
2012-жылы Вушкарник Паркерге орусиялык "Новая газета" "Варшавага көчүүнү ойлонушу керек" деп жазган жана "бул алар үчүн да, башкалар үчүн да жакшы болот" деп белгилеген. "Новая газета" Орусия Украинага толук басып киргенден кийин бийликтин кысымынан улам ишин токтоткон. Анын айрым журналисттери Латвияга көчүп барып, "Новая газета. Европаны" чыгара башташкан. 2023-жылдын июнь айында орус бийликтери аны "ылайыксыз уюм" деп жарыялашты.
Вушкарник Паркерге Сталин жөнүндө да жазган: "Сталиндин тушунда орус мамлекети болуп көрбөгөндөй бийиктикке жетти. Ансыз биз Гагаринди космоско учура алмак эмеспиз. Бул кийинчерээк болсо да. Сталин, албетте, Орусияны көргө киргизди, бирок орус жаны аялдай".
Паркер "Свобода" радиосунун аталган каттар боюнча өтүнүчүнө комментарий берүүдөн баш тартты.

2018-жылы Вушкарник Тышкы иштер министрлигинин пландоо бөлүмүндө иштеген жана Минск шаарында Беларустун Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен министрликтер аралык кеп-кеңештерди өткөргөн. Ушундан бир нече убакыт өткөндөн кийин ал ЕККУдагы кызматын ээлеген.

COVID-19 пандемиясынан улам ЕККУда жыйындар онлайн режиминде өткөрүлө баштаган.

Вушкарник Орусия колдогон жикчилдер менен Украинанын өкмөттүк күчтөрүнүн ортосундагы куралдуу чыр-чатак тууралуу талкууларга, Украинадагы атайын мониторинг миссиясы менен жолугушууларга жана үч тараптуу байланыш тобунун жыйындарына да катышууга аракет кылган. Венадагы ЕККУда туруктуу иштеген дипломат "Свобода" радиосуна: "Ал дайыма Zoom'дагы өзү катышпоого тийиш болгон иш-чараларда да отуруп калчу", – деп маалымдады.

Вушкарник ошондой эле 2019-жылдын ортосунда Гремингер тарабынан түзүлгөн "Кызматташтыкка негизделген коопсуздук демилгеси" (The Community Security Initiative, CSI) долбооруна катышкан. CSI сайтында бул "коопсуздук маселелерине биргелешип мамиле кылуунун зарылдыгын сезген жана мамлекеттердин чыр-чатактарды жайгаруу жана жалпы маселелерди биргелешип чечүү үчүн ЕККУ сыяктуу коопсуздук уюмдарды майнаптуу колдоно албагандыгына тынчсызданган саясий серепчилер тобу тарабынан демилгеленгени" айтылат.

Август айында Швейцариянын "Нойер цюрихер цайтунг" гезитине берген маегинде Гремингер Украинадагы согушту жайгаруунун мүмкүн болгон жолу катары Киев "Орусияга оккупацияланган аймактарын убактылуу берсе болмок" деп айткан. Бул иликтөө даярдалып жатканда анын маалымат катчысы "Азаттык" радиосунун журналисттерине Гремингер "комментарий бере албай турганын" билдирди.

2020-жылдын декабрында Хельга Шмид ЕККУнун башкы катчысы болду жана SPSUну таратты. Бирок Вушкарник өз кызмат ордун сактап, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен айлык алууну азыр да улантууда.

Вушкарник Эстонияда
Эстониянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Антон Вушкарник 2001-2005-жылдары Орусия Федерациясынын Таллиндеги элчилигинде иштеген. Дал ушул мезгилде (2004) Эстония НАТОго мүчө болгон. Орусия СССРдин мурдагы республикаларынын жана Варшава келишимине катышкан өлкөлөрдүн НАТОго киришине чечкиндүү каршы чыккан. Вушкарник иштеген мезгилде Таллиндеги элчиликтин кызматкерлери кыйла көбөйгөн.
Эстониянын коопсуздук полициясынын (КАПО) ошол кездеги жылдык отчётторуна ылайык, дипломатияга жамынган чалгын агенттери орус тилдүү азчылыктын кремлчил уюмдарын колдоо боюнча так көрсөтмөлөрдү алып турган. Өлкөдөгү шайлоонун жыйынтыгына таасир этүү аракеттери да болгон.
2004-жылдагы КАПОнун отчётунда 2003-жылдын биринчи жарымында жана 2004-жылы орус чалгын кызматы жанданганы жана активдүүлүгү ырааттуу күчөп, анын натыйжасында дипломатияга жамынган орусиялык эки чалгынчы өлкөдөн чыгарылганы айтылат. Ошондой эле Эстониянын НАТОго кириши "Орусиянын аскердик чалгын кызматынын Эстонияга болгон кызыгуусун арттырганы" көрсөтүлөт.
Эстониянын чалгын кызматынын мурдагы кызматкери "Свобода" радиосуна Вушкарник Таллинде иштеген жылдары орус элчилигинин кызматкерлеринин төрттөн бирине жакыны орус чалгын кызматы менен байланышта болушу мүмкүн экенин айтты.

Вушкарниктин ЕККУдагы орус миссиясы менен байланышы башка суроолорду да жаратат. "Свобода" радиосунда Вушкарник WD-54 сериясындагы номуру бар BMW 5-сериясындагы автоунааны бир нече жолу колдонгонун ырастаган сүрөттөр бар.

Бул эн тамга машине Орусиянын Австриядагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө таандык экенин билдирет. ЕККУдагы булактын айтымында, Вушкарник адатта машинесин ЕККУ жайгашкан Хофбург сарайынын жанына, ЕККУнун катчылыгынын имаратынан жөө басканда 10 мүнөттүк аралыкка токтотот. Сүрөттөрдөн Вушкарниктин өзүн жана анын машинасын көрүүгө болот.

Вушкарник Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жөнөтүлгөн, бирок ал Орусиянын Австриядагы дипломатиялык өкүлү эмес, ЕККУнун кызматкери катары дайындалган. Эл аралык уюмдагы жогорку даражалуу адамдын макамы ага белгилүү бир артыкчылыктарды жана кол тийбестикти берсе да, ал мындай учурда ЕККУнун кызматкеринин жүрүм-турум кодексине баш ийиши керек болчу.

ЕККУга өз өкүлүн жиберген мамлекет айлыкты түз төлөбөйт. ЕККУнун кызматкерлери өз өкмөтү менен болгон бардык жумушчу алака-катыштарды, 40 евродон ашык суммадагы белектерди же кызмат көрсөтүүлөрдү да ачыктап турууга тийиш.

"Автоунаа олуттуу актив болуп саналат, эгерде адам аны пайдаланганы үчүн төлөбөсө, демек, кызыкчылыктардын кагылышуусу бар экени анык, – дейт ЕККУда иштеген дипломат. – Автоунаа иш сапар келишиминде көрсөтүлгөн болушу мүмкүн, бирок бул дагы орус миссиясы менен тыгыз байланышты каңкуулап турат".

Ушул жылдын июль айында Австриянын Европалык жана тышкы иштер министрлиги ЕККУнун кеңсесине расмий кат жөнөтүп, анда Австриянын полициясы Вушкарник жол эрежесин кантип бузганын бир нече жолу каттаганын кабарланган. "Свобода" радиосунун карамагындагы документтерге ылайык, ал ылдамдык чеги 80 жана 100 км/саат болгон чөлкөмдөрдө 130 км/сааттан ашыра айдачу.

Мындан тышкары, полиция аны мас абалда унаа айдаган деп шек санап, бирок ал "ичимдик жыттанып турганына" карабай текшерилүүдөн баш тарткан. Министрлик ЕККУга "дипломатиялык артыкчылыктары жана кол тийбестиги бар бардык адамдар" өлкөнүн мыйзамдарын сактоого милдеттүү экенин жана "бул учурда жолдо өтө кооп жараткан олуттуу мыйзам бузуулар тууралуу сөз болуп жатканын эскертти. Вушкарник ЕККУдагы кызматын Орусия Украинага толук масштабдуу басып кирген 21 ай бою сактап келет. Ал кырдаалга комментарий берүү жөнүндө өтүнүчүбүзгө жооп берген жок.

Путиндин котормочусу


Калининграддык Дарья Боярская 2019-жылы июнь айында Жапониядагы "Чоң жыйырманын" саммитинде АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушууда Путиндин котормочусу катары эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду.

Кийин Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Фиона Хилл Кремлдин Трампты алагды кылууга аракет кылганын, социалдык тармактарда өзүнүн жалтыр-жултур сүрөттөрүн жарыялаган Боярскаяны ошол себептүү атайын тандап алышканын ачык билдирди.

"Биз ушундай болгонун билебиз, анткени алгач бул сүйлөшүүлөрдү башка адам, эркек которуп бериши керек болчу. Бирок акыркы мүнөттөрдө орусиялыктар котормочуну алмаштырды, – деди Хилл 2012-жылдын октябрында Good Morning America программасындагы маегинде. Ал ошол эле учурда Боярская мыкты которгонун да белгиледи. – Алагды кылуу аракети болгону шексиз, анткени президент Путин котормочуну Дональд Трампка тааныштырды. Адатта ал мындай кылбайт".

Боярская Тышкы иштер министрлигинде иштеп, Путин менен тышкы иштер министри Сергей Лавровду чет өлкөлөргө болгон сапарларында тез-тез коштоп жүргөн. Ал Путиндин 2018-жылы АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Жон Болтон менен сүйлөшүүсүнө да барган.

Путиндин 2016-жылы Кытайда президент Барак Обама менен жолугушуусунда да Боярская тилмечтик кылган. 2010-жылдын июнь айынан бери ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын жылдык отурумдарында котормочулук кылып келген.

Дарья Боярская (солдо экинчи) Владимир Путин менен Барак Обаманын Кытайдагы жолугушуусунда. 2016-жыл, 5-сентябрь.
Дарья Боярская (солдо экинчи) Владимир Путин менен Барак Обаманын Кытайдагы жолугушуусунда. 2016-жыл, 5-сентябрь.

Путин менен Трамптын Жапониядагы жолугушуусунан бир жыл өткөндөн кийин ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын сайтында "байланыш бюросунун кеңешчисинин" бош кызмат орду тууралуу жарыя чыкты. Талапкерлерден "орус тилин эркин билиши, котормочу катары көп жылдык тажрыйбасы, эки тараптуу жана көп тараптуу дипломатиялык иштердеги тажрыйбасы", ошондой эле СССРдин мурдагы республикалары – ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн расмий адамдары менен иштөө тажрыйбасы жана улуттук Парламентте же өкмөттө иштеген кеминде беш жылдык тажрыйбасы талап кылынган. Бул жарыя кийин бул кызматты ээлеген Боярскаянын өмүр баянына толугу менен дал келген.

ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын делегаттары "Свобода" радиосуна курган маегинде Боярскаянын дайындалышы ачык-айкын эмес болгонун, Путиндин жеке котормочусу катары анын тажрыйбасы тынчсыздандырарын билдиришти. 2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин ЕККУ ПАсы Орусиянын агрессиясын ачык айыптап, көптөгөн парламентарийлер Боярскаянын Орусиянын Тышкы иштер министрлигиндеги ишин тобокелдик фактору катары баалашкан.

Боярская ЕККУдагы кызматына 2021-жылдын февраль айында киришкен. ЕККУ Парламенттик ассамблеясындагы латвиялык делегаттын бул дайындоону ачык айыптаган катына жооп кылып, ЕККУнун баш катчысы Роберто Монтелла мындай деп жазган: "Биз аны, айрыкча Орусиянын согуштук агрессиясы жана Украинага басып кириши башталганга чейин жумушка алганыбызга сыймыктанабыз". Чыгыш Европанын бир катар өлкөлөрүнүн делегаттары жана дипломаттары Монтелла Орусиянын Украинадагы буга чейинки жети жылдык агрессивдүү аракеттерин эске албаганына нааразы болушкан.

2021-жылдын сентябрында Боярская ЕККУ ПАнын Вена байланыш бюросунун башчысы болуп дайындалган. Ал ошондой эле "атайын өкүлдүн орун басары" да болуп калды. Анын милдеттерине "дипломатиялык жана жумушчу карым-катыштарды түзүү, ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өкүлдөрү жана ЕККУнун башка башкаруу органдары менен кызматташуу жана координациялоо" кирет.

Атаандаштык калыс болбогондугуна шек жаратпаш үчүн ЕККУдагы бош кызмат орундары адатта ачык жарыяланат, бирок Боярскаянын жаңы кызматы "Копенгагенден жаңылыктар" ички маалымат жарчысында гана жарыяланган (бул шаарда Парламенттик ассамблеянын жетекчилиги жайгашкан). Монтелланын кеңсесиндеги "Свобода" радиосунун булагы байланыш бюросунун башчысы жана атайын өкүлдүн орун басары кызматына ачык атаандаштык болбогонун ырастады.

Уюмдун сайтындагы ЕККУнун эл аралык катчылыгынын бош кызмат орундарынын архивинен азыр да кеңешчи издөө тууралуу жарыяны табууга болот. Анда Боярскаяны адегенде 2020-жылы кызматка алышканы жазылган, бирок кийинчерээк Орусия ээлеген байланыш бюросунун башчысы болгону тууралуу жарыя жок. ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын коммуникациялар жана басма сөз бөлүмүнүн башчысы Нэт Пэрри "Азаттык" радиосунун Боярскаяны кызматка дайындоо жараяны жана анын кызматы тууралуу суроолоруна Роберто Монтелланын атынан жазган электрондук катта "бул маселелер ЕККУ Парламенттик ассамблеясынын жетекчилигинин катышуусунда уюмдун ичинде буга чейин талкууланган" деп жооп жазды.

Чыгыш Европанын бир катар өлкөлөрүнүн делегаттары анын бул кызматка дайындалышын азыр да айыптап жатат.

Польшанын делегациясынын башчысы Барбара Бартус "Азаттык" радиосуна:

"ЕККУ Парламенттик ассамблеясы өз түзүмдөрүндө уюштуруучулук кызматта Украинада согуш баштаган путиндик режим менен тыгыз кызматташкан адамдын иштешинен кантип утушка ээ болсун", – деди.

Литва делегациясынын башчысы Вилия Алекнайте-Абрамикиене Боярскаяны "Путиндин эң жакын чөйрөсүндөгү абдан талаштуу инсан" деп атап, Роберто Монтелла ЕККУ ПАнын Вена байланыш бюросунун башчысына "Орусиянын атайын кызматтары менен байланышта болушу мүмкүн болгон кишини" кандай негизде тандап алганы суроо жаратат дейт. Бул кызматта Боярская ЕККУнун Чыгыш Европадагы, Кавказдагы жана Борбор Азиядагы, ошондой эле эл аралык катчылыктын иш байланыштарын билүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Мындан тышкары, ал ЕККУ ПАнын мүчөлөрүнүн расмий сапарларын даярдоого жана шайлоого байкоо жүргүзүү иш-чараларын даярдоого да катышат.

"Биздин башкы катчыбыз саясатчылар менен кеңешпестен эле кадрдык чечимдерди өз алдынча кабыл алат", – деди "Азаттык" радиосуна курган маегинде Алекнайте-Абрамикиене.

Боярскаянын котормочу катары эмгеги да сынга алынган. Ал эл аралык катчылыктын сайтынын орусча версиясына, ошондой эле "эл аралык катчылыктын ички жана тышкы материалдарын туура жана маани-маңызын бурмалабай которууга" да жооптуу. ЕККУ ПАнын орус тилдүү делегаттары орусча котормолордо Орусия Украинадагы согуш өңүтүнөн айтылбаганын белгилешет.

Тактап айтканда, февраль айында ЕККУнун сайтында жарыяланган макаланын англис жана орус тилдериндеги версияларында дал келбестик бар экени аныкталган. Орус тилиндеги "Венада ЕККУ Парламентарийлери Орусиянын Украинага каршы согушун талкуулашат" деген аталышта алгач "Орусия" деген сөз алып салынган. Австриялык журналисттер буга Монтелланын көңүлүн бургандан кийин котормо оңдолгон, бирок сындагандар аталыштын алгачкы редакциясында Орусияга жан тартуу болгонун байкашкан.

Польша тарап Боярская тууралуу тынчсыздануусун өзүнчө билдирди. ЕККУнун 2022-жылдын күзүндө Лодзь шаарында өткөн жыйынынан мурдараак Боярская жана ЕККУнун дагы бир орусиялык кызматкери Анжелика Иванищева Польшанын Ички иштер министрлиги тарабынан персона нон грата (ишенимсиз адам) деп жарыяланган. Алардын өлкө аймагында болушу улуттук коопсуздукка коркунуч туудурат, анткени алар Владимир Путиндин режиминин жактоочулары деп айтылат билдирүүдө.

16-февралда Боярская Литва-Орусия чек арасында Калининграддагы туугандарына барууга аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

"Свобода" радиосунда ЕККУ ПАнын немис жактоочусу жана кеңешчиси Андреас Нотеллеге "Монтелланын атынан" Польшадан Боярскаянын санкцияларын алып салууну талап кылган тапшырма берилгенин көрсөткөн документтер бар.

Нотелла Литванын Тышкы иштер министрлигине жазган катында Боярскаянын кармалышынын себебин түшүндүрүүнү талап кылган. Андреас Нотелла “кесиптик купуялуулукка” шылтап, "Свобода" радиосуна комментарий берүүдөн баш тартты.

Латвиянын делегация башчысы Рихардс Кольс Боярскаяны 2010-жылы ФБР тарабынан камакка алынган орус чалгын тыңчысы Анна Чапман менен салыштырган. Балтика боюндагы башка делегаттар ЕККУнун каржылык абалынан шек санап, аудит жүргүзүүнү талап кылышты.

Роберто Монтелла Кольско: "Көптөгөн өлкөлөрдө мындай билдирүүлөр жалаа деп эсептелет жана кылмыш жоопкерчилигине алып келет!" – деп ачуулуу кат жазып, аны Кольс жарыялап жиберген.

Монтелла Кольсту Боярская "өз өлкөсүнөн ар кандай формада көрсөтмөлөрдү алууга тыюу салган ЕККУ кызматкеринин жүрүм-турум кодексин сактоого милдеттенген" деп ишендирди.

ЕККУда туруктуу иштеген европалык дипломат "Свобода" радиосуна курган маегинде Боярская жөнөкөй орус аялы эмес экенин айтты:

"Путиндин котормочусу катары ал көбүнесе КГБнын ыкмасы менен иш алып барган орусиялык коопсуздук кызматтары тарабынан тыкыр текшерүүдөн өткөн. Биз бул боюнча суроолорду берип, жооп ала албай келебиз".

Сентябрь айында Боярскаянын ЕККУдагы иши тууралуу баяндаган "Шпигель" журналы, ZDF телеканалы жана Австриянын "Дер Штандарт" гезитинин биргелешкен иликтөөсүнөн үч жума өткөндөн кийин аты-жөнү аталбастан анын кызматынын аталышы ЕККУ ПАсынын сайтында "улук кеңешчи" болуп өзгөртүлдү. Ал мындан ары Вена байланыш бюросунун башчысы болуп көрсөтүлбөй калды. Атайын өкүлдүн орун басары азыр улук саясий кеңешчи италиялык Франческо Пагани болуп эсептелет.

Карл Шрек, Майя Живанович, Рийн Альяс

"Свобода" радиосунун иликтөөсү

XS
SM
MD
LG