Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Чыңгызга мекендештери кол суна баштады


Чыңгыз агайы Улан Кошматов менен.
Чыңгыз агайы Улан Кошматов менен.

Москвада топтошкон элди автоунаа менен сүзүп алган Чыңгыз Анарбек уулуна мекендештери кол сунууда.

Москва шаарында сегиз киши жабыркаган жол кырсыгына байланыштуу кармалган Чыңгыз Анарбек уулуна Орусиядагы жана Кыргызстандагы мекендештер материалдык жардам чогулта баштады. Ошол эле учурда анын уктабай, такси айдап жүргөнүн айыптап, "кырсыкка ал өзү күнөөлүү" дегендер бар. Арасында Чыңгыз муну атайылап кылбаганын белгилеп, киши өмүрү кыйылбаганына шүгүр кылыш керек экенин жазгандар да болду.

Кыргыз өкмөт башчысы болсо кырсыкта жабыркагандарды Ысык-Көлгө келип эс алып кетүүгө чакырды.

Коомчулук 28 жаштагы Чыңгыз Анарбек уулуна “Фейсбукта” #ЧыңгызМуңайба – деген хэштег менен тилектештик билдирип атат. Ал эми орусиялык айрым интернет колдонуучулар болсо аны “террорчу” деп шек санап, Борбор Азиядан барып иштеп жүргөн мигранттардын “тизгинин тартуу” демилгесин да көтөрүп жиберишти.

Чыңгыздын апасы Зумураткан Манапбаева Москвага, уулуна жөнөр алдында журналисттер аркылуу кыргыз элине ыйлап кайрылган эле:

Зумурат Манапбаева, сүрөт "Фейсбук" колдонуучусу Жылдыз Осмонова жарыялаган видеодон алынды.
Зумурат Манапбаева, сүрөт "Фейсбук" колдонуучусу Жылдыз Осмонова жарыялаган видеодон алынды.

- Кыргыз элимден, Москвадагылардан суранайынчы. Балама жардам бергиле! Каргаша басып, ушундай болду. Уулум кичинесинен спорт менен машыгып келген, колумда медалдарын көтөрүп жүрөм...

Чыңгыздын окуясы - ушул күндөрү социалдык тармакта талкууга түшкөн негизги темалардын бири. Кыргызстандыктардын арасында аны колдогондор көбүрөөк. Бишкектин тургуну Бактыгүл Момбекова мекендештерин бул жагдайга кайдыгер карабоого үндөдү:

Бактыгүл Момбекова.
Бактыгүл Момбекова.

- Чыңгыз муну атайын жасаган жок. Турмуш-шартка байланыштуу, көбүрөөк акча иштеп табуу максатында жүрүп, 20 саат бою уктабай, аягында ушундай кырсыкка кабылды. Бардык кыргызстандыктарды Чыңгызды колдоого чакырам.

Ошол эле учурда жоопкерчиликти Чыңгыздын өзүнө жана ал иштеген "Чекпоинт" такси фирмасына койгондор да бар. Алардын бири Талас облусунун тургуну Сүйүндүк Асанов:

- Чыңгызга менин да боорум ооруп турат. Бирок ал эрежени бузду, моюнга алышыбыз керек. Такси айдаган адамда жоопкерчилик болушу зарыл. 20 саат бою уктабай, иштегени – чоң катачылык. Чыңгызга иш берген такси компаниясында да чоң жоопкерчилик бар. Тынымсыз иштеп жаткан кызматкерин көзөмөлдөп коюшу керек эле.

Ал арада Чыңгызды жалгыз калтыргысы келбегендер акча топтой баштады. Демилгечилердин бири, активист Акбалык Жумалиева акча каякка жумшалаарын түшүндүрдү:

Акбалык Жумалиева.
Акбалык Жумалиева.

- Топтолгон акча негизинен жараланып, ооруканага түшкөн чет элдик жарандарга компенсация жана дары-дармек катары жумшалат. Анткени ал өзү таксист болуп эмгектенсе, 20 саат уктабай иштеп жатса, акча жетишсиз болсо керек. Эл ошону түшүнүп колунан келген жардамын берип жатат.

Жумалиеванын айтымында, каалоочулар орусиялык банктарга барып, карта номери 4276380052214405 эсебине акча жөнөтсө болот. Карта ээси Асел Лабаева. Учурда 15 миң сомдон ашык каражат чогулду.

Чыңгыз Анарбек уулу спортчу экенин, панкратиондо, эр урушта ийгиликке жетип жүргөнүн анын жакындары айтып, ал жеңүүчү болгон таймаштардагы сүрөттөрдү жарыялап атышат.

Кыргызстандын ММА жана панкратион федерациясынын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Чыңгыздын агайы Улан Кошматов акча чогултуу жакшы демилге экенин, бирок ар кимдин каражат топтой бергени туура эмес болуп каларын белгиледи:

Улан Кошматов.
Улан Кошматов.

- Кеңешип алыш керек. Ар ким ар түрдүү банк эсебин сунуш кылса, эл ишенбей калат. Кеңешпей иш кылуудан улам Интернетте терс маанайдагы ой-пикирлер жазылат. Ар ким өз картасындагы эсепти жарыялап, акча топтогону туура эмес болуп калат.

Кошматов "Сбербанктагы" 5469380048283518 жана 4276380032669918 эсептерин сунуш кылды. Бул эсептер Чыңгыздын жакындарына таандык.

Ал эми "Замандаш" саясий партиясынын Орусиядагы жана Москвадагы өкүлчүлүгү адвокат жалдап, төлөмдөрүн моюнга алганын партиянын басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыз өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев кырсыкта жабыркагандарды Ысык-Көлгө алып келип, эс алдыруу каалоосун билдирди.

- Жол кырсыгынын кесепетинен бир нече адам, анын ичинде футбол күйөрмандары жабыркаган. Бул абдан өкүнүчтүү бирок, атайын жасалган жок. Бул кырсык. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан жол кырсыгынан жабыркагандардан кечирим сурап, аларды Кыргыз Республикасына эс алууга жана реабилитациядан өтүүгө чакырууну өтүнөм. Бизде саламаттыкты калыбына келтирүү жана кызыктуу эс алуу үчүн мыкты шарттар бар. Биз жабыркагандардын учуу жана эс алуусун уюштуруу боюнча бардык чыгымдарын өзүбүзгө алууга даярбыз​.

Ал ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге жакын арада Москвага барып, жабыркагандардын абалын көрүп келүүнү тапшырды.

Кырсыктан кийинки көрүнүш.
Кырсыктан кийинки көрүнүш.

16-июнда Москвада такси айдаган кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулу автоунаасын башкара албай, жолдун четиндеги бир нече адамды сүзүп кеткен. Киши өмүрүнө зыян келген эмес, бирок сегиз адам жараат алып ооруканага кайрылган. Арасында Орусияда ушул күндөрү өтүп жаткан дүйнөлүк футбол чемпионатын көргөнү келген мексикалык күйөрмандар да болгону, алардын абалы оор эмес экени айтылган.

Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин ("Жолдо жүрүү жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу") негизинде иш козголуп, Москванын полициясы тергеп жатат. Бул беренеге ылайык кылмыш кылган адамды эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Алгачкы суракта Чыңгыз адамдарды атайын сүзбөгөнүн, адашып, тормоздун ордуна газды басып алганын айтканы, спирт ичимдиктерин ичпегенин жана буга чейин жол эрежесин бузбаганын билдиргени да кабарланган.

Жагдайды Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Орусиядагы элчилик көзөмөлгө алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG