Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:16

Мигранттар: уктаганга убакыт жок


Москва.
Москва.

Москвада кыргызстандык айдоочунун кырсыкка кабылышы калкты иш менен камсыз кылуу саясатын, миграция жана коррупция маселесин күн тартибине алып чыкты.

Кыргызстандык мигрант Чыңгыз Анарбек уулуна байланышкан окуядан кийин Интернет коомчулугунда кыргыз бийлигинин дарегине сын күчөдү. Социалдык тармакта отургандардын көбү аткаминерлерди "акчаны гана эсептеп, миграция толкунун жоюуга аракет кылбайт" деп сындап жатышат.

Айрыкча анын милицияга берген сурагында 20 саат бою уктабай, иштеп жүргөнүн сындагандар да, "айласы жоктун иши" деп колдогондор да четтен табылат.

"Азаттык" Орусияда иштеген айрым мигранттардын оюн укту. Мурда такси айдап, азыр Москвада таксопарк ачып иштетип жаткан Самат кыргызстандык таксисттердин арасында уйкудан калып иштөө көндүм адатка айланганын айтып берди.

Анын сөзүнө караганда, өзгөчө Москвадагы футбол оюндарында акча таап калыш үчүн күндүр-түндүр тынбай иштегендер бар экен:

- Таксиде иштеп жүргөндө менде деле ошондой болчу. Күнүнө төрт саат уктоо кадыресе нерсе. Көбү эле ушинтип иштейт. Он эки сааттан ашык иштегенден кийин чыгымдар жабылат, андан кийин өзүңө акча чыгарыш үчүн иштейсиң. Таксисттер фирмалардан машинени ижарага алат, анын акчасын чыгарыш керек болот. Машинени ижарага алгандар анын классына жараша 1300 рублдан 2500 рублга чейин күн сайын төлөп турушат. 1200-1500 рублга май куюшат. Анан ошол чыгымдар жабылгандан кийин өздөрүнө акча чыгарыш үчүн иштеп, күн сайын орто эсеп менен 2 миң рубль табышат. Кээде андан көп болуп калат. Эгерде автоунаа өзүңдүкү болсо, анда чыгымдардан тышкары 3-5 миң рубль тапсаң болот. Алар ижара акы төлөбөйт, азыраак иштейт. Ижарага алгандар көп иштегенге аракеттенет, канча иштесе ошончо табат да. Фирмаларга таксисттер канча убакытта иштейт, айырмасы жок. Аларга ижара акысы күндө төлөнүп турганы эсеп.

Саматтын айтымында, Орусияда такси кызматында иштеген кыргызстандык мигранттар жыл сайын көбөйүп баратат. Бирок алардын айдоочулук тажрыйбасы көп учурда эске алынбайт:

- Мурда башка улуттар көп болчу. Азыр кыргызстандык таксисттер абдан көбөйдү. Такси чакырсаң да кыргыздар көп келет. Ак калпак кийип алып такси айдап жүргөндөр бар. Чоңураак фирмаларга машинени ижарага алуу боюнча кайрылсаң, алар аябай кылдат карашат. "Айдоочулук тажрыйба үч жылдан кем болбошу керек" деген талап коюшат. Чакан фирмалар карабай эле ижарага бере беришет. Мигранттардын арасында инисинин же агасынын айдоочулук күбөлүктөрү менен такси айдап жүргөндөр да бар. Же агасы машинени ижарага алат, аны менен иниси иштейт дегендей. Эч кандай тажрыйбасы жок эле Кыргызстандан келип, таксиде иштегендер толтура. Көбү жаш балдар.

"Чарчайм, бирок айла жок"

Негизи Орусияда иштеген мигранттардын ичинде таксисттер эле эмес, башка кесипти аркалагандар деле сейрек эс алганы айтылып келет. Айталы, Алия аттуу журтташыбыз жети жылдан бери чет жерде дүкөндө сатуучу болуп иштейт. Бул мезгил аралыгында беш-алты айда бир жолу эс алган учурлары көп болгон:

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

- Жыргаганымдан Орусияда иштеп жүргөн жокмун да. Кыргызстанда эки баламды ата-энеме калтырып кеткем. Аларды, ата-энемди, бир туугандарымды сагынам. 35 миң рублдай айлык алам. Анын жарымын балдарыма жиберем, батирге төлөйм, жеп-ичем. Калганын аз да болсо балдарым чоңойгуча үй-жай кылайын деп топтоп жатам. Орусиядагыдай орточо айлык акы 30-35 миң сом болсо, бөтөн элде темселебей жакындарымдын жанында эле иштейт элем. Бул жактын 10 миң сомдой айлыгы эмнеге жетет? Кечке туруп иштейм, буттарым ооруп чыгат. Чарчайм, бирок айла жок. Бир чети мага дем алышсыз иштеген ыңгайлуу. Анткени бош убактым болсо эле балдарымды сагынып, кусаланып, санаага бата берем. Ошого эртең менен эрте кетип, түндө чарчап барып уктап, кайра туруп жумушка келип күн өткөрөм.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы жумушсуздуктун айынан жакшы жашоо издеп чет мамлекеттерге чыгып кеткен жарандардын саны 800 миңдин тегерегинде экенин билдиргени менен, иш жүзүндө алардын саны миллиондон ашып кеткени айтылып жүрөт.

Буга чейин чет жактардагы мигранттардын укуктары тебеленип, алар айлыктарын убагында ала албай калган учурлар да болгон.

Орусиядагы мигранттардын ичинде Кыргызстандын расмий өкүлчүлүктөрүнө ашыкча иштеп, эмгек укуктары бузулуп жатканы тууралуу кайрылгандар дээрлик жокко эсе. Көбү маяна ала албай калган учурларда гана даттанышат.

Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Улан Шамшиев укуктардын сакталбай жатышына негизинен мигранттар өздөрү себепкер деген оюн билдирди:

- Жарандарыбыз көп учурда эмгек келишимин түзбөй эле иштей беришет. Алардын кызыкчылыктарын коргоодо эмгек келишиминин жоктугу бизге кыйынчылык келтирет. Жумуш берүүчүлөр салык төлөөдөн качып, мигранттарды келишимсиз ишке алышат. Маселе ушундан чыгып жатат.

Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...

​Мигранттар: иште да, төрөттө да бөтөн паспорт...

Мигранттардын айтымында, жасалма кыргыз паспортун метро-вокзалдардагы далдалчыларга жасатып алуу текейден арзан. Андан тышкары ич ара паспорт алмашып, бирөөнүн паспорту менен жумушка орношкондор, жадакалса чоочун адамдын паспорту менен ооруканага катталып, төрөгөндөр да кездешет.

Анткен менен кыргызстандык таксист жол кырсыгына кабылгандан кийин мигранттардын ар кандай татаал тагдырлары үчүн бийлик башындагыларды жектегендер арбып жатат.

Орусияда иштеген Сапарбай Жолдошалиев "Кыргызстан коррупциянын айынан өнүкпөй, өлкө өз жарандарын маянасы жакшы иш менен камсыздай албай жатат" деген пикирде:

- Бир миллионго жакын кыргызстандык чет өлкөдө жүрөт. Ошонун себеби - коррупция, мамлекеттеги паракорчулук. Бизге Кыргызстанда уурулардын кереги жок. Алардын айынан канча жаштар темселеп жүрүшөт?

Антсе да коомчулукта кыргызстандыктарды кайсы жерде болбосун мыйзам сактоого чакыргандар да бир топ.

Миграция тармагы боюнча эксперт Алмазбек Асанбаев мамлекеттик органдардагы коррупция мигранттарга да таасир этип жатканын белгилеп, жарандарды өз ишине так болууга үндөдү:

- Бул маселе эмнеден улам чыгып жатат? Аны өзүбүздөн көрүшүбүз керек. Акыркы окуядан улам мисалга алсак, көптөгөн айдоочулар жакшы окубай эле рулга отурушат. Анын кесепетинен жол эрежелерин сактабайт. Айдоочунун 20 саат рулда жүрүшү эч кандай эрежеге туура келбейт. Кыргызстанда болобу, Орусияда болобу, Америкадабы же башка мамлекеттеби - айырмасы жок. Муну "Москвада же дагы башка жакта болуптур" деп бөлүп кереги жок. Кыргызстандын ичинде эле канча деген жол эрежелерин бузуп жатабыз? Демек, ар бир айдоочу жол эрежесин бузбоого тийиш. Биз бул тармакта паракорчулукту токтотушубуз керек. Айдоочулук күбөлүк берүүдө сынакты өтө кылдат өткөрүү зарыл. Бир аз тыйынга алданып, канча деген элдин тагдырына балта чабылып жатпайбы. Эми Чыңгыздын жоопкерчилиги ал коюп кеткен адамдардын канчалык деңгээлде жабыр тартканына жараша. Эгерде алар "эч кандай дообуз жок" дешсе, Чыңгыз оор жазага тартылбайт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги билдиргендей, 2017-жылдагы статистикада жумушсуздардын саны 192 миңден ашкан. Расмий эмес эсептерде каттоого алынбаган жумушсуздар мындан бир канча эсе көп болушу мүмкүн. Мындан тышкары жылына жүздөгөн студенттер жогорку окуу жайларын бүтүрүп, дипломдуу "жумушсуздардын армиясын" толуктайт. Алардын арасында деле Кыргызстанда маяна жашоого өп-чап гана жетээрин айтып, чет жактарга чыгып кеткендер көп учурайт. Кыргызстанда азыр орточо айлык 10-12 миң сомдун тегерегинде.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG