Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

ЕККУ Ашхабадды сөз эркиндигин сактоого чакырды


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро. Вена, 13-май, 2021-жыл.
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро. Вена, 13-май, 2021-жыл.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму түркмөн бийлигин басма сөз эркиндиги жана жарандардын интернетке жеткиликтүүлүгү боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин сактоого чакырды.

Ашхабадга жасаган сапарынан кийин уюмдун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Тереза Рибейро Түркмөнстанда маалыматтын эркин агымына онлайн да, оффлайн да чектөө бардыгын баса белгиледи.

Ал бийликти эркин пикир билдирүү жана сөз эркиндиги жаатында алган тиешелүү милдеттенмелерин сактоого үндөдү

Түркмөнстандын авторитардык бийлиги маалыматты катуу көзөмөлгө алып, медиа агенттиктерин, социалдык түйүндөрдү жана кат алмашуу тиркемелерин чектеп, жаап келет.

Жакында эле бир нече облустун жергиликтүү бийлиги блогерлер менен белгилүү адамдарды чакырып, социалдык тармактарда "бактылуу жана гүлдөгөн Түркмөнстанды" даңазалоону суранышкан.

Түркмөнстан дүйнөдөгү интернети эң жай мамлекет катары эсептелет.

Британиялык Cable.co.uk компаниясы 2021-жылы жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Түркмөнстан секундасына 0,50 мегабит ылдамдыгы менен 224 мамлекеттин арасынан эң акыркы орунду ээлеген. Түркмөнстанда беш гигабаттык видеофайл 22 саат 34 мүнөттө жүктөлөт.

XS
SM
MD
LG