Москванын жээгиндеги Барвиха айылында президент Владимир Путинден башка жогорку чиндеги аткаминерлер, шоу-бизнес жылдыздарынын хансарайлары бар. Бирок атканада жашаган карапайым пенсионерлер президенттин эң жакын кошуналары. Аткана болгондо да өткөн кылымда 19-кылымда курулган. 80-жылдардан бери мында жашаган пенсионер Тамара Снегирева датын айтты:
- Падышанын мурдагы атканасы болгон экен бул үй. Өткөн кылымдын 54-жылы экинчи кабатын кошушкан. Коммуналка. 2002-жылы көчүрөбүз деп, ким кайда барарын айтып анкета толтурганбыз. Анан эч кайда көчпөй-этпей эле Путиндин дубалынын түбүндө жашап жатабыз. Кантип эле биздин жашообузду эч ким көрбөй калсын?
Үй сыртында кермеде жайылган кирлер, арыда башталгыч класстар окуган эки кабат мектеп, анын жанында азык-түлүк саткан чакан күркө, андан алыс эмес жерде чалдыбары чыгып, таштандыга ыргыган бир нече машине жана эмне экени түшүнүксүз эски жыгач курулмалар. Бул жолдун берки өйүзү.
Аркы өйүздү бойлой беш метрлик, ондогон камералар орнотулган бийик дубал. Анын ары жагы резиденция же Путиндин кызматтык хансарайы.
- Биздин үйдү оңдоп бербей жатышат. Убада эле беришет, аткарылбайт. Кошуналардын бири тигил жакта - Путинге жазган болчу. Ал жактан бизде капиталдык ремонт болгон деген жооп келди. Бирок эч нерсе болгон эмес. Шайлоонун алдында эле башка жакка көчүрөбүз деп кулакка кесме иле беришет,- деди Тамара Снегирева ашканада теңтуш кемпирлер менен отурган кезде.
Ашкана демекчи, кенедей бөлмөдө төрт үй-бүлөнүн тамагы жасалат. Даараткана, жуунучу жайлары да бир. Полго жыгач тактайлар төшөлгөн. Шып менен дубал ышка көөлөнгөн. Нымдын жыты да каңылжаарды жарат.
- Түр кагаз жабышпай, тез-тез сыйрыла берет. Нымдуулуктун айынан да,- деп анан ашканага тыгылгандар үй кереметтерин бирден санай башташат. Жазында нымдан дубал көгөрсө, күзүндө бүргө күчөйт. Үйдүн үстүн жаап, коммуналдык түтүктөрдү алмаштырганга сегиз миллиондой рубль бөлүнгөн. Түтүктөр алмашылбаптыр, үстүрт жабылган үйдүн чатырынан дале суу өтөт экен.
Сөз акырын саясатка оойт, дүйнөдө болуп аткан теракттар, андагы Путиндин ролу. Анан ага боор ооруй баштайт:
- Путинди деле аяйм. Иши көп да анын. Аракет кылып жатпайбы. Ал эми бизди көрбөйт да, иши көп. Ага кагазды, отчетту берип кутулушту да. Ал биздин атабыз. Жаныбызда жашайт. Бирок бул жардам бербейт.
Резиденциянын башкы дарбазасы мындан бир чакырымдай алыста, Калчугада. Бул жактагы дарбазасынан кыязы падыша сарайынын кызматкерлери кирип чыгышат окшойт.
- Интервью бергенибиз үчүн түрмөгө отургузбайбы, ыя? Бирок мага баары бир. Ал жактан тамак беришет да, - дейт ал ортодо сталиндик куугунтуктун четин көргөн, советтик тыюу кан-жанына сиңип, ачарчылык башынан өткөн башка бир байбиче тамаша-чыны аралаш.
Президент Путиндин бир ыптасында бир үйдө жашаган жыйырма чакты үй-бүлөнүн турмушу мына ушундай.