Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Козак Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалына тынчсызданды


Майкл Козак Варшавадагы жыйында.
Майкл Козак Варшавадагы жыйында.

АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Майкл Козак Тажикстанда жарандык коомго кысым болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ал Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Варшавада өтүп жаткан конференциясында айтты. Ал Америка Сенаты өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнөн мыйзамды сактоону, адам укуктарын жана жарандардын негизги эркиндиктерин коргоону талап кыларын белгиледи.

Козактын айтымында, Вашингтон Тажикстандын өкмөтү коомдук уюмдарды кысымга алганына, өзгөчө Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунда былтыркы кандуу окуялардан кийинки кармоолорду жүргүзгөнүнө тынчсызданууда.

Адамдын өнүгүүсүнө арналган конференцияда сүйлөгөн америкалык дипломат Тажикстанда жана бүткүл Борбор Азияда сөз эркиндигинин абалы оор бойдон калып жатканын билдирди.

Акыркы бир жылда Тажикстанда сегиз журналист жана блогер камакка алынды. Эки журналист өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болду. Эл аралык уюмдар Кыргызстандан иликтөөчү журналист Болот Темировдун чыгарып жиберилгенин, көз карандысыз маалымат каражаттарына басым болуп жатканын белгилешет. Өзбекстанда журналист Абдукадир Муминов камакка алынды. Казакстанда да жалган жалаага байланыштуу журналисттерге басым болуп жатканы айтылат. Түркмөнстанда цензурадан улам эркин маалымат каражаттары иштебейт.

ЕККУнун Варшавадагы он күндүк конференциясы 2-октябрда башталган. Ага кыргызстандык журналист Болот Темиров, парламент депутаты Дастан Бекешев да катышууда.

XS
SM
MD
LG