Ал документтин геосаясий маңызы эмнеде? Стратегиялык өнөктөш өлкөлөрдүн кызыкчылыгы эске алынганбы? Келечекте кыргызстандык мигранттарга концепциянын кандай оң-терс таасири болушу мүмкүн? Кыргызстандын өзүнүн миграциялык саясаты кандай болушу керек?
Бул суроолорго Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов жооп берди.
«Азаттык»: Аскар мырза, Орусиянын миграциялык саясатынын президент Путин кол койгон жаңы концепциясы мурдагы документтерден кандай максаттары, принциптери, милдеттери менен айырмаланат? Кандайдыр жаңы саясатты байкооого болобу?
Аскар Бешимов: Орусиянын миграция боюнча мурдагы концепциясы 2012-жылы кабыл алынган. “Эмнеге алты жыл өткөндөн кийин жаңы концепция жазылды?” деген суроо туулат. Анткени андан бери геосаясатта чоң өзгөрүүлөр болду, жаңы кырдаалдар келип чыкты.
2015-жылы Евразия Экономикалык Биримдиги толугу менен ишке кирди. Ал уюмдун негизги идеясы – анын курамындагы мамлекеттердин аймактарында эмгек ресурстарынын, жумушчу күчтөрүнүн эркин жүрүшү. Демек, миграция процессине түздөн-түз тиешеси бар.
Экинчиден, азыр Орусияда эки жарым миллиондон ашык Украинанын жарандары качкын катары жашап жатышат. Алар эки жылдан бери жарандык ала албай абдан кыйналышууда, ал да Орусия үчүн чоң саясаттын маанилүү фактору. Бул маселе да миграция саясатына өзгөртүүлөрдү киргизиши мүмкүн.
Мындан тышкары, Орусиядагы демографиялык маселе дагы эле абдан оор. Анын бир аймагында төрөт аз болсо, экинчисинде көп. Адамдар жапырт көчүп кеткендиктен айрым аймактар ээн калган. Концепцияда так иш-чаралар же башка иштер жазылбайт, анда жалпы көз караштар келтирилет. Эми орус өкмөтү концепцияга ылайык так иш-чараларды белгилейт.
«Азаттык»: Албетте, ар бир өлкөнүн ички жана сырткы миграциясы болот. Ушул эки багыттагы саясатты жөнгө салууда Орусия кандай негизги позицияларды, багыттарды белгилейт?
Аскар Бешимов: Жаңы концепция боюнча негизги басым сырткы миграцияга коюлуп жатат. Анда Орусияга сырттан интеллигенцияны ачык эле чакырып жатышат. Орус тилин билген, орус маданиятын сыйлаган, өз келечегин Орусия менен байланыштырган билимдүү, илимдүү, маданияттуу адамдарга, адистерге жеңилдиктер көп болору ачык айтылып жатат. “Жарандык оңой жол менен берилет” деп жатышат. Бул концепциянын идеясы миграциялык процесстин экинчи толкунун жаратышы мүмкүн.
«Азаттык»: Мисалы, Орусияда Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактарындагы жумушчу орундарды Кытайдан жана Борбор Азиядан келген мигранттар ээлеп жатканы орус саясатчыларын тынчсыздандырып жатканын билебиз...
Аскар Бешимов: Азыр концепцияда миграция боюнча жалпы көз караштар айтылганы менен аны ишке ашырууга келгенде мыйзамга бир топ чектөөлөр киргизилиши мүмкүн. Азыр Орусия эки ача жолдун - “Орусиянын аймагы бир жарым миллиарддык Кытайга ачалыбы же мурдагы СССРдин орус тилдүү жарандарына ачалыбы?” деген суроолордун ажырымында турат. Жарандык алуудагы көп бюрократиялык жана коррупциялык элементтерди жоюуга аракет кылып жатышат.
«Азаттык»: Аскар мырза, акыркы жылдары Орусиянын жарандыгын алуу бир топ татаалдашканын билебиз. Бирок бул концепцияда Орусияга кирүүдө виза алуу жана өлкөдө туруктуу иштеп калгандар үчүн жеңилдиктер, Орусиянын жарандыгын алууну жөнөкөйлөштүрүү да белгиленгени айтылат. Кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?
Аскар Бешимов: Менимче, орус тилин билген, адистиги бар адамдарга биринчи иретте жеңилдик берилет. Жетимиш беш адистиктин тизмесин жарыялашты, аларга артыкчылык болот. Андай жеңилдиктер менен чакырып жаткандан кийин Кыргызстандан илимдүү-билимдүү адамдарынын чыгып кетүү коркунучу келип чыгат.
Биздин жарандар Орусияга агылып кетсе, алардын ордун кытай жарандары ээлеп калуу коркунучу турат. Кытайлыктар өздөрү курган “Жунда” заводунда ж.б. ишканаларга, долбоорлорго өздөрү насыя берип, өздөрүнүн адамдары менен ал акчаны өздөштүрүшүп, каражаттарды өлкөдөн чыгарып кетип жатышпайбы. Ошол ишканаларда иштей турган кыргыз жумушчуларынын баары Орусияда иштеп жүрүшөт. Ошондон улам айтарым - Кыргызстан да өз улуттук кызыкчылыктарына төп келген миграциялык саясат жүргүзүшү керек.
(Маектин толук вариантын ушул жерден угуңуз)